Бактыбек Мамытов айылга кат жазды. Бай түп алма, чоң эне, ак боз атчан караан

© Фото / предоставлено Бактыбеком МамытовымКРдин Эмгек сиңирген артисти, "Даңк" медалынын ээси, КТРКнын диктору Бактыбек Мамытов
КРдин Эмгек сиңирген артисти, Даңк медалынын ээси, КТРКнын диктору Бактыбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн бул сапар айылга катты алтын үндүү адам, КРдин Эмгек сиңирген артисти, КТРКнын диктору Бактыбек Мамытов жазды. Катында айылына ааламдай болгон сүйүүсүн жазып, бай түп алма бакты чоң апасына салыштырды. Сагыныптыр...

Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРдин Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куудул Келдибек Ниязовдун айылга каты. Оозун аңырдай ачкан кемпир жана күлкү
Менин айылым Бишкектен анча алыс эмес, кол сунсаң жетчүдөй, тоолордун арасында жайгашкан. Жарым саатта эле жетип барып, айылымды аралап, бактылуу балалыктын издерин басып, сагынычыңды таратып алсаң болот. Бирок, мен айыл десе эле дүйнөдөн эбак өтүп кетишкен ата-энемди, чоң апамды, эки карындашымды ойлойм. Анан "атаңды көргөн өлбөсүн" дегендей айылдаштарымды биринен сала бирин эстейм. Аларды көргөн сайы, чын эле ата-энемди, чоң апамды көргөнсүп, көңүлүм жайлана түшөт. Ал турсун 15 жашымда жаңы отургузулган совхоздун алмасынан бир түбүн жулуп келип отургузган алмам азыр карып калды. Аны эмнегедир чоң апам Калдыкка окшоштуруп алам. Айылыма барган сайын аны менен учурашып, түбүндө көлөкөлөп жатып, жаш кезимди, балалык күндөрүмдүн элестерин көз алдымдан чубуртам. Ошол алмага арнап жазган ырымды Жамиладан бөлөк эч ким окуй элек.

Чоң апам болуп калган.
Көп эле алмалардан,
Бир чоң түп алма калган.
Окшошот чоң апама,
Таягын кармап алган.
Дайыма күтүп турат,
Көрүнүп алда кайдан!

***

Барганда кучакташам,
Кетээрде кучак жазам.
Экөөбүз "шыбырашып",
Эзиле "ушакташам".
Кетээрде айтам аган,
"Таарынам узатпасаң".

***

Картайып ошол алмам,
Чоң апам болуп калган.
Мен андан кубат алам,
Жакшылык тилек айтып,
Сөзүмдү угат анан.

***

Мен кайра келгичекти,
Жол карап турат анан.
Мөмөсүн жаңы бышкан,
Жей гой деп сунат маган,
 — деген саптарым бар. 

© Фото / предоставлено Бактыбеком МамытовымБактыбек Мамытов небереси менен
Известный диктор, заслуженный артист КР Бактыбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Мамытов небереси менен

Азгырыктуу алма, ак боз атчан атам

Президент сообщества Кыргыз тили Раимжан Курбанов - Sputnik Кыргызстан
Раимжан Курбановдун айылга каты. "Добрый вечер, катасы болсо кечир"
Алма демекчи, кичине кезимде балдар менен көчөнүн аягында "Чоң суунун" жанына казылган чоң аңга суу толтуруп алып түшчүбүз. Жайдын аяктап бара жаткан маалында ошол сууга түшүп жатып, алма тууралуу кеп болуп кетти. Ал кезде биздин айыл "Алмалуу" деп аталганы менен бир эле кишинин үйүндөгү 4-5 түп алмасынан башка, эч кимдикинде жок эле. Сүйлөшүп жатып, алманын жыты мурдубузга келгендей болуп, бардыгыбыздын шилекейибиз чууруп кетти. Анан бул "идея" кимибизден чыкканы алигүнчө эсимде жок, "төмөн түшүп барып, "Торпунун" этегинде жайгашкан алма-өрүктөн жеп келбейлиби" деп калдык. Айтып бүтүп-бүтпөй эле кийинип жөнөдүк. Ал айыл Ылдыйкы Серафимовка деп аталып, бизден 15 чакырымдай узак жерде эле. Ага тоолорду аралап өткөн, эски жол менен барчубуз. Аны менен атчан же жөөлөр гана каттай алат. Алманын азгырыгы менен "барып, алмадан айда деп, койнубузга да салып, кечке чейин үйгө келип калабыз" дедик төртөөбүз. Курсагыбыз ачкан, чарчап-чаалыктык, биз жеткенче эле кеч кирди. Артка кайтканда дарманыбыз калган жок. Кетебиз десек, караңгыда тоолордун арасында калчудайбыз. Албетте, тоюшубузча жедик. Кыйраткан деле жокпуз, бир-экиден жегенден кийин эле, андан ары өтпөй калды. Мен конок бала менен азыркы Туз айылындагы Жамбы эжемдикине, Токтон менен Сарыбай Боз-Бармактагы таякесиникине кетишти. Эртең менен Жамбы эжем экөөбүздү ойготуп, "бол, жолго чыккыла, издеп жатышкандыр", — деп жөнөтүп жиберди. Айткандай эле, "Торпунун" үстүнө чыкканда эле ак боз атчан атам көрүндү. Жүрөгүм "болк" этип, башымды ылдый салып, кыбырап калдым. Жаныбызга келгенде атам "Ии, эргулдар, кайда жүрөсүңөр?" деди жайбаракат. Опкоолжуган жүрөгүм ордуна келгенсиди. "Жамбы эжекемдикине барганбыз" дедим. Атам бара бергиле, мен учурашып келейин деп түз бастырды. Түпөйүл болгон жаным жай алып, үйгө кантип жеткенибизди билбей калдык. Ал эми апам мени жемелемек тургай, эшикке чыгып кайра келген сымал чоң апам экөө эжекемдин ал-жайын сурап жатышты. Кат жазып жатып, эмнегедир ушул окуяны эстедим…

Азыр алма төгүлүп жатат, ал эми ошол карылар сээлдеди

Ырчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтобүбү Черикчиеванын айылга каты. Апам тартуулаган бакыт, телеграфта калган издер
Эсимде… Айылыбызда ал кезде алма жок болгону менен, чоң ата, чоң апалар айылдын аксакалдары менен бактылуу турмушта, бакубатчылыкта жашадык. Азыр ата-энем болбосо да, аларды көрүп калгандар аман болушса экен деп тилек кылган менен учкул мезгил, убакыт жүрүшүн жайлатпай, өз мыйзамын ишке ашыра берет тура! Эми айылда алардан бир-экөө эле калды. Ал эми алмалар ар бир үйдө бышып, төгүлүп, терилбей жатат. Жолдор баягыдай эмес, асфальтталып, зуулдап, бир күндө бир эмес, кааласаң бир нече жолу катта. Ошондой болсо да, ар бир ирет айылымды көргөн сайын чоң апа, чоң аталарды, ата-энемди эстеп сагына берем. Бар болгула, айылдаштарым! Силерге аманчылык, ден соолук, бакубат турмуш каалайм! Айылымдын жарыгы жанып турсун! Мен силерден дем-күч алам.

Унутуп калсын дейби, убакыт учат бачым…

Катымды силерге арналган "Ааламга кеткен жолум" аттуу жаңы эле жаздырган ырым менен аяктайм.

Атамдан бата алып,
Апамдан бата алып,
Сен мени узаткансың,
Кырлардан аша барып.
Сагынып өпкүм келет,
Сага мен жата калып!

***

Үмүттү тутанткансың,
Үйүмдөн узаткансың.
Унутуп калсын дейби,
Убакыт учат бачым.
Кучактап тосуп алчы,
Кумардан кучак кансын!

***

Алысты чалып барган,
Ааламга алып барган.
Ата-энем, айылым сен,
Ал турмак балалыгым,
Өзүңдө калып калган.

***

Бир кезде жеткен элем,
Бактыма жетмек элем.
Сагынып жүрөөрүмдү,
Сага айтпай, сезген элем.
Эч качан унутпайм деп,
Өзүмчө чечкен элем.

***

Көп жолдор баткак экен,
Көп жолдор таштак экен,
Бош калган жолдор да көп,
Бозоруп жаткан экен.

***

Тагдырдын көйгөйлөрү,
Көп өттү баштан эчен…
Ааламга кетчү жолум,
Бар болгун аман-эсен.

Кат жазган, уулуңар КРдин Эмгек сиңирген артисти, "Даңк" медалынын ээси, КТРКнын диктору Бактыбек Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0