00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тумоологон балдар көбөйдү. Бишкекте бейтапканалар дем алышсыз иштейт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБаланы карап жаткан дарыгер. Архив
Баланы карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Үй-бүлөлүк медициналык борборлор мурда ишембиде түшкө чейин иштесе, эми кечке чейин оорулууларды кабыл алат. Ал эми жекшембиде түшкү экиге чейин болушат.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте курч кармаган вирустук респиратордук инфекциялар (КРВИ) көбөйүп жаткандыктан үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күнү да иштемей болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, КРВИге чоңдор да, балдар да кабылып жатат. Бирок көбүнчө 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар.
"Бүгүн чогулушта үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күндөрү да иштейт деген чечим чыгардык. Алар мурда ишембиде түшкө чейин иштесе, эми кечке чейин оорулууларды кабыл алат. Ал эми жекшембиде түшкү экиге чейин болушат. Ошондой эле процедуралык кабинеттер күндө саат 20:00гө чейин иштейт", — деди Исмаилова.
Ал, мындан сырткары, Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасында кабыл алуу күчөтүлгөнүн айтып, дем алыш күндөрү үй-бүлөлүк медициналык борборлордун дарыгерлери жиберилип турарын кошумчалады.
Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов кайрылган балдардын көбү сасык тумоо болуп жатканын билдирди.
Ооруканада бөбөктү карап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Сыркоологон балдардын ичи өтүп, кусуп жатат. Коронавирус эмеспи?
"Кечээ ооруканага 702 оорулуу кайрылса, анын 348и соматикалык оорулар (КРВИни да камтыйт) экен. 42 бейтап жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилди. Негизи ата-энелер үй-бүлөлүк медициналык борборлорго барбай эле дароо бизге келип жатышат, муну өздөрү деле айтууда. Биздин ооруканага адатта жатам дегендер келет, анан келген кишини да кетире албайт экенсиң. Азыр күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз, Бишкектен сырткары, Чүйдөн да келишүүдө", — деди Маманов.
Башкы дарыгер балдар арасында сасык тумоо менен КРВИнин өсүшүнө акыркы учурда аба ырайынын кескин өзгөрүшү, мектеп, окуу жайлардын ачылып кыймылдын көбөйүшү, ошондой эле шаардыктардын аралыкты сактабай, бет кап тагынбай жатышы себеп экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0