09:58 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Вручение ордена Данк президенту кыргызско-индийского дипломатического фонда, почетный профессор Дипломатической академии Нургазы Кемелбаеву

Университетте ким болорумду билбей эле окугам. Элчи Нургазы Кемелбаев менен маек

© Фото / из личного архива Нургазы Кемелбаева
Коом
Кыскача шилтеме алуу
36910

Быйыл Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 75 жылдык мааракесин белгиледи. Колумнист Алмаз Батилов советтик жана кыргыз дипломатиясына чоң салым кошкон элчи Нургазы Кемелбаев менен маектешкен.

Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Нургазы Кемелбаев 80 жашта. Кыргызстан дипломаттар коомунун ардактуу төрагасы Дипломатиялык академия менен Кыргыз улуттук университетинде сабак берет. Кемелбаев дипломатиядан тышкары адабиятка да жакындыгы бар. Алгачкылардан болуп шотландиялык акын Бёрнстун ырларын англис тилинен кыргыз тилине түз которгон. Андан кийин индус элинин "Махабхарата" эпосун Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен биргеликте кыргыз тилине оодарган. Кызыгы, Нургазы Кемелбаев кыргыздардын арасынан алгачкылардан болуп СССРдин дипломатиялык академиясын бүткөн. Нигерияда Союздун эң акыркы жана Россиянын эң биринчи башкы консулу болуп иштеген. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин ТИМдин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын пайдубалын түптөгөн.

— Элчи болууну кыялданчу белеңиз?

— Жок, бала кезимден журналист болсом деген кыялым бар эле. Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылындагы мектепте 5-класста окуп жүргөндө "Кыргызстан пионери" гезитине макала жазып жүрдүм. 1959-жылы Барскоон айылындагы орто мектепти артыкчылык менен бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырууга келдим.

Отургучта жупуну кийинген, жүдөгөн бир орус абышка отурган. "Экзамен бүттү, сен кечигип келдиң" деп шаабайымды суутуп салды. Чемоданымдагы макалаларым менен ырларымды көрсөткөнгө аракет кылдым, карабай да койду. Көңүлүм бузулуп кетейин деп жатсам, жанагы абышка колуман кармап, "документтериңди көрсөтчү" деди. Көңүлдөнбөй документтеримди көрсөттүм. Ал: "Ты не расстраивайся. Хочешь стать послом?" — деп орусча сурады. Мен анын суроосун жакшы түшүнбөй: "Кем? Фасолью?" — дедим сөздүн маанисин түшүнбөй. Абышка элчи деген чет өлкөдө иштей турганын түшүндүрдү. Мен болсо дагы эле сөздүн маанисин билбей мугалим болбойм деп жооп бердим. Ал азыр мен түшүнө электигимди, бирок элчини даярдаган окууга жарай турганымды, ошол окууга өткөзчү киши менен тааныштыра турганын айтты. "Журналист болом десең бул жактан деле өтөсүң" деп мени сооротуп, ээрчитип жөнөдү. Экзамен кабыл алган комиссияда таанышы бар го деген үмүт менен аркасынан бастым. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультети азыркы Биринчи Май акимиатынын имаратында жайгашчу. Ошол имаратка киргенде эле жанагы жүдөгөн кароолчу аксакал менен жарашыктуу кийинген сулуу жаш жигиттер жана кыз-келиндер жан-алы калбай учурашып жатышты. Ал кеңсеге кирип, катчыга "бул баланын документтерин алып, даярдагын, чогулуш бүткөндөн кийин мага киргизесиң" деп тапшырма берди. Мага карап "кетпей мени күтүп тур, экөөбүз сүйлөшкөндөй ушул факультетте окуйсуң" деп кабинетке кирип кетти.

Катчы чымын-куюн түшүп анын буйругун аткарды. Тиги киши чогулуш бүткөндөн кийин мени катчы аркылуу кабинетке чакыртты. Кирсем, бир топ мугалим бар экен. Жанагы карыя мени окууга аларын айтты. Чынында эле өзү убада бергендей бүт экзамендерди тапшырганча көз салып жардам берди. Ошентип чет тилдер факультетинин англис тил бөлүмүнө өттүм. Көрсө мени чет тилдер факультетинин деканы Виталий Михайлович Карпов колдогон экен. Мурда ал СССРдин ТИМинде тилмеч болуп иштептир. Белгилүү тилчи Евгений Поливанов жана тарыхчы Александар Бернштамдын үзөңгүлөшү кандайдыр бир себептер менен Кыргызстанга отурукташып калыптыр.

Мугалимдерибиз бизди абдан жакшы окутушту. Бул факультет кыргыз дипломаттарынын бир тобун даярдады. Мен университетти бүткөнчө Карпов көмөк берип жүрдү. Виталий Михайловичтин "Нургазы, келечекте элчи болосуң" деген көрөгөчтүгү мен үчүн Кыдыр ата менен жолуккандай болду. Айтканындай эле СССР менен Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринде иштедим. Мага КРдин атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси наамы берилди. Карповдун көзү өткөнчө катышып турдум. 

Президент кыргызско-индийского дипломатического фонда, почетный профессор Дипломатической академии Нургазы Кемелбаев в кинофестивале против войны в Калькутте
© Фото / из личного архива Нургазы Кемелбаева
Согушка каршы кинофестиваль. Калькутта шаары.

— Эмгек жолуңуз кандай башталды?

— 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин англис тилин бүткөн соң мени мугалим кылып алып калышты. Бирок атам каза болуп, энемди караш үчүн университетти таштап Чоң-Жаргылчак айылына кеткенге туура келди. Барскоон орто мектебинде мугалим болуп иштей баштадым. Ошол мектепте иштеп жүргөн учурда Жети-Өгүз районунун партиялык аткаруу комитетине инструктор кызматына которулууга сунуш түштү. Дароо макул болдум. Ал жерде бир жыл иштегенден кийин Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин катчысы Бейше Мураталиев мени Фрунзе шаарына чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыш боюнча кыргыз коомуна иштегенге чакырды. Бейше Тоголоковичтин сунушу менен бул коомго жумушка өттүм. Бул уюм СССР менен чет мамлекеттер ортосунда чоң роль ойночу. Чет өлкөдө ар бир союздук республиканын экономикалык, социалдык жана маданий жетишкендиктерин пропагандалап, мамлекеттик достук коомдору менен тыгыз байланышта иштечү. Бардык жакта филиалдары бар эле. Ушул коом кыргыз дипломатиясы үчүн далай кадрларды даярдап берди. Уюмдан Кыргызстандан биринчи жолу мени Индиянын Бенгалия штатынын борбору Калькутта шаарындагы филиалдын жетекчисинин орун басары кылып жөнөтүштү. Калькутта калаасында сегиз жыл иштедим. Менин дипломатиядагы жолумда Индиянын орду чоң.

— Индияда жүргөндө эсте калган күндөр көп эле болсо керек...

— Индиянын оор өнөр жайын СССР салып берди. Булардын ичинде металл чыгарчу заводдордун дээрлик баары Союздун көмөгү менен курулган. Советтик инженерлер мындай заводдор өзүбүздө жок, анда көрө СССРге курулса жакшы болмок деген нааразылыгын көп айтышчу. Кийин СССРдин жетекчилиги стратегиялык жактан ката кетиргенин түшүнүп, өкүнгөн. Азыркы күндө дүйнө жүзү боюнча индиялык адистер металлдын сапатын текшерип кол коет. Булар товардын жарамдуулугуна белги койбосо, анда дүйнөлүк рынокко чыкпайт.

Индус элинин китепке кастарлап мамиле кылганы мени таң калтырды. Улуттук китепканасынын жетекчилигине мамлекеттеги саясий жана маданий ишмерлердин арасынан аябай тандап коюшат. Бул китепкананын архиви абдан бай, Чыңгыз хан тууралуу эле бир имаратка бата турган материал жыйналган. Мындан сырткары, Индияда Азияны изилдөөчү коом бар. Ушул коомдун архивинде Борбордук Азия жөнүндө ар түрдүү илимий материалдар бар. Индус калкынын байыркы тарыхы менен маданияты мага аябай таасир калтыргандыктан, кийин "Махабхарата" эпосун кыргыз тилине белгилүү Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен биргеликте котордум. 

Встреча с делегацией Непала президента кыргызско-индийского дипломатического фонда, почетный профессор Дипломатической академии Нургазы Кемелбаева
© Фото / из личного архива Нургазы Кемелбаева
Достук коомунда Непал делегациясы менен жолугушуу. Москва шаары, 1972-жыл.

— Баса, студенттик кезиңизде англис тилинен кыргызчага шотландиялык акын Роберт Бёрнстун ырларын которгон экенсиз?

— Ооба, англис тилинен түз которгом. 1964-жылы "Ала-Тоо" журналынын биринчи санына чыккан. Ушул адабий котормом үчүн эң биринчи гонорар алгам. Ырларымды Чыңгыз Айтматов абдан жактырып, мени атайын издеп таап, таанышканбыз.

— СССРдин дипломатиялык академиясында кандайча окуп калдыңыз?

— 1980-жылы Индияда иштеп жүргөн учурда Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов мага СССРдин дипломатиялык академиясына окуганга жолдомо берди. Бул окуу жайда эки жыл окуп, кыргыздардын арасынан алгачкылардан болуп мен бүттүм. Академияны Союз ураганга чейин менден кийин Кыргызстандан Кеңеш Кулматов жана Марат Усупов аяктады. 1985-жылы Кулматов СССРдин кыргыздан чыккан биринчи элчиси болду. Белгилей кетчү жагдай, Кеңеш Кулматович СССРдин да, Россиянын да элчиси болуп иштеди. Ал эми Усупов Түштүк Йеменде дипломатиялык карьерасын баштап, өлкөбүздүн атайын жана толук ыйгарым укуктуу кенже элчиси наамына чейин жетти. 

Президент кыргызско-индийского дипломатического фонда, почетный профессор Дипломатической академии Нургазы Кемелбаев и первый министр иностранных дел Кыргызской ССР Казы Дикамбаев
© Фото / из личного архива Нургазы Кемелбаева
Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри Казы Дикамбаев менен баарлашып жаткан учур. Бишкек шаары, 2004-жыл

— Дипломатиялык академияны бүткөндөн кийин Нигерияда СССРдин башкы консулу болуп иштеген экенсиз. Ушул өлкө кайсы өзгөчөлүгү менен эсиңизде калды?

1990-жылы май айында Нигериянын Аджаокута шаарындагы башкы консулу болуп дайындалдым. Буга чейин ал кызматта жердешибиз Марат Саралинов иштеген. Экөөбүз ошол жерден жолуктук. Ал кийин КРдин атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болду. Аджаокута калаасында советтик адистер Нигерия үчүн металл иштетчү завод куруп жатышкан, 3800 советтик жаран бар болчу. Алардын көпчүлүгү колунан көөрү төгүлгөн усталар эле. Нигериянын элитасы мамлекеттик кызыкчылык үчүн СССР жана Россия менен бир тыйынга чейин эсептешкени өзгөчө эсимде калды.

1991-жылы жайында Нигериядан Кыргызстанга эмгек өргүүгө келип, ыраматылык журналист досум Аман Токтогуловго жолуктум. Экөөбүз Союздун тагдыры жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Мен ага жакында СССРдин келечеги белгисиз болуп турат деген божомолумду айткам. Ал болсо мага айтпай-дебей туруп, "Кыргыз маданияты" гезитине маегимди чыгарып салыптыр. Дагы жакшы, борборго эч ким маегимди которуп жиберип ийген жок (күлүп). Болбосо айламды кетирмек. Нигерияда Союздун эң акыркы жана Россиянын эң биринчи башкы консулу болдум. 1993-жылы ноябрь айында Ата Мекенге кайтып келип, 2009-жылга чейин өлкөбүздүн ТИМинде иштедим.

Тема боюнча

Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү
Белгилер:
элчилик, Тышкы иштер министрлиги, дипломатиялык ишмер

ЭҢ МААНИЛҮҮ