00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

© Фото / Александр ФедоровКыргызстандык белгилүү каскадер жана режиссер Үсөн Кудайбергенов. Архив
Кыргызстандык белгилүү каскадер жана режиссер Үсөн Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү каскадер жана режиссер Үсөн Кудайбергеновдун көзү тирүү болгондо бүгүн 70 жашка толмок. Каскадерлордун далайын таптап, аларды эл аралык аренага чыгарган инсан кыргыз элинин камчыга сап уулдарынын бири эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын өмүрү, чыгармачылыгына көз чаптырып, замандаштары жана шакирттерин сөзгө тартып, ал жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Өспүрүм чабандес. Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте билим алып жүргөн кезинде эле борбор калаада жаңы ачылган цирктеги чабандестердин катарына кошулат. Кийин Москвадагы Кинематография институтунда билим алып, тасмаларга тартыла баштаган.

© Фото / Александр ФедоровҮсөн Кудайбергенов кыргызстандык каскадерлордун башын бириктирип,чет элдик киночулар менен биргеликте бир топ долбоорлорду ишке ашырган
Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Үсөн Кудайбергенов кыргызстандык каскадерлордун башын бириктирип,чет элдик киночулар менен биргеликте бир топ долбоорлорду ишке ашырган

Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Жаш талант 19 жашында "Жамийла" көркөм тасмасына кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Андан соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия Россия, АКШ жана Индия өлкөлөрүнүн тасмаларына актер, каскадер катары катышкан. Кудайбергенов 1980-жылдардын башында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген.

Каскадерлордун башында турган. Үсөн Кудайбергенов менен чогуу иштешкен кесиптештери каскадер айтканынан кайтпаган, баштаган ишин таштабай, бекем тартипти туу туткан инсан болгонун эскерет. Кайра куруу жылдарында Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеген. Ал өзүнүн кесипкөйлүгүнүн аркасында чет элдик киночулар менен киностудияларды Кыргызстанга алып келип, түрдүү долбоорлорду ишке ашырган. Мындан сырткары, ал кыргыз каскадерлорун тарбиялап башын бириктирген. "Актер чыгармачылык дегенде ичкен ашын жерге коюп, эч кимден жардамын аябаган адам болгон" деп замандаштары эскерет.

© Фото / Александр ФедоровБорбор Азияда Кудайбергенов биринчилерден болуп Каскадерлор ассоциациясын негиздеген
Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азияда Кудайбергенов биринчилерден болуп Каскадерлор ассоциациясын негиздеген

Камчыга сап уул. Эч нерседен тайманбаган Кудайбергенов өлкө эгемендик алып, калк башынан оор кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан маалда элине бел болгон. Ал "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүгө жигердүү катышкан. 1999-жылдагы Баткен окуясында өзүнүн чогуу иштеген балдары менен чек арачыларга жардам берип, 2005-жылдын март айындагы Бишкектеги башаламандык маалында элдик кошуун түзүп талап-тоноолорго каршы туруп, стратегиялык объектилерди коргоо ишинин башында турган.

Темир тор артында калган каскадер. 1995-жылы өлкөдө "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, ал чоң иш-чаралар менен коштолгон. Анда Үсөн Кудайбергеновго чабандестерди даярдоо милдети жүктөлгөн. Каскадер эки миллион сомго ат алып, атайын команда чогултуп даярдык көргөн. Бир нече жыл өткөндөн кийин 2000-жылы ага каражатты сарамжалдуу колдонгон эмес деген кине коюлуп, эки жылга соттолуп кеткен.

© Фото / Александр ФедоровКаскадер 300дөн ашык тасманын тартуу ишине катышкан
Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Каскадер 300дөн ашык тасманын тартуу ишине катышкан

Дүйнөнү багындырып... Өзүнүн чыгармачылыгында Голливуд, Россиянын Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болгонго жетишкен. Ал кесибин 30 жылдан ашык аркалап дүйнөгө таанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташып, 300дөн ашык тасмага катышкан.

Намыскөй күйөө бала. Жеке жашоосунда Кудайбергенов эки жолу үй-бүлө курган. Алгач Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына бош кошуп, жубайлар бир кыздуу болушкан. Ошол кездеги Кыргыз ССРинин маданият министри жаш жубайларга Фрунзе шаарынан үч бөлмөлүү батир алып берген. Бирок Үсөн жубайы менен түтүн булатуудан баш тартып, өз алдынча тиричилик жүргүзө турганын айткан. Экинчи жолу өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп эки уулдуу болгон.

© Фото / Александр ФедоровКудайбергенов 55 жашында өз үйүндө атып өлтүрүлгөн
Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Кудайбергенов 55 жашында өз үйүндө атып өлтүрүлгөн

Кылмышкерлерге каршы чыгып… Үсөн Кудайбергенов 55 жашында белгисиз адамдар тарабынан өз үйүндө атып өлтүрүлгөн. Артында калган эки уулу менен келинчеги чет өлкөгө чыгып кеткен. Укук коргоо кызматкерлери адам өмүрүн алган кылмыштын бетин ача алган эмес. Айрым маалыматтар боюнча, ал ишкерлерден мыйзамсыз акча доолаган кылмыштуу топко каршы чыгып, алардын курмандыгына айланганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0