00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
5 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
19:55
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Спички и Транспортир
20:06
42 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Таберик
Мен билген Чалагыз...
09:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Структура личности
Самые красивые места для зимнего туризма в Кыргызстане
10:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кол өнөрчүлүк, микроскоп, брендөө. Жаш ойлоп табуучулар фестивалы кандай өттү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
2024: борьба с экстремизмом, политика памяти и языковое законодательство
12:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сан эмес сапатка басым кылуу керек - Асыл тукум мал асыраган кирешелүүбү?
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Жапаров Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн эки күндөн бери бардык аракеттер жасалып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, кыргызстандыктарга Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады.
Төмөндө президенттин кайрылуусунун толук тексти:
"Урматтуу мекендештер!
Чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга күч үрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам кыргыз-тажик чек арасында калабалуу окуялар башталып кетти.
Биз бул окуяларды ырбатпай, Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн эки күндөн бери бардык аракеттерди жасап жатабыз.
Чек ара тилкесин аныктоо — карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе.
Дүйнө элдеринин тарыхы буга күбө.
Мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келген.
Тажик Республикасынын жетекчилери, байыркы тажик элинин акылгөй адамдары дагы ушундай эле көз карашта экенине ишенемин.
Биздин элдерге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бирин бири урматтоо мүнөздүү.
Буга биздин көп кылымдык тарыхыбыз далил.
 Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагындагы Ак-Сай айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Баткенде абал турукташууда, Төрт-Көчө жолу ачылды. Соңку маалымат
Эки элдин достугу "Манас" эпосунда Манас атабыздын Каныкей апабызга сүйүүсү, арзуусу аркылуу чагылдырылгандыгы тегин жерден эмес!
21-кылымда кыргыз менен тажик элдери ынтымакта жашоонун өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш.
Буга биздин коңшу болгонубуздан сырткары, табигый ресурстарга ээлик кылганыбыз да милдеттендирет.
Мен асыресе суу маселеси жөнүндө айтып жатам.
Себеби Кыргызстан менен Тажикстан таза суунун запастарына ээлик кылуу жагынан алдыңкы орунда турган өлкөлөрбүз.
Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди.
Эки тараптан тең чоң жоготуулар болду.
Учурдан пайдаланып, жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Мекен чегин коргоодо жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылам.
"Согушту башташ оңой, токтотуш оор" деп айтылат.
Тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат.
Бир нече жылга созулган жарандык согушту баштан кечирген тажик эли дагы муну жакшы түшүнөт деген ойдомун.
Улуу Орозо айында мусулман калктарынын кырды бычак болуп кырылышып турганы жакшы жосун эмес. Ошондуктан бардык тараптарды тынчтыкка чакырамын.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Путин Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчу болууга даяр
Азыр эле Тажикстандын Президенти Эмомали Шарипович менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
Чек аралар жана башка бардык маселелерди тынчтык жолу жана сүйлөшүүлөр менен чечип алалы деп келиштик.
Эс тутумум жаңылтпаса, мындан 16 жыл мурда бүгүнкү күндөгү көйгөйдү эскерттим эле.
Тагдырдын буйругу менен дал ушул көйгөйдү чечүү менин өз мойнума туш келген экен.
Кудай буюрса, жакынкы араларда чечишип алабыз.
Учурдан пайдаланып, "Баткенге барабыз, элибизге жардам беребиз" деп демилге көтөрүп жаткан жаштарыбызга, мекенчил жарандарыбызга ыраазычылык билдиремин жана эмоцияга алдырбооңуздарды суранам.
Баарын тынчтык жолу менен чечип алалы!".
Жаңылыктар түрмөгү
0