Эми автоунааны катуу айдай берсе болобу? Жаңы мыйзамдын чоо-жайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТретье транспортное кольцо в Москве
Третье транспортное кольцо в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эрежелер боюнча ылдамдык чегин бузган айдоочулар кандай айыпка жыгылат? Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги жол кыймылына тийиштүү бөлүмдөр эмнеге баш адаштырары туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс күчүнө кирди. Анын айрым беренелери жарандарда көп суроо, түмөн түшүнбөстүктөрдү жаратты, кеп тек гана айып пул жана түкүрүү жөнүндө эмес.

ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО полисин канчадан, кантип, кайдан алыш керек? 10 суроого жооп
"Айдоочу тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу" боюнча 123-берене коомчулуктун көңүлүн бурду. Анын биринчи бөлүмүнө ылайык, белгиленген чектен (мисалы, калктуу конуштун аймагынан саатына 60 чакырым ылдамдык менен өтүү керек) 20 чакырым ылдамдыкка катуу айдоого (саатына 81 чакырым болуп кетсе) 1000 сом, юридикалык тараптар үчүн ушундай эле эреже бузууга 5 миң сом айып пул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чеги бузулса, жеке жактар 7,5 миң сом, ал эми юридикалык тарап 23 миң сомго айыпка жыгылат.

20 чакырымга чейинки ылдамдык чегин бузган айдоочулар жазаланабы? Бул соболдорго Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таптакыр эки башка жооп алды.

Жогоруда аталган берене бийликтин аткаруу органдарында мындайча чечмеленет:

"123-беренеде 20 жана 40 чакырымдан жогорку ылдамдык чегин бузуулар боюнча ар биринин айып пулу өлчөнгөн. Ал эми 20 чакырымдан аз ылдамдык чегин бузуу боюнча эч нерсе деп айтылган эмес, демек, аны эреже бузуу деп айтууга негиз жок", — деп билдирет биздин булак.

Сот тармагында мыйзам чыгарууну киргизүүгө байкоо салуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Ирина Летова 20 чакырымга чейинки ылдамдык чегин бузууга да айып каралган деп түшүндүрөт.

"Мындай аракеттер жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу" катары 127-беренеде камтылган", — деди ал.

Аталган берененин биринчи бөлүмүнүн текстинде мындайча жазылган: "Жол кыймылынын эрежелеринин аталган кодексте айтылгандардан тышкаркы талаптарынын бузулушунда эскертүү же биринчи категориядагы айып пул салынат".

Бул беренеге ылайык, 20 чакырымга чейинки ылдамдык чегин бузууда жеке жактар миң сом, ал эми юридикалык тараптар 5 миң сом айып тартат.

Оңолот деген ушу! Түкүрүү үчүн колуна чака көтөрүп алган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Оңолот деген ушу! Түкүрүү үчүн колуна чака көтөрүп алган жигиттин видеосу
Sputnik Кыргызстандын маалымат булагы белгилегендей, Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекске түшүндүрмөлөр жок.

"Мыйзамдын ар бир бөлүмүнө автоинспекторлордун иш механизмин сүрөттөгөн комментарий болушу керек. Жумушчу топ түшүндүрмө берүүгө тийиш", — деп белгиледи ал.

Ирина Летова Жол кыймылынын эрежелерине (ЖКЭ) тиешелүү беренелердин маанисинин чечмелениши эмнеге байланыштуу экендигин түшүндүрүп берди.

"ЖКЭ боюнча так эместиктер убактылуу. Кийинчерээк бардык бөлүмдөр ийне-жибине чейин чечмеленип жазылат. "Коопсуз шаар" долбоорунун киргизилиши менен Жогорку Кеңеш тийиштүү түзөтүүлөрдү биринчи окууда кабыл алган", — деди ал.

Адис түзөтүүлөр мыйзамга киргизилгенче 20 чакырымга чейинки ылдамдык чегин бузуу "ЖКЭнин башка талаптарын бузуу" беренеси боюнча караларын белгиледи.

Жаңы кодекске ылайык, башка мыйзам бузуулар үчүн кыргызстандыктар кандай жазага тартылары туурасында бул макаладан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0