Бейшеналиев: "Ысык-Көл тамырына" жасалган клиникалык тажрыйба соңуна чыкты

© Sputnik / Жоомарт УраимовУу коргошундун кайнатмасы. Архив
Уу коргошундун кайнатмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Депутат Сайдулла Нышанов министр жоопкерчиликти алууга үйрөнүшү керектигин айтып, Бейшеналиев мыкты хирург болгону менен жетекчилик кызматты алып кете албай жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Ысык-Көл тамырына" (уу коргошун) жасалган клиникалык тажрыйбалар соңуна чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып бүгүн кечке жуук уу коргошунду ичкен 300-400 адамды топтой турганын кабарлады. Анын айтымында, "Ысык-Көл тамыры" иммунитетти көтөрүп, жөтөлгөндө какырыкты чыгарып, кандагы канттын деңгээлин түшүрөт. Ал, ошондой эле, аконит шишиктин өсүп кетишине жол бербей турганын белгиледи.
"Клиникалык изилдөөлөр соңуна чыкты. Биз анын жыйынтыгын профессорлор менен окумуштууларга жөнөттүк. Жообун күтүп жатабыз", — деди ал.
Ал эми депутат Сайдулла Нышанов министр жоопкерчиликти алууга үйрөнүшү керектигин айтып, Бейшеналиев мыкты хирург болгону менен жетекчилик кызматты алып кете албай жатканын белгиледи.
Пресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Министр Бейшеналиев: менден өткөн мыкты адис табылса креслону бошотуп берем
"Дүйнө жүзүнө шылдың болдук, элди уят кылдыңыз. Сиз балким кетип каласыз, бирок аракетиңиз мамлекетке чоң сокку болду. Сизди президент колдосо колдоп жаткандыр, бирок сиз аны буга аралаштырбай жоопкерчиликти өзүңүз алыңыз. Сиз Россиянын президенти Владимир Путин уу коргошун боюнча Садыр Жапаровдон өзү сураганын айтып чыктыңыз. Бардык нерсенин чеги болушу керек. Же сиз, же парламент кетиши керек", — деди эл өкүлү.
Бейшеналиев болсо "Ысык-Көл тамыры" жөнүндөгү маалымат ал аркылуу жайылбаганын белгилей кетти. Анын айтымында, журналисттер бейтаптарга уу коргошунду берип жаткан дарыгерлер тууралуу сурай баштаганда ал министр катары жооп берген.
"Россияга болгон сапардан кийин биз Садыр Нургожоевич менен отурганбыз… Путин чын эле сураган. Ал эми Жапаров клиникалык изилдөөлөр жүрүп жатканын айткан", — деди ал.
Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24-май күнкү Сочи шаарындагы жолугушуу учурунда Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровдон уу коргошун тууралуу өзү сураганын айткан. Ал уу коргошунду мурда колдонгон россиялык окумуштуулар менен анын касиетин талкуулап, коронавируска каршы каражат катары биргеликте изилдеп көрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалаган.
Кийин Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учурда уу коргошун темасында сөз болбогонун айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0