COVID: Бишкектеги ооруканаларда 102 бош орун бар. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКүндүзгү стационардагы медицина кызматкери жана бейтап. Архив
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери жана бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкектеги медициналык беш жайдын ичинен азыр бош орун республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында көп.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн азыркы тапта 102 бош орун бар экенин билдирди.

Маалымат 17-октябрь саат 12:00гө карата берилген.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 6;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 13;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 39;
  • Темир жол ооруканасы — 39.

Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктурган адамдардын саны өлкөдө 51 490го жетти. Анын ичинен 45 509 бейтап айыгып чыккан. Тилекке каршы, дарт 1 108 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0