00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Главные темы Евразийского форума и саммита Высшего совета ЕАЭС: о выгодах и новых уровнях торговли
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда дары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө уруксат берилди — жаңы мыйзам кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын мектептеринде балдар жана ата-энелер үчүн туура тамактануу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Пульмонолог: дарыгер айтмайынча компьютердик томография, рентгенге барбагыла!

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ГКБ № 52
Госпиталь COVID-19 в ГКБ № 52 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер үй шартында дарыланып жаткандарга антибиотикти, гормоналдык дарыларды ашыкча колдонбоону сунуштады.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Дарыгердин көрсөтмөсү жок рентген менен компьютердик томографияга түшө бербегиле. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Дарыгер оору башталган алгачкы күндөрү баары бир рентген менен компьютердик томография эч нерсе көрсөтпөй турганын белгиледи.

"Коронавирус менен сасык тумоонун белгилери аябай окшош. Аны айырмалай билүү кыйын. Ал тургай мага ооруган бейтап кайрылса, аныкы коронавирус экенин же сасык тумоо экенин аныктай албайм. Ошондуктан сасык тумоонун белгилери байкалган учурда да үйдөн чыкпай, өзүн-өзү изоляцияга алуу керек. Бир нерсе болсо эле рентген, компьютердик томографияга чуркап жатышат. Бирок ал жакка оору жаңы башталганда баруунун кажети жок. Аппараттар бул убакытта эч нерсени аныктап, көрсөтө албайт. Дарыгер айткандан кийин баргыла деп сунуштайт элем. Анын үстүнө кезекке турганда башкаларга оору жугузат же өзүнө жуктурат. Эгер оору жеңил формада өтүп жатса, анда дарыгер менен телефондон сүйлөшүп амбулатордук шартта дарылануу керек. Ооруканадагы бош орундар катуу ооруп жаткан бейтаптарга керек", — деди Сооронбаев.

Өлкөдө 400 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 60 миңден ашты

Пульмонолог үй шартында дарыланып жаткандарга антибиотикти, гормоналдык дарыларды да ашыкча колдонбоону сунуштады. Анын айтымында, антибиотиктерди адатта ооруканада дартты оор көтөрүп жаткандарга гана жазып беришет. Дарыгер анын кесепеттерин айтып, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0