Өкмөттүн аппарат жетекчиси ТЭЦтеги көйгөйлөрдү талкуулады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкектеги ТЭЦтин иши менен танышты
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкектеги ТЭЦтин иши менен танышты  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Воропаев жылуулук борборун модернизациялоонун алкагында эски станциядан демонтаждалган металлдарды ЖЭБдин аймагынан ташып чыгаруу маселесине жардам берүүнү өтүндү.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборуна барып, көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункттун иши менен танышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборуна барып, көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункттун иши менен танышты
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборуна барып, көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункттун иши менен танышты - Sputnik Кыргызстан
1/5
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборуна барып, көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункттун иши менен танышты
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭлектр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматына караганда, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө
Электр станциялары ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматына караганда, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө - Sputnik Кыргызстан
2/5
Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматына караганда, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевОтун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген
Отун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген - Sputnik Кыргызстан
3/5
Отун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар
Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар - Sputnik Кыргызстан
4/5
Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек
Аманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек - Sputnik Кыргызстан
5/5
Аманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек
1/5
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборуна барып, көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункттун иши менен танышты
2/5
Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматына караганда, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө
3/5
Отун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген
4/5
Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар
5/5
Аманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматына караганда, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө. Отун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар.

Аманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек.

"Калкты кышында жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу — өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Биз Бишкек шаарындагы турак жайлардын 80 пайызын жылуулук менен камсыз кылган ЖЭБдин иштөөсүн, кышкы максималдуу жүктөмүн, отундун корун жана көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүү максатында келдик. Жылытуу мезгилинде калкты, анын ичинде социалдык жана башка объектилерди электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өзгөчө маани берүү керек. Кандайдыр бир авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул жумуштарга толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу талап кылынат", — деп белгиледи Аманбаев.

Ошондой эле өкмөт аппаратынын жетекчиси Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси Андрей Воропаев менен ТЭЦтин көйгөйлүү маселелери жана аларды чечүүнүн жолу боюнча сүйлөштү.

Воропаев жылуулук борборун модернизациялоонун алкагында эски станциядан демонтаждалган металлдарды ЖЭБдин аймагынан ташып чыгаруу маселесине жардам берүүнү өтүндү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Бишкек ЖЭБинин иши менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңешинин катчысы ТЭЦтин ишин көрүп, даярдыгын текшерди
"Мурдагы эски станциянын демонтаждалган металлдары үч жылдан ашык убакыттан бери ТЭЦтин аймагында экен. Анын көлөмү 14 миң тоннага жакын. Бул өз кезегинде ЖЭБдеги энергетиктердин ишине тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан тармактык мамлекеттик органдар металлдарды жылуулук борборунун аймагынан ташып чыгарууну шарттаган өкмөттүн токтом долбоорун даярдоого тийиш", — деди Аманбаев.

Эскерте кетүүчү жагдай, Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык объект. Бишкек ЖЭБи борбор калааны ысык суу жана жылуулук менен гана камсыздабастан, кышкы суукта 7-8 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0