Бир суткада 954 адам пневмонияга кабылган. Ооругандардын саны 9 204кө жетти

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер бейтапты текшерип жатышат. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер бейтапты текшерип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов адистердин айтымына таянып, пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы экенин маалымдаган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бир суткада Кыргызстанда 954 кишиден пневмония табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Ал белгилегендей, өлкөдө пневмония оорусу менен жалпы 9 204 учур катталган. Кыргызстанда бир суткада 493 кишинин бул илдеттен айыкканы айтылды. Ошону менен Кыргызстанда 3 660 киши пневмонияны жеңген.

Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 493 адам айыкты

Тилекке каршы, март айынан бери аталган дарт 571 адамдын өмүрүн алды. Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов адистердин айтымына таянып, пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0