Дастанчы Өмүрзак Кайыпов: отуздан ашканда ээн тамда ыйлап… Айылга кат

© SputnikСказитель и дастанчи Омурзак Кайыпов
Сказитель и дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дастанчы Өмүрзак Кайыпов айылга кат жазып, ата-энесине болгон сагынычын эстеди. Аскерде кызмат өтөп жүргөндө ага кат жазып, насаатын айткан мектеп директору Калымбай Үсөновго салам жолдоп, айылдаштарына аманчылык каалады.

Айылга кат жолдоп жатып, көп ирмемдерди эстедим. Алар аскерде жүргөндөгү каттар, студент кезде айылга сагынычты тизмектеген учурлар, анан элеп-желеп болуп жөнөгөн мезгилдер, апамдын башымдан суу тегереткен ырымдары… айтор, Sputnik Кыргызстандын "Айылга каты" ностальгияга жетеледи.

Ыйлаткан аскердик каттар. Эң негизгиси, көзгө жаш алып окуган каттар аскерде кызматты жаңы өтөп баштаганда болгон. Айылдан кеттиң, алды кийин мынча алыс аймакка жана узакка чыгып көргөн эмессиң дегендей. Мен биринчи жылы Азербайжанда кызмат өтөп, экинчи жылы Украинага которулдум. Армияга жаңы түшкөнсүң, сенден мурда барган жигиттер аскерликтин айтылбаган "ички мыйзамдарды" колдонуп сенин тагдырың менен ойнойт, басмырлайт. Айыл көздөн учат. Ошонун баары ичтен сызылып чыгып, анан кат жазасың, албетте, биринчи иретте ата-энеңе жолдойсуң. Кат жазып жатканда эркек болсоң да, кыйналганың үчүн көзгө жаш албай коё албайсың. "Айылдагылар кандай жүрөт" деген саптарды кагазга түшүрө баштаганда киндик кан тамган жериң кудум кинодогудай көз алдыңа тартылат. Мен жайлоодо чоңойгондуктан, ал өзүнчө бир кол жеткис болуп сезилет. Ышкындын, кымыздыктын даамы эске түшөт. Агып кеткен көз жашыңды баракка тамызбаганга аракет кыласың. Армиянын башталыш күндөрү кызылдай эле кыйноо болучу…

© Фото / из семейного архива Омурзака КайыповаБалалык кезден ирмемдер. Өмүрзак Кайыпов агасы экөө эпейип эшекти минип турат
Дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Балалык кезден ирмемдер. Өмүрзак Кайыпов агасы экөө эпейип эшекти минип турат

"Сагынычтуу салам кат. Токтогулдун атыр жыттуу абасында жашап жаткан алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу апама, атама салам айтам. Кандайсыздар, айыл-апа тынчпы" деп баштоочу элем, эмнегедир. Же ошондой стандарттарыбыз болгонбу, эсимде жок. 

Аскерде жүргөндө биринчи катты алгандагы сүйүнүч тоодой болчу. Азыр баамдасам, дал ошондой кубаныч сезимге кыздуу болгондо туш болгом.

Депутат ЖК Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Депутат Садык Шер-Нияздын айылга каты. Өкүнткөн Дубан агай менен кайран эжекелер
… Казармада катты окуган учур өзүнчө бир аялуу, ыйык ирмемден болор эле. Сенин ал учуруңду эч ким көрбөшү да, сага эч ким жолтоо болбошу да керек. Кат келгенде командирлер таратчу. Ал жакта тартип ошончо катуу кармалганы менен, катты эркин, каалаган жагыңа барып оку деп мүмкүнчүлүк берет. Колуңа тиери менен бурч-бурчка кетесиң. Биринчи катты жыйырмага чукул жоокер чогуу алдык. Баарыбыз ар жерде отуруп алып окуп, ыйлап жатканыбыз көз алдымда. Ар кыл улуттун балдары – тажиктер, казактар, татарлар, грузиндер, чечендер, орустар, украиндер эле. Биринчи катты алганда жашыбаган бир дагы жоокерди көргөн жокмун. Каттын улутка, жашка, расага карабаган таасири, касиети бар экен деп ойлоп койгом. 

Алар "кыйналбай жүрөсүңбү, өзүңдү жакшылап кара, тыйының барбы, курсагың токпу " деп жазат ата-энеге гана тиешелүү болгон камкордук, мээрим менен. Ого бетер эреркейсиң. 

Анан бир чоң ишке отургандай камданып, кайратыңды жыйнап, "баары сонун, эч нерседен кыйналган жокмун" деп калпты жазасың. Катты апабыз менен атабыз кирип келүчүдөй күтчү элек да. 

Айланайын, агайым ай! 

Эки жаш кичүү инимден мектептин директору Калымбай Үсөнов дарегимди сурап алып, эмнегедир мага аскерге кат жазыптыр. Ал мага ушунчалык кайрат болуп, шыктандырган. Ата-энең айланып, үйрүлүп башка маанайда жазат. Ал эми мугалим, педагогдун каты таптакыр башкача күч берет экен да.

Атактуу төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Жеңишбек айылга кат жолдоп, жон-кырда кеп салган жомоктуу чалдарды жоктоду
Агайым ден соолугумду сурап, аскер ушундай болорун, ал жакта өзгөчө таалим-тарбия алуу зарылдыгын, Ата мекенди коргоо деген эмне экендигин билүү керектигин жазыптыр. Өзүмдү кантип алып жүрүшүмдү, эмнелерди өздөштүрүүм керектигин тизмектеп бериптир. Мен ушунчалык толкунданган элем. Жоокерлер кат мектеп директорунан келгендигин билип, абдан таң калып, "директор да кат жазат бекен, агайларыбыз бизди абдан сөгөт эле, бизден кутулганына сүйүнүшкөн" дешкени эсимде. А мага алардын директорлорунун мындай мамилеси абдан таң калычтуу болгон. 

Азыр эстесем, Калымбай агайымдын педагогдук улуулугу экен. Ал киши физиканы окутчу эле. Сабакты да өзгөчө, шашпай, жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрчү. Кийин баамдасам, анын предметинен жетишпей, өздөштүрө албай артта калган балдар да, кыздар да болбоптур. 

Биз окуган мезгилдери Юрий Гагарин атындагы орто мектеп деп аталчу, кийин Кызыл-Туу орто мектеби болуп өзгөрдү. 

© Фото / из семейного архива Омурзака КайыповаӨмүрзак Кайыпов кээ бир учурларда айылга, кымыз жыттанган боз үйгө, ышкын өскөн жайлоого жөнөп кеткиси келерин айтып берди
Дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Өмүрзак Кайыпов кээ бир учурларда айылга, кымыз жыттанган боз үйгө, ышкын өскөн жайлоого жөнөп кеткиси келерин айтып берди

Азыр агайыма ушул катым аркылуу салам айтам. Калымбай агай, ден соолугуңуз жакшыбы, амансызбы? Мен сиздин күүлүү-күчтүү жүрүшүңүздү каалайм. Сиздин эмгегиңиз үчүн ыраазылыгымды дагы бир ирет айтып кетким келди. 

Башыма суу тегеретип, фашисттерди жеңгендей тосуп алышканда…

Айылга кат албетте, ата-энемди эстетти. "Атам менен апамды мен гана ушунчалык жанымдай жакшы көрөм, мендей эч ким ата-энесин мендей эч ким жакшы көрбөйт" деп ойлочумун. Ар бир балада, ар бир пендеде эле мындай сезимдер бар экенин кийин билип жүрбөймбү. 

Каттан дагы элестүүсү Токтогулга бараткан учурлар. Мүмкүнчүлүк жаралар замат үйгө зымырайбыз. Киндик каның тамган жерге сааттап, мүнөттөп жакындаган сайын жолдогу сага тааныш ар бир ташы, бак-дарагы жүрөккө ушундай бир жакын болуп, сезимдериңди козгойт. Жүрөк элеп-желеп. 

Кыргызстандагы атактуу адамдарды бири, куудул Борончу Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куудул Борончу Кудайбергенов айылга кат жазып, тердеткен текшерүү ишти эстеди
Айылга жетип, көчөдөн бурулганда эле жардап карап турушат. Жоон топ делегация тим эле фашистти жеңип келгендей тосуп алышар эле. Арасында кошуна апалар, жеңелер, албетте, тестиер бөбөктөр да жүрөт. Элибизде салттарыбыз да көп эмеспи… Апамдын башымдан суу айлантып чачып, жалынып-жалбарып тосуп алганы азыр да көз алдымда. Ал сезимдерге эгер дагы тереңирээк кирсем, ушул жашка келгениме, өзүм азыр ата болгонума карабай көзгө жаш тегеренип кетет. 

13 баланын кенжесимин. Абдан эркелеп чоңойгондуктанбы, айылга дайыма кетким келип турганы турган. Ал эмес кээ бир учурларда иштин баарын таштап жөнөп кеткен учурлар болду, бирок ата-энең бардай болбойт. Буга бир туугандарым капа болушпайт, себеби, бул ачуу чындык. 

Отуздан ашканда көздөн жаш кылгырып… 

Бир окуяны эстедим… Атам эртерээк өтүп кеткен. Апам каза болгонуна 2-3 жыл болуп калган. Айылга айтпай-дебей эле барып калдым, жыйым-терим учуру эле. Агам бала-чакасы менен огороддорун чапканы чыгып кетиптир, үйдө эч ким жок. Сагынып барган элем. Короо-жайды кыдырып чыктым, бирок эле үйгө кире албайм да, бир жан жок. Ушундай жаман болдум. Себеби бапырап, бака-шака болуп тосуп алганга көнүп калыптырмын… Кошуналар үйгө кир деп, жан алы калбай чакырышты. Кайра келип, дагы бир-эки сааттай күтүп отурдум. Анан чоң жолго чыгып, ыйлап алып, райборбордогу эжекемдикине кетип калганым азыр да эсимде… Анда бир отуздан ашып калган, чоң эле киши болуп калган учурум эле. 

Айылдын касиети ушундай… Ата-эне бала үчүн ушундай бир баа жеткис. Канча жакшы чыксак деле, көзү өтүп кетсе деле биздин дилибиздин тээ түпкүрүндө алар бизге түркүк жана тирек. Бул катты жазып жатып, айылдыктар бар болсун, карыялар, байбичелер көп жашасын демекчимин. Ал эми айыл бизди дайыма өзүнө тартып, бир сагынычка жетелеп, ошону менен эле дем-күч берип турган касиеттүү дүйнө. Аманчылыкта болгула, айылым жана айылдаштарым!

Жаңылыктар түрмөгү
0