00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стимул
Музыка менен тарбияланган балдар гений болобу? Кыргыздын жашоосунда музыканын орду
15:08
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стоп кадр
"Окен ава" — жайдын элдик комедиясы
17:08
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Меняющие мир
Аскар Салымбеков: «Человек должен постоянно совершенствоваться»
18:06
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда 2015-жылдан бери 80,4 миң даана алтын куймасы сатылганын Улуттук банк билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 426 кг алтын куймасы кайра Улуттук банкка сатылган. Бул дээрлик 44 миң даана куйманы түзөт. Алтын куймаларын сатып алуунун эң жогорку көрсөткүчү былтыр катталган. 2025-жылы дээрлик 40 миң даана алтын куйма сатылып, 18 миңден ашыгы кайра өткөргөн. Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу иштерин 2015-жылдын май айында баштаган. Максаты — элге каражатын инвестициялоого мүмкүнчүлүк берүү.
Кыргызстанда өтө турган ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жайларга көчмө госпиталдар уюштурулуп, анда 600дөн ашык медицина кызматкери иштейт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Министрликте медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жөндөй турган ыкчам штаб түзүлгөн. Ошондой эле медициналык бригадаларды, дары-дармектерди, жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын камдашты. Мындан тышкары, коноктор жайгаша турган, тамактана турган жана эс ала турган жайлар, ошондой эле ичүүчү суунун сапаты санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынарын айтышты.
Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу дайынсыз болууда. Бул тууралуу Беларустун ОНТ телеканалы билдирди. Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан туристтердин экөө — Беларустун жарандары. Альпинисттер Корумду чокусунун (Алай району) Түндүк кыркасы аркылуу өткөн татаал маршруттун аягына чыккан соң байланышка чыкпай калышкан. Телеканалдын маалыматына караганда, учурда издөө операциясы башталууда. "4-августта альпинисттер чокуга ийгиликтүү чыгып, оператор менен байланышкан. Алар түшүүгө толук даяр экенин билдирип, базалык лагерге карай жолго чыккан. Бирок белгиленген убакта көзөмөл пунктуна жеткен эмес. Учурда алар менен байланыш жок болууда", — деп билдирди ОНТ телеканалы. Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы Кыргызстандагы кесиптештерине дайынсыз болуп жаткан топту издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Кыргызстандын ӨКМи азырынча кырдаал боюнча үн ката элек.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресске Түркияда жайгашкан америкалык курал-жарак системаларын Украинага өткөрүп берүү пландалып жатканын кабарлады. Алардын арасында MLRS залптык реактивдүү системаларынын учуруучу түзүлүштөрү жана ATACMS баллистикалык ракеталары бар. Бул тууралуу Конгресстин расмий документтеринде айтылганын РИА Новости жазды. "Тиркелген документте көрсөтүлгөн келишим Украинанын өкмөтүнө 12 даана M270 MLRS үлгүсүндөгү залптык реактивдүү системасынын учуруучу түзүлүшүн, чачырап жарылган ок-дары (DPICM) менен жабдылган 2524 даана M26 пилотсуз ракетасын жана 203 мм калибрдеги DPICM менен жабдылган 47 миң M509A1 снарядын кайтарымсыз өткөрүп берүүнү карайт", — деп документте айтылат. Россия Украинага курал берүүнүн өзү абалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн от менен ойноп, жаңжалга аралаштырарын эскертип келет. ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинага курал-жарак ташыган бардык күчтөр расмий түрдө РФтин Куралдуу күчтөрүнүн бутасына айланарын айткан. Кремль Батыштын Украинаны курал-жарак менен камсыздаган адаты жакшылыкка алып келбешин, сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизерин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0