05:29 13 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.8563
  • EUR91.4695
  • RUB1.0631
Коом
Кыскача шилтеме алуу
446710

Рустам Нуритдинов эмнеге адамдар уюлдук телефонго толтура акча сарптайт да, тиштерин дарылатууга келгенде үнөмдөп калышарына айран таң.

Стоматолог Рустам Нуритдиновго көрүнүү үчүн жазылыш жеңил эмес. КРСУнун кафедра жетекчиси жана стоматологиялык клиниканын директорунун дегеле чолоосу тийбейт. Бирок акча жагынан кыйналган кишилерди акысыз дарылоого дайым убакыт табат. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы да врачты баарлашууга убакыт бөлүүгө көндүрө алды.

— Университетке тапшырып жатканда курбалдаштарымдын көбү стоматология факультетине тапшырышты. Бул кесиптин аркасы менен укмуш байып кетем деп ойлошчу.

— Стоматологияда чоң акча айланат деген болбогон кеп. Биздин студенттердин да университетти аяктаары менен жакшы акча табарына ишенгендерин байкайм. Бирок андай болбойт, алгачкы беш жылдагы маянасы арзыбаган акча. Айына 2,5 миң сом гана табат. Андан кийин деле стоматологияда миллион таап кетпейсиң.

— Жаш врачтардын кардар табуусу кыйын, аларга эч ким кайрылбайт дешет.

— Ооба, эң биринчи бейтабым досум болчу. Үчүнчү курста окуп жүргөм. Досумдун тишинин нерви сезгенип кетиптир. Ийнеден корккон жаны оорутпай дарылоодон баш тартып туруп алды. Дары сайбастан тиш нервин алууга туура келди, анан досум эс-учун жоготуп койбоспу. Эсине келгенде мени "маньяк экенсиң" деди. Жаш адистерге адамдардын кайрылгысы келбейт, аларга ишенишпейт. Башта менин да бейтаптарым дээрлик жок эле. "Ош" базарында тиш дарылап жүрүп, машыктым.

Директор стоматологической клиники, доцент кафедры КРСУ Рустам Нуритдинов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КРСУнун кафедра жетекчиси жана стоматологиялык клиниканын директору Рустам Нуритдинов

— Аталган базардагы врачтардын кабинеттери жөнүндө укмуш нерселерди айтышат...

— Ооба, айрым доктурлар... Алардын иши эч кандай нормага туура келбейт, баштан-аяк кир. Үрөй учурган нерселерди көп көрдүм. Өзүм абдан таза иштөөгө тырыштым, бүт аспаптарды эрежелерге ылайык зыянсыздандырчумун.

— Бейтаптарыңыз көбүнесе кандай көйгөйлөр менен кайрылат? Менин билишимче, "Ош" базарынын аймагындагы клиникаларга негизинен чөнтөгү жука кишилер барат...

— Баарын өзүңүздөр билесиздер. Алардын тиштерин дарылатууга чамасы жок, ошондуктан аябай начар абалда. Анан да алар тиш ооруса эле жулдуруш керек деп ойлошот. Кымбат деп эч кимиси дарылаткысы жок. Ооруган тиш жулунса, көйгөй да жоюлат деп ойлошот.

— Тишти дарылаткандын ордуна жулдуруп салуунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

— Кесепети көп: үстүңкү жана астыңкы тиштердин дал келиши бузулат, анан ар кандай дарттар чыгат. Адам тамакты дурусураак чайнай албайт, бүкүлү жутат. Бул ички органдарда көйгөй жаратып, ичеги-карын, жүрөк-кан тамыр тутумун жабыркатат...

Жапжаш кыз-жигиттердин оозу эмнеге жыттанат? Стоматологдун маеги

Бейтаптарды тиш жулдуруудан айнытууга аракет кылчумун. Жарымына жакынын көндүргөм. Мисалы, бир байке кайрылды, ансыз да тиштеринин бир тобу жок, дагы бирөөнү жулдурганы келиптир. Акыры айнытып, тишин дарылап, кийме тиш салып бердик. Тамак чайнашы кыйла оңолот.

— Кийин жеке клиникада иштепсиз. Бардар адамдардын тиштери жайындабы?

— Байлардын деле тишин карабагандары бар, анткени элдин көзүнө көрүнүү, мактануу менталитети бар. Мисалы, кымбат телефон, алтын зер буюмдарына, машинадан акча аяшпайт. Кыздар кирпигин, тырмагын жасатууга, кийимге толтура каражат кетирет. Ал эми ден соолугуна келгенде биздикилердин тыйын короткусу жок.

Бир кыз келди, жакшы боенгон, кооз кийинген, колунда кымбат телефон, ал эми оозунун ичин айтпай эле коеюн. Элдин көзүнө илинүү үчүн акча аябайт, жагымдуу жылмаюуга акча жумшагысы келбейт... Арзаныраак бир нерсе кылууну суранышат же дарылоону кийинкиге жылдырып коет.

— Кадимки тиштен айырмаланбай тургандай кылып жасоонун түрлөрү арбын болсо да кыргызстандыктардын көпчүлүгү алтын тиш кебин жактырышат. Бул модабы?

— 1970-1980-жылдары ошондой болчу, азыр алтын тиш салдыргандар сейрек. Бүгүнкү күндө айрымдар соо тишине эле алтын каптап берүүнү өтүнүп калышат. Бир жолкусунда цыгандар Николай IIнин убагындагы монеталарды алып келип, эритип, тиш салып берүүнү суранышты. Баш тарттым, кайдан алгандарын ким билет.

Директор стоматологической клиники, доцент кафедры КРСУ Рустам Нуритдинов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КРСУнун кафедра жетекчиси жана стоматологиялык клиниканын директору Рустам Нуритдинов

— Жардамга муктаждарды акысыз дарылайт экенсиз. Бул багытта иш кандайча башталды?

— Facebook тармагынан ыктыярчылардын аракети тууралуу окуп калып, эмне жардам бере алам деп кызыктым. Балдар үйүндө тарбияланган бир кызды алып келишти. Тиштерин курт жеп, аябай бузулуптур. Анткен менен тестиер кыздын тим эле жакшынакайлыгын айтпаңыз, көздөрү татынакай! Башында аябай коркту. Тиштерин дарылап бүттүк, жакында брекет менен түздөйбүз... Ошондон кийин аз камсыз болгон башка адамдар келе баштады. Мен тууралуу тааныштарынан угат, эч бирине жардам берүүдөн баш тартпоого аракет кылам.

— Негизи Кыргызстанда стоматологиялык кызмат кимдерге акысыз көрсөтүлөт?

— Кош бойлуу, пенсионер жана жети жашка чейинки балдар тиштерин акысыз дарылата алат.

— Менин тиш доктурум эң жөнөкөй, жылмакай тиш щеткасын тандоо керектигин, ал деле кымбаттарынан кем калышпай тазалаарын айтат.

— Чындап эле щетканын кандай экенинин айырмасы жок. Башкысы — тишти жуунун туура техникасы. Тамактан кийин жууп, аны менен катар тиш тазалоочу жип жана ирригаторду унутпоо зарыл.

Асанова: баланын тишине кам көрүүнү түйүлдүк кезинде башташ керек

— Ирригатор деген эмне?

— Бул — тиш щеткасы жетпеген жерди да суу агымы менен тазалоочу түзүлүш. Айрыкча, имплант, брекет же кандайдыр бир стоматологиялык конструкциялары бар кишилер колдонушу керек. Бишкекте ирригаторлордун баасы 2 500 сомдон башталат.

— Тиш пастасын кымбатынан алган жакшыбы же баары бирдей элеби?

— Жок, тиш пастасын ар бир адам өз көрсөткүчтөрүнө карап тандоого тийиш. Бул темада тиш доктуру менен кеңешип алганы жакшы.

— Тиш агартуучу пасталар тишти чын эле агартабы?

— Жок. Бирок профессионалдык тазалоо процедурасынан кийин тиштин абалын жакшы кармап турат.

Директор стоматологической клиники, доцент кафедры КРСУ Рустам Нуритдинов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КРСУнун кафедра жетекчиси жана стоматологиялык клиниканын директору Рустам Нуритдинов

— Азыр үй шартында да колдонууга ыңгайлуу агартуучу жолдор көбөйдү. Буга кандай карайсыз?

— Аны пайдаланууга кеңеш бербейт элем, бирок ошондой эле үйдөн агарткылары келсе, адегенде тиш доктур менен акылдашып алган жакшы. Булардын терс таасирлери бар, башкача айтканда, эң оболу ооз көңдөйүнүн абалына караш керек, болбосо аягы жаман жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.

— Профессионалдык агартуу процедурасы кандай?

— Жылына эң көп дегенде эки ирет гана тазалатуу керек, кээ бирөөлөр бул процедурага кынык алып алат, анан тиштери бузулат. Тишти агартуунун зыяндуу жагы арбын. Адамдар тишин агартып эле бүттү деп ойлошот. Бирок андан кийин тамеки чегүүгө болбойт, өтө муздак жана аябай ысык жебеш керек. Таттууну азайтуу талап кылынат, анткени бул процедурадан кийин тиште кариестин пайда болушуна алып келет.

— Көпчүлүк азыркыга дейре советтик стоматологияны эргүү менен эстейт. Сиздин пикириңиз кандай?

— Бир нече жыл ичинде технология миллион пайызга өзгөрдү. Совет убагында стоматология бир топ кооптуу болчу, тишти дээрлик дарылабай эле негизинен сууруп салышчу. Учурда технология абдан өнүктү, күндө жаңы бир нерсе чыгат.

Тема боюнча

Бузурманов: брекетти чечкенден кийин тиш кайра кыйшайышы мүмкүн
Белгилер:
тазалоо, телефон, дарылоо, стоматолог, тиш

ЭҢ МААНИЛҮҮ