БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстанда пневмониядан бир суткада 493 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, пневмониядан сакайгандардын жалпы саны 3 415ке жетти. Тилекке каршы, пневмония бир суткада 74 адамдын өмүрүн алган. Март айынан бери өлкөдө пневмониядан 571 бейтаптын көз жумганы маалым болду.