Ошентип, кат жазууну баштадым. Эгерде балалыкты эске салсам, мектепти өтө жакшы окуган жокмун. Чынын айтсам, жипке тизген шурудай эмес элем. Гүлдөрдү сындырып, дагы башкасын төгүп алып, балдарды уруп коюп, айтор, шогураак болчумун. Айылды эстегенде улактарымды кайтарып, тоодо чөп чаап жүргөн кездерди көп ойлойм.
Каттарды катырган кездерим. Бир тууган агам Украинанын Десна деген аймагында аскердик кызматын өтөгөн. Эл жумасына же айына бир нече ирет жазса, мен агама күнүгө жазчумун.
"Биринчиден ден соолугуңуз кандай, экинчиден аба ырайы кандай" деген суроолор коёндой окшош сөздөр менен тизмектелчү. Андан да үчүнчүдөн"бизди сагындыңызбы, эмне жаңылык?" деп сурай берээр элем. Аскерде жүрсө кайдагы жаңылык деген ой анда кайдан келиптир…
Агам менин көңүлүмдү калтырбайын дейби, айтор, "эртең менен саат алтыда турабыз" деп баштачу жаңылыктарын. Кайра эле эртеси күнү ошол учурда кат жазганга отурмай, суроолорго коюлган үтүрдүн орду да өзгөрүп койсочу… Балалык кез экен да.
Азыр кат эмес СМС аркылуу кабарлашып калбадыкпы… Эми бул мезгилдин өзүнүн өзгөрүүсү окшойт да. "Кандайсың, жакшы турасыңбы?" деп бадырайта жазылган сүйлөмдөр жок. Кыска-кыска сөздөр менен чектелебиз.
Мен үчүн кат алыс жерде жүргөн тууган-уруктун ал-ахывалын сурап, амандыгын билүү болчу. Киши катты сагынганда жазат деп түшүнөм. Шатыра-шатман болгон менен жүрөктө бир кусалык турат… Кат десе, киндик кан тамган жеримди эстейм…
Жүрөккө тынчтык бербеген кыр
Айылга кире бериште кыр бар. Ошол жерге барганда жүрөгүм ойноп кетет, аны токтотууга мүмкүн эмес. Таңгалычтуусу — үйгө жеткенде ал сезимдер жок болот. Мунун эмне экендигин чынын айтсам, түшүндүрүп деле бере албайм… Чөп чаап, улактарымды кайтарган күндөрдү эстеймби, билбейм.
Жүрөгүм ушинтип лакылдап кетти десем, үйдөгүлөр "жүрөгүңдү бир текшертип койчу" деп чын эле мандем бардай кабыл алышат. А мен муну туулган жердин касиети деп билем.
Эсимде. Кичинемден тарта эле сырттын иши менен болдум. Уйдун алдын тазалап, кар күрөп, чөп жыйнап, улак, кой кайтарчумун. Чынын айтсам, үй ишинен качып, күнгө күйгөнүмө кайыл болуп сыртта жүрө берчүмүн. Ал эми эжем менен сиңдим үйдүн ишин кылчу. Ошентип 11-классты бүткөнчө эркек баладай болуп жүрдүм.
Кыязы чоңоё баштадым окшойт, анан училищеде окуп жүргөндө апамды "тигип бериңиз, көйнөк, юбка кием" деп чыктым. Ага чейин жалаң шым кийип жүрүп, чоңойдум. Кээде агаларымдын шымдарын "менчиктеп" алар элем. Ошентип апамдын колунан чыккан көйнөктү кийип, башкаларчылап боёнгонду үйрөндүм…
Бул катты жазып жатып, айылга бир ирет барып келгендей болдум
Атам 2010-жылы, апам былтыр, декабрда өтүп кетти. Жаратым жаңы болгон үчүнбү, азыр апамды көп эстейм, тигип берген көйнөктөр дале күнү бүгүнкүдөй жанымда. Айткан акыл-насааттарын кайрадан көз алдымдан өткөрүп чыгам. "Апам күйөөңө карап жүр, айтканын кыл" дечү эле. Кудайга шүгүр, кайын-журтум жакшы. Азыр көп нерсени кайнежем үйрөтөт. Мындайча айтканда мен үчүн "туруп берет". Андыктан апамдын сөзү текке кеткен жок деп эсептейм.
Эсимде. 2008-жылы цирктин имаратында концерт бердим. Ата-энемди эрте алып барган үчүн ичи бош эле. Кийин айтып берсе, эл келеби-келбейби деп абдан санааркашыптыр… Ошентип концерт бүттү, үйгө кетип баратсак эле апамдын эки көзү эки тоодой. Чочуп кеттим. Көрсө, санааркап, убайым тартып ыйлай бериптир да. Сурасам, "сүйүнгөнүмдөн ыйладым да, балам" деп коёт.
Атамды көргөн өлбөсүн
Экөөнү тең ээсине бергендиктен, айылдагы карыяларды көргөндө кадимкидей канааттанып калчу болдум.
Айылдаштарыма айтаар сөз. Мен чоң турмушка аттанганыма көп болду. Балапан кезде өскөн үйдү таштап учуп кеттик. Азыр "апа, сагындым, сен аябай жакшы адамсың деп айттым бекен, ата, сени жакшы көрөм, мени тарбиялаганыңа рахмат дедим бекен" деп ойлой берем…
Замандаштарым, силер да ата-энеңерге кат жазбасаңар да телефон чалып, ал-ахывалын сурап, жылуу сөзүңөрдү аябагыла. Бир ооз жылуу сөз. Ал ата-энеге канчалык жагымдуу, канат-бутак болорун билбейсиңер. Ошенткиле.
Силерге жакшылыктарды каалап, кызыңар Роза Шакирова.