Билчү белеңиз? 2019-жылы кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртчү нерселер

Жазылуу
Келерки жылы кыргызстандыктарды оголе көп өзгөрүүлөр жана окуялар күтөт. Төмөндө аларды тизмеледик.

Босогодогу 2019-жыл окуяларга бай болот, алардын көбү кыргызстандыктардын баарына тиешелүү. Редакция өзгөрүүлөрдү катары менен тизмектеди.

Иштей баштачу мыйзамдар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФемида статуясы
Рассмотрение апелляции на арест А. Кокорина и П. Мамаева - Sputnik Кыргызстан
Фемида статуясы

1-январдан тарта Кылмыш-жаза, Жоруктар, Мыйзам бузуулар, Жазык процесстик жана Жазык-аткаруу кодекстери күчүнө кирет. Ошондой эле "Мунапыс жөнүндө жана аны колдонуу" менен "Пробация тууралуу" мыйзамы да иштей баштайт.

Бирок бул кодекстердин баары юристтерди көп түйшөлтүүдө, айрымдары алардын коомду чакчалекейге түшүрөрүн айтышат.

Ошондой эле Мыйзам бузуулар тууралуу кодекстин алкагында түкүрүнүү үчүн 5 миң сом айып салынат.

Бизнести текшерүүгө тыюу

© REUTERS / Toru Hanai / File PhotoАКШ доллары тартылган плакаттын алдында турган киши
Курс валют доллара в Токио - Sputnik Кыргызстан
АКШ доллары тартылган плакаттын алдында турган киши

2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө эки жылдык мораторий аракетке кирет. Мораторий жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына мүмкүн болгон сапатсыз товарлар эч зыян келтирбейт дешет өкмөттөгүлөр.

Футбол

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол курамасы
Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол курамасы

5-январдан 1-февралга дейре Бириккен Араб эмирлигинде футбол боюнча Азия кубогу өтөт. Кыргызстандын курама командасы континенталдык биринчиликке алгач ирет кирди. С тайпасына түшкөн улуттук команда Кытай, Филиппин жана Түштүк Корея менен плей-офф баскычына эки жолдомо үчүн беттешет.

Патрулдук милиция түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул күзөт милициясы
Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул күзөт милициясы

Жаңы структура Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жана Патрулдук-нөөмөт кызматын (ПНК) бириктирүүнүн натыйжасында пайда болот.

Функционалдык милдеттери бир аз өзгөртүлмөкчү. Патрулдук милиция жолдогу коопсуздук үчүн гана эмес, өздөрүнө бекитилген аймактагы коомдук коопсуздук үчүн да жооп берет. Бул сынамык долбоор.

Автону камсыздандырууга мезгил жетти

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОСАГО полиси
Выдача полисов ОСАГО в Омске - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО полиси

7-февралдан тарта автотранспорттук каражаттардын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (АЖЖМК) мыйзамы күчүнө кирет. АЖЖМК полисинен улам кырсыкка себеп болгон айдоочу автомобилди оңдоо, жол кырсыгында жабыркаган адамдарды дарылоо чыгымдарын жалгыз төлөбөйт.

Негизи милдеттүү камсыздандыруунун өзү 2016-жылы эле күчүнө кирмек, бирок жарандардын нааразычылыгынан улам ал ыктыярдуу түргө өткөн.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке кирет

© Sputnik / Нурис АлымбаевЖол эрежеси бузулган учурларды каттаган камера
Установка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жол эрежеси бузулган учурларды каттаган камера

"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга ноябрдын ортосунда россиялык "Вега" радиокуруу концерни" ААКсы менен келишим түзүлгөн. Фотовидеокаттоонун биринчи комплекстери 90 күндүн ичинде ишке киргизилмекчи. Долбоор толугу менен жарым жылдан кийин иштей баштайт.

10-февралга чейин 10 кесилиште камералар иштей баштайт.

Мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы ишке кирет

© SputnikМамлекеттик кызматтардын порталы
Работа портала государственных услуг - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматтардын порталы

Ушул тапта портал тесттик режимде иштөөдө. Бийлик 2019-жылдын башынан тарта порталдын өндүрүштүк иши өрчүй турганын убада кылууда. Максаты — портал аркылуу кыргызстандыктар 189 кызматтан пайдалана алгыдай шарт жаратуу.

Бир катар мамкызматкерлердин маянасы жогорулайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санаган кыз
Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Акча санаган кыз

Саламаттык сактоо жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлмөкчү. Мындан сырткары, айдоочулардын, техкызматкерлердин маянасын да 100 пайыз көбөйтүшөт. Бюджеттен бул үчүн 220 миллион сом каралган.

Айдоочулардын эсине: жаңы күбөлүк чыгат

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектеги Чүй проспектиси менен бараткан унаалар
Зима в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Чүй проспектиси менен бараткан унаалар

Көктөмдөн баштап жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилет. Жаңы документтер эл аралык стандарттарга ылайык, жасалгасы жакшыртылган, коргоочу элементтери көп. Алар эң бышык пластиктен даярдалып, ээси тууралуу бардык маалыматтар лазердин жардамы менен түшүрүлөт.

ШКУ саммити

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевШКУга мүчө өлкөлөрдүн желектери
Флаги стран государств-членов ШОС - Sputnik Кыргызстан
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн желектери

2019-жылдын 14-15-июнунда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт. Кыргызстан уюмга төрагалык кылат.

Сапаттуу бензин келет

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМай куюучу жай
Компания ПАО НК Роснефть в Москве - Sputnik Кыргызстан
Май куюучу жай

Кыргызстан керектеген күйүүчү-майлоочу материалдардын дээрлик бардыгын сырттан ташыйт.

2019-жылдын 12-августунан тарта биз Евро-4 жана Евро-5 стандартына өтүүгө тийишпиз. Чечим ЕАЭБдин жана анын үч регламентинин деңгээлинде кабыл алынган. Ошентип өлкөгө Евро-4 стандартынан төмөн болбогон гана май ташып келүүгө уруксат берилет.

Уран калдыктарын сактоочу жайлар калыбына келтирилет

© Sputnik / Эмиль СадыровУулуу заттар сакталуучу жай
Хвостохранилища в Майлы-Суу - Sputnik Кыргызстан
Уулуу заттар сакталуучу жай

2019-жылы Евросоюздун эсебинен Кыргызстандагы уран калдыктарын сактоочу үч жай (Майлуу-Суу, Миң-Куш, Шекафтар) калыбына келтирилмекчи. Иш качан башталары тууралуу азырынча кабарлана элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0