COVID-19дун экинчи толкуну. Өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер Эльвира Сурабалдиева Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген ооруканага барган
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген ооруканага барган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Сурабалдиева Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өткөн ооруканага барып, дарыгерлер менен жолугуп, алардын ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Коронавирустун экинчи толкунуна карата өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКоронавирустун экинчи толкунуна карата өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет
Коронавирустун экинчи толкунуна карата өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет - Sputnik Кыргызстан
1/4
Коронавирустун экинчи толкунуна карата өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАга ылайык, бүгүн вице-премьер Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген ооруканага барган
Ага ылайык, бүгүн вице-премьер Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген ооруканага барган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ага ылайык, бүгүн вице-премьер Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген ооруканага барган
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСурабалдиева дарыгерлер менен жолугуп, алардын ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген
Сурабалдиева дарыгерлер менен жолугуп, алардын ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген - Sputnik Кыргызстан
3/4
Сурабалдиева дарыгерлер менен жолугуп, алардын ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер дары-дармектин запасы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алганын белгилеген
Вице-премьер дары-дармектин запасы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алганын белгилеген - Sputnik Кыргызстан
4/4
Вице-премьер дары-дармектин запасы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алганын белгилеген
1/4
Коронавирустун экинчи толкунуна карата өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет
2/4
Ага ылайык, бүгүн вице-премьер Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген ооруканага барган
3/4
Сурабалдиева дарыгерлер менен жолугуп, алардын ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген
4/4
Вице-премьер дары-дармектин запасы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алганын белгилеген

Ага ылайык, бүгүн вице-премьер Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген ооруканага барган. Сурабалдиева дарыгерлер менен жолугуп, алардын ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.

"Кыйын учурда, айрыкча кызыл зонадагы дарыгерлер жана ыктыярчылар бир муштумга биригип, чоң жардам бердиңиздер. Сиздерге мамлекетибиздин атынан чоң ыраазычылык билдирем. Учурда дүйнө жүзү боюнча пандемиянын экинчи толкуну болжолдонууда. Эпидемиологдор оорунун өнүгүү сценарийлерин талдап, дартты жеңүү жолдорун карап жатабыз. Дарыгерлер менен ыктыярчылар көзгө көрүнбөгөн душман менен алышууда", — деди Сурабалдиева.

Вице-премьер дары-дармектин запасы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алганын белгилеген.

"Оорукана жетекчилерине дагы бир ирет кайрылып кетем. Кызыл зонада иштеген медиктерге дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары жана бет кап жетиштүү болушу керек. Дарыканаларда дары-дармек жетиштүү болгону менен оорукананын ичинде иштеген медиктерге жетпей жаткан учурлар болду. Келечекте республика боюнча толук маалыматты камтыган атайын сайт түзүү пландалууда. Анда ар бир дарыгердин муктаждыгы, дары-дармектер кандай иретте бөлүштүрүлүп жатканы толугу менен көзөмөлгө алынат", — деди ал.

Пульмонолог: дарыгер айтмайынча компьютердик томография, рентгенге барбагыла!

Вице-премьер Токмок шаардык ооруканасынын коронавирус менен күрөшүүдөгү өзгөчө ордун белгилеп, дарыгерлердин ишине ийгилик каалады. Ошондой эле маселе жаралса, тийиштүү органдар менен биргеликте көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0