Баткен облусу коңшулаш Өзбек, Тажик республикалары менен чектешкендиктен чек ара аймактарында санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери 2 нөөмөт менен иштеп жатат. Ал эми эл жыш жайгашкан калктуу конуштарда 3 нөөмөттө туруп, коопсуздук чараларын көрүүдө.
Айылдын ыктыярдуу элдик кошуундары, жергиликтүү бийликтин коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү биргеликте тыгыз иш алып барышууда. Айыл аймактардагы жергиликтүү тургундарынын коопсуздугун сактоодо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жөө кайгуул күзөттөрү маршруттар боюнча иштеп жатат.
Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында милициянын көчмө кабылдамасы үзгүлтүксүз иш-жүргүзүүдө. Калктуу конуштарды аралап, үн күчөткүчтөр менен тургундардын үйдө болуусун жана санитардык гигиеналык эрежелердин туура сакташын эскертүүдө.
Маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы таратты.