11:07 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Ректор ОшГУ Каныбек Исаков

Эңсеткен эне мээрими, ай жарыгындагы муз. Профессор Каныбек Исаковдун айылга каты

© Фото / пресс-служба ОшГУ
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)
290601

Бул сапар айылга катты ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жазды. Профессор жыл жаңырар алдында окурмандарды алакандай айылдагы сагынычтуу сезимге чакырып, эч жерден таба албаган эне мээримин эстетти.

Биздин каарман Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Тейит айылында жарык дүйнөгө келип, бир кезде албууттана аккан Чили-Сайдын суусун ичип чоңойгон.

Учурда Борбор Азиядагы эң ири окуу жайдын бири болгон Ош мамлекеттик университетин жетектеп, 32 миңге чукул студентти билим сересине учуруп келет.

Салам кат. Бул катты жазууну мен көптөн бери көздөп жүрдүм эле. Сааты келди окшойт.

…Биздин балалыгыбызда айылга каттар келээр эле, аскерден, окууда жүргөн ага-эжелерибизден. Чоң ата, чоң энелерибизге ал каттарды үн чыгарып окуп берээр элек. "Сагынычтуу салам кат, сагынганда жетсин бат, сагынганда жетпесе, саргайып кетсин ушул кат" деп башталып, "… Андагы Ала-Тоонун атыр жыттуу абасынан кере-кере дем алып жашап жаткан атама, апама, бир туугандарыма салам жолдоймун. Саат сайын эмес, секунд сайын келип-кетип турчу табийгаттын таш боор оору-сыркоолорунан тышкары ойноп-күлүп жүрөсүңөрбү?" деп башталчу ал каттар. Негедир киришүүсү баарыныкы окшош эле.

Заман зуулдап кат жазуу да жаңы формаларга өтүп, технология өнүккөн сайын жоголуп бараткансыйт.

Айылыма кат жазаар алдында мен да ушуларды эстеп, өткөн күндөрдү көз алдыман өткөрдүм. Жаңы жылдын алдында айланасын тоолор курчаган Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылыма, андагы ак эмгеги, бешене тер мээнети менен нан таап жүргөн айылдаштарыма кат жолдогум келди.

Биздин тамырыбыз да, таржымалыбыз да айылыбыздан башталат. Мени айылым менен жип сыяктуу бириктирип тартып турган бир нече ыйык касиеттүү баалуулуктар бар экен.

Атам, апам, бир туугандарым, балалыктан бирге моюндашып өскөн досторум, классташ, курбуларым, мектепте таалим-тарбия берген устат, агай-эжейлерим. Айылыбыздын ажайып кооздугу жана өмүр бою айылда күн кечирип, өмүрүн айылсыз элестете албаган, ар бири өзүнчө дүйнө, бири-бирине окшобогон аалам болгон айылдаштарым, мен силерди сагындым! 

Отец ректора ОшГУ Каныбека Исакова
© Фото / из личного архива Каныбека Исакова
ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун атасы

"Гектарчылардын" бүлөсүнөн чыктым

Тамекинин арасында чоңойдук. Оо, ал кезде таңкы 6да талаага кетип, түнкү 2ге чейин тамекинин түйшүгүн тарттык. Эрте жазда парник салып, тамекинин көчөтүн сээп, өстүрүп, отоп, анан эгип, чаап, сугарып, мээ кайнаткан күндүн ысыгында үзүп, ташып, тизип, илип, кургатып, таңгактап бүткүчө эле мезгил кеч күзгө айланып кетчү. Анда билбептирбиз, азыр эстесем, азаптын азабы экен. Айылда 10го жакын үй-бүлөнү "гектарчылар" деп койчу. Биздин үй-бүлө да гектарлап тамеки экчүбүз. Атам бригадир, апам болсо жетөөбүздү төрөп, багып чоңойткону аз келгенсип, талаалап, колхоздун да, үйдүн да ишин бирдей карачу. Өзү баш болуп аралашып иштечү. Нан жапкан, кир жууган күндөрү гана талаага барбай, үйдө калчу. Ошентип эмгек менен алпурушуп чоңойдук. Ак эмгектин дагы кайтарымы жакшы болчу. Бардар, ырыскылуу жашадык. Бирок ошондой күндөрү мага үмүт берген, тамдын башында, жыйылган чөптүн арасында жашырынып окуй турган, ар жеринде 5-6дан китеп жашырылган "китепканаларым" боло турган. Мени издешкенде ошол жерден таап, түшүрүшөөр эле. Ошол китептер гана мага башка дүйнө бар экендигинен кабар берип, ошол дүйнөгө ээрчитип кетээр эле. 

Мага бүтүндөй өмүрүбүз тамекиде өтүп кетчүдөй сезилчү

Апам, менин апама окшогон канчалаган апалар тамекиге ууланып, ооруп, көпчүлүгү 65ке чыкпай өтүп кетишкенин арман катары айткым келди. Апам 10 бала төрөптүр, анын үчөө ошол тамекинин уусунан болсо керек, 1-2 жашка чыкпай учуп кетиптир. Ошондуктан мен аларды билбей калдым. Апам дайыма ушул бир туугандарыңарга арнап куран окуп жүргүлө деп айтчу. Азыр жетөөбүз өз алдыбызча түтүн булатып, очор-бачар болуп, уул-кыздуу, алдыбыз небере-чеберелүү болуп калдык. Төртөөбүз жогорку билимдүү болдук, улуу агам менен улуу эжем ата-энебизге каралашып, бизди чоңойтобуз деп окуй албай калганына өкүнөм.

Учурда айылда демөөрчүлөр менен демилге көтөрүп, жаңы бала бакча салып, бүтүп калдык. Бала бакчанын атын "Апаке" деп коюп, айылдагы апалардын баарынын сүрөттөрүн илдирсемби деп жүрөм. Түйшүктүү күндөрдү көрүп, эми гана уул-кыздарынын колунан урмат көрөөрдө оо дүйнөгө узап кете берген, бейиши болгур апаларыбызга таазим болсун деген ниетте.

Азыр мен таң эрте ишке келип, кээде түнкү саат 10-11ге чейин иштегенимди көрүп "катуу иштейсиң, чарчабадыңбы" дешет, мен ушул иштердин баарын кошкондо, тамекиде иштеген 1 сааттын азабына тең келбес эле деп ойлоп кетем. Апамдын тандырга жапкан нандарын, азырга чейин келиндери, кыздары аңызга айландырып айтып жүрүшөт. А мен болсо апамдын ал нандарынын даамын таңдайымда, өзүм менен сактап жүрөм. 

Кыяматтан аман алып калган Ашим чоң атамдын тереги

…Биз анда 6-7 жаштагы курагыбыз, жакында кыямат кайым болот деген каңшаар кеп тарап, дүйнө бүтө тургандыгын, жашоо токтоп, аалам астын-үстүн түшүп кетип, кыямат күн келе тургандыгы улуу-кичүү эл чогулуп калган жерлерде айтылып калаар эле.

Мен, досум Асатилла, классташ кызыбыз Тургунай үчөөбүз кой кайтарып жүрүп, кантип биз кыяматтан аман калабыз деп, саардан кечке ойлонобуз. Бир күнү мен жол таптым. "Кыямат башталып, асман жерге көмкөрүлүп келе жатканда биз Ашим чоң атамдын 6-7 адамдын кулачы жетпеген бай терегине чыгып кетебиз да, аман калабыз" деп айтсам, аларга бул оюм жагып, көөнүбүз тынч болуп, кургуйдан чыгаар жооп издеген күндөрүбүздү эстейм. Балалыктын кыялкеч, таза, аруу асманына кетким келет.

Мектепте окуткан биринчи мугалимибиз Маматкадыр агайды Чыңгыз Айтматовдун Дүйшөнүндөй эле элестетем. Андан кийин бизди окуткан Асан агай, Апсатар агай, Төлөн агай, Осмон агай, Жунус агай, Айзада эжеке, Райма эжекелер биздин айылдын академиктериндей сезилчү. Биз аларга карап түздөнүп, ошолордой таза кийинип, билимдүү мугалим болгубуз келчү. 

Учительница ректора ОшГУ Каныбека Исакова
© Фото / из личного архива Каныбека Исакова
Каныбек Исаков: 8-класта окуп жатканыбызда Кадырова Райма эжеке Бишкектеги кыз-келиндер педагогикалык институтун жаңыдан бүтүп, келип, бизге класс жетекчи болуп калды. Ал баарыбызды жакшы көрүп, биздин класстын балдары баарыбыз Райма эжекебизди сүйүп калдык.

Райма эжебиз кесибибизге чыйыр салып бергенде

8-класта окуп жатканыбызда Кадырова Райма эжеке Бишкектеги кыз-келиндер педагогикалык институтун жаңыдан бүтүп келип, бизге класс жетекчи болуп калды. Азыр ойлосом, ошондо Райма эжекебиз 22лердеги жаш мугалим экен да. Биз менен тез эле аралашып кетти. Сабакта, пахта теримде, конкурс, фестивалдарда, спорттук оюндарда, экскурсияларда эжекебиз бирге болду. Ал баарыбызды жакшы көрүп, биздин класстын балдары баарыбыз Райма эжекебизди сүйүп калдык. Эч кимибиз эжекебизди таарынтып алууну каалабайт элек. Бизге чын дилинен күйөрман болгондуктан, кароо-сынактарда классыбызды туура эмес баалап коюшса, кадимкидей ыйлап жиберчү. 10-класста окуп жүргөнүбүздө эжекебиз турмушка чыгып кетти. Аны колубуздан алдырып жибергендей болуп, негедир мугалимибизди кызганып, мектепке баргыбыз келбей жүрдү.

Ошол күндөр биздин келечек тагдырыбызды аныктап койгон экен. Себеби эжекебизге таасирленип көпчүлүгүбүз мугалимдик кесипти тандадык. Классташтарыбыздан күмүш медаль тагынган Элмира биолог, Жумагүл физик болушса, мен филолог, Мырзабек математик, Аширали химик болуп баарыбыз мугалим болуп кеттик. Азыр биздин мектепте классташыбыз Аширали директор болуп иштеп жатат. 

Школьные годы ректора ОшГУ Каныбека Исакова
© Фото / из личного архива Каныбека Исакова
Каныбек Исаков: классташ балдарыбыз кыздарга ашыктык кат жазып бер деп суранып, аларга сезим козгогон каттарды, ырларды жазып жүрүп, чыгармачылыкка ооп кеттим. Сүйүү эмне экенин билбей туруп, көрсө сүйүү жөнүндө жазып жүрүптүрмүн.

Кат жазгыч болгон кездерим

Классташ балдарыбыз кыздарга ашыктык кат жазып бер деп суранып, аларга сезим козгогон каттарды, ырларды жазып жүрүп, чыгармачылыкка ооп кеттим. Сүйүү эмне экенин билбей туруп, көрсө сүйүү жөнүндө жазып жүрүптүрмүн.

6-класстан баштап райондук, республикалык пионердик гезитке макалаларым, эсселерим чыга баштады. Ал күндөрү менден бактылуу адам жок эле. Төртүнчүдө окуп калганыбызда классташ балдар Маматали, Кошмамат, Аширали, Айтмамат болуп Касымалы Жантөшевдин эки томдуу "Каныбек" романын колдон-колго өткөрүп, таасирленип окуп, адабият дүйнөсү бизди оп тартып кетти. 5-6-класста окуп жүргөндө эле Жек Лондондун "Мартин Иден", Майн Риддин "Башы жок чабандес", Исай Калашниковдун "Каар заман" романдарын окуп, дүйнөлүк адабияттын ажайып ааламына аралашып, талашып-тартышаар элек.

1980-жылы Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаровдор Олимпиада чемпиондору болуп келгенде, ага шыктанып биз да чемпион болобуз деп штанга жасап, таш көтөрүп, Сатымкул Жуманазаров өтүкчөн чуркаган экен деп биз да таң эрте өтүкчөн чуркап спортко аралаштык.

Ал эми мектепти бүтөр жылы өзүбүздү кадыресе бойго жеткендей сезип, айылдын башынан аягына чейин түнкүсүн магнитофон көтөрүп, гитараны моюнга асып, жакшы көргөн кыздарыбыздын эшигине жакындап барып ырдап-ырдап келе берчүбүз.

Ай жарыгында чана тепкен күндөр

Ал эми кыштын күнү айдын жарыгында чана тепкен балдар-кыздар көчөгө толуп кетчү. Түн бир оокумга чейин чаналарга чиркешип, 20-30 чана менен паровоздой жогорудан ылдый көздөй кетчү элек. Зуулдаган бойдон зымырап, теребел каткырык күлкүгө айланып, айыл жаңырып жатып калчу.

Газета-журналдар убагында келип, радио түйүндө жаңылыктар айтылып, китепканалар иштеп, клубдарда спектакль, концерттер коюлуп, айылыбыз өзүнчө эле шаңга батып жашачу.

Айылыбыздын үстүнөн жайы-кышы Чили-Сай дарыясы күргүштөнүп агып, түнү менен анын шоокуму ар бир үйгө угулуп турчу. Азыр Агарт, Кезарттан башталган Чили-Сай дарыясы какшып турат. Анткени анын агымын Сахабадан эле "Найман" суу сактагычына буруп салышкан. Азыркы балдар Чили-Сай дарыясынын шоокумун укпай калганына өкүнөм.

Мать ректора ОшГУ Каныбека Исакова
© Фото / из личного архива Каныбека Исакова
Каныбек Исаков: апамдын көзү тирүүсүндө айылга тез-тез каттачумун. Апамын мээримин сагынып, берээрге чайын таппай, жапжаңы төшөнчүсүн кабаттап салдырып, менин келгениме маңдайы жарыла сүйүнүп, айланып-үйрүлгөн апамды эстейм. Анын элесин издейм

Апамдын мээримин эч кимден таба албадым

Айылды сагынам. Кээде түшүмө кирет. Апамдын көзү тирүүсүндө айылга тез-тез каттачумун. Апамын мээримин сагынам. Берээрге чайын таппай, жапжаңы төшөнчүсүн кабаттап салдырып, менин келгениме маңдайы жарыла сүйүнүп, айланып-үйрүлгөн апамды эстейм. Анын элесин издейм. Андай мээримди, касиетти, мамилени, жылуулукту эч кимден таба албадым. Апамдын арбагына багыштап куран окуп, бейишин тилеп, сабыр канаат кылып жашап жүрөмүн.

Азыр айылда атам жашайт. Биздин тирегибиз да, дөөлөтүбүз да атам. 90дун ашын ичип, уул-кыздарынын сый-урматын көрүп, небере-чебере күтүп, алардын бетинен сүйүп, бактап-шактап, бак-дөөлөткө тунуп жашап жатат атабыз. Кудайдан атабыздын өмүрүн тилейбиз. Беш маал намазын үзбөй окуп, эли-журтубузга арнап бата кылып, айылдын жакшылык, жамандыгында башында турган аталарыбыз бар болсун, узак-узак жашашсын деп тилек кылам.

Биздин балалыгыбызда узун көчөдөн турган чакан айылыбызга азыр жаштар үй-бүлө күтүп, үй салып, айылыбыздын уучу узарып, керегеси кеңейип баратат. Ар бир үйдө жаш балдардын үнү, күлкүсү, шаңы угулат.

Кээде художниктерди, киночуларды, фотографтарды алып барып, ар бир айылдашымдын сүрөтүн тарттырып, сөзүн жаздырып, айылыбыздын керемет картинасын тасмага түшүрткүм келет.

Таң эрте күндүн нуру Алтын-Бешик менен Алтын-Казык тоолорунан көрүнүп, айылыбызда дагы бир таң атат. Күн бою өз тиричилиги менен алектенип, айылдаштарым күн Кузгун-Ташка батып баратканда бир күндү узатышат. Агарып таңдын атканын, кызарып күндүн батканын көрүп айылыбыз өзүнүн ритминде, өз философиясы менен жашоо кечирип жатат.

Бир өмүргө керектүү руханий азыктардын көрөңгөсүн, үрөнүн мен айылымдан алдым.

Жаңы жылда айылыбыздын ар бир үйүндө жакшылыктар болсун, наристелер төрөлсүн. Бешик тойлор, жентек тойлор, тушоо кесүү тойлору, сүннөт тойлор, үйлөнүү тойлору боло берсин. Ошол жакшылыктардын төрүндө айылыбыздын аксакалдары, аталарыбыз, апаларыбыз балпайып отуруп, батасын берип, бар болушсун!

Урматым менен уулуңар, профессор Каныбек Исаков.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)

Тема боюнча

Акын Зайырбек Ажыматов айылга кат жазып, таенесин, бала чактын өксүктөрүн эстеди
Бакыт Орунбеков айылга кат жазды. Чийилген пластинка, эсти оодарган эки тыйын...
Белгилер:
айылга кат, айыл, Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Каныбек Исаков, Ноокат

ЭҢ МААНИЛҮҮ