00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз

© Sputnik / Табылды КадырбековАянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулу
Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аянттагы милиция менен митингчилердин кагылышуусунан бир өмүр соолуду. Ал — Баткен облусунун кулуну, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу.

Бүгүн анын сөөгү туулуп өскөн жери Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилди.

Көз жумган жигитти эскерип, Sputnik Кыргызстан агенттиги анын атасынын агасы Таалайбек Жуматаев менен баарлашты.

© Фото / из семейного архива ЖуматаевыхБорбордук аянттагы милиция менен митингчилердин кагылышуусунан бир өмүр соолуду. Ал — Баткен облусунун кулуну, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу
Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз - Sputnik Кыргызстан
Борбордук аянттагы милиция менен митингчилердин кагылышуусунан бир өмүр соолуду. Ал — Баткен облусунун кулуну, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу

— Иниңиздин арты кайрылуу болсун!

— Рахмат...

— Үмүтбек кырсык болгон күнү ата-энеси менен сүйлөшүптүрбү? Аларга митингге чыгарын айтыптырбы?

— Ал күнү атасы чалып "шаарда митинг болот экен, барба" деп эскертип айтыптыр. Акыркы жолу ошентип эле сүйлөшүптүр, бирок Үмүт чыдай алган эмес окшойт. Анткени коомдук иштерге активдүү катышкан бала болчу. Апасы анын митингде жүргөнүн укпаптыр. Азыр "балким мен угуп, балама "барба" деп айтсам угуп, отуруп калмак беле" деп ыйлап отурат.

— Ооруканага түшкөнүн кайдан билдиңиздер?

— Үмүт ооруканага 6-октябрга караган түнү түшүптүр. Жанында жүргөн жолдошторунун айтымында, кулак тундуруучу граната жарылганда бутунан жаракат алып жатып калган экен.

Эртең менен саат жетилерде айылдан бир иним чалып "Үмүт ооруканага түшүп калыптыр. Барып кабар алып коюңузчу" деди. Дароо телефонуна чалдым, чалсам медайым кыз алып "Үмүттүн кимиси болосуз?" деп сурады. "Чоң атасымын" десем, "балаңар ооруканага түшүп калды, тез келгиле" деп телефонду коюп салды. Шашып-бушуп барсам ооруканада киши көп экен. Тополоңдон жабыркап келгендерди дарыгерлер ары-бери которуп бошобой жатышыптыр. Бизди уккан киши жок. Бир маалда Үмүттүн достору да келди. Мен деле аларды таанычу эмесмин, медиктердин арасынан бирөө чыгып инимдин телефонун көрсөтүп "жакындарынан ким бар?"дегенде мен, достору тура калдык. Бирок ал бизге Үмүттүн абалы тууралуу эч нерсе деп айткан жок. "Дарыгерлер келсин, азыр эч нерсе дей албайбыз" деп басып кетти. Дагы эки-үч сааттай күттүк. Жүрөгүм бир нерсени сезип турду.

© Sputnik / Табылды КадырбековТаалайбек Жуматаев: Үмүт ооруканага 6-октябрга караган түнү түшүптүр. Жанында жүргөн жолдошторунун айтымында, кулак тундуруучу граната жарылганда бутунан жаракат алып жатып калган экен
Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз - Sputnik Кыргызстан
Таалайбек Жуматаев: Үмүт ооруканага 6-октябрга караган түнү түшүптүр. Жанында жүргөн жолдошторунун айтымында, кулак тундуруучу граната жарылганда бутунан жаракат алып жатып калган экен

Акыры айлам кетип "айткылачы деги, эмне болду" десем, кайрат айтып инимдин эбак үзүлгөнүн угузушту. Көрсө, жарадар болгондо кан көп кетип калыптыр, дарыгерлер ооруканага келгенден кийин тез эле көз жумганын айтышты.

Кийин анын сөөгүн өзүм жуудум. Бир жак колу, сан эттери чачырап кетиптир. Мындай суук кабарды, жаш баланын өлүмүн жакындарына угузуу оңой болгон жок...

"Ала-Тоодогу" митингчилерди кууп таратуу. Асмандан тартылган видео

— Соцтармакта Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болчу деп жазып жатышат. Үй-бүлөсү тууралуу айтып бересизби?

— Ооба. Интернетке ошентип тарап кетиптир. Бирок Үмүттүн бир эжеси, эки карындашы жана иниси бар. Бирок иниси жаңы төрөлгөн, 7-8 айлык ымыркай. Балким, аны таанып-билгендер бөбөгүн көрбөй эле "бир үйдүн жалгыз уулу" деп ойлоп алышкан окшойт. Ата-энеси деле жаш. Атасы механик, апасы үй кожойкеси. Эжеси турмушка чыгып, карындаштары мектепте окушат.

© Фото / из семейного архива ЖуматаевыхҮмүтбектин бир эжеси, эки карындашы жана иниси бар. Ата-энеси деле жаш экен. Атасы механик, апасы үй кожойкеси
Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз - Sputnik Кыргызстан
Үмүтбектин бир эжеси, эки карындашы жана иниси бар. Ата-энеси деле жаш экен. Атасы механик, апасы үй кожойкеси

— Үмүтбек Бишкекте эмне иш кылчу эле?

— Баткендин Кара-Булак айылындагы мектепте 9-класска чейин окуп, андан кийин Бишкектеги кесиптик орто окуу жайында тикмечилик кесипти өздөштүргөн. Каза болгонго чейин Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде дизайнер болуп иштеп жаткан. Колунан көөрү төгүлгөн усталык да жайы бар болчу. Телефон, техниканы оңдоого да шыктуу эле. Мектептен ар кандай сынактарга катышып, дайыма алдыңкы орундарды алчу. Коомдук иштерге активдүү катышып, өлкө тагдырына тим карачу эмес. Сентябрдын ортолорунда экөөбүз жолукканда "Таалай байке, мен блогер болоюн деп жатам" деген эле. Ал кыялдары да ишке ашпай калды...

— Иниңизди акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөт өкүлдөрү келдиби? Дегеле бийликтен бирөө-жарым бардыбы?

— Лейлек районунун акими келди. Үмүттү акыркы сапарга узатууда киши аябай көп болду. Тааныбагандар дагы коңшу айылдан келип, достору жердин алыс экенине карабай топурак салып кетишти.

© Фото / Зульфия ТургуноваҮмүтбектин агасы: кагылышуудан чырактай балабыздан айрылдык. Ата-энеси кан жутуп отурат, бирок аларды бийликтен бирөө да ойлогон жок
Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз - Sputnik Кыргызстан
Үмүтбектин агасы: кагылышуудан чырактай балабыздан айрылдык. Ата-энеси кан жутуп отурат, бирок аларды бийликтен бирөө да ойлогон жок

Сөөктү моргдон дароо эле берип коюшкан жок. "Бул териштириле турган маселе, сот болот, тергөө болот" деп сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүштү. Жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат экен. Сот адилеттүү болуп, күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишенебиз. Кагылышуудан чырактай балабыздан айрылдык. Ата-энеси кан жутуп отурат. Бирок аларды бийликтен бирөө да ойлогон жок. Үмүт митингге өлкөдө өзгөрүү болушун каалап чыккан. Аны мен баатыр деп айта алам!

Жаңылыктар түрмөгү
0