БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Токмокто атчан киши супермаркеттердин бирине "соода" кылганы кирип кеткен.
Окуянын видеосун Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары жүктөдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Тасмада көрүнүп тургандай, ат минген киши маркеттин ичине кирип кеткен. Бирок күзөтчү убагында байкап калып аны сыртка чыгарган.
Болжол боюнча башкалардан өзгөчөлөнгөн кардар мас абалда болгон.