Бегимай Карыбекова "Аалам сулуусунда" ким менен ат салышат. Сүрөт

© Фото / Рустам ТалиповОбладательница титула "Мисс Кыргызстан — 2017", модель Бегимай Карыбекова
Обладательница титула Мисс Кыргызстан — 2017, модель Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Таиландда өтө турган "Аалам сулуусу — 2018" сынагына катышып жаткан кыргызстандык кызга атаандаш болгон дүйнөнүн ар кыл бурчундагы сулуулардын сүрөтүн сунуштайт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бул аптада Бангкокто (Таиланд) "Аалам сулуусу — 2018" сынагында ат салышчулардын кароосу башталып, ага кыргызстандык сулуу алгач ирет катышууда.

Замира Крейг аттуу кыргызстандык айым АКШда өткөн Miss Asia USA — 2018 сулуулар сынагында Mrs Europe Global номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык аял АКШдагы сулуулук сынагында жеңишке жетти
"Аалам сулуусу — 2018" дүйнөдөгү белдүү деген сынактардын катарында турат.

Быйыл бьюти-таймашка 95 мамлекеттин бийкечтери катышып жатат. Алардын арасында Кыргызстандагы ийгиликтүү модель жана "Кыргызстан сулуусу — 2017" мелдешинин жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова да бар.

Sputnik Кыргызстан редакциясы Карыбекова менен ааламдын сулуусу деген ат үчүн ат салыша турган дүйнөдөгү башка ажарлуу кыздардын сүрөтүнө баам салат.

Бьюти-таймаштын финалы 17-декабрда болот. Мыкты, ажарлуу деген чүрөккө сынактын мурдагы жеңүүчүсү, Түштүк Африканын жараны Деми-Ли Нель-Петерс сулуунун таажысын кийгизет.

Жеңүүчү ак алтындан жасалып, сапфир менен бриллиант чөгөрүлгөн таажыга ээ болот.

Быйылкы жарышка тарыхты биринчи ирет трансгендер-кыз катышууда. Ал Испаниянын намысын коргойт.

"Аалам сулуусу — 2018" сынагынын бьюти-кароосу 1952-жылдан берип уюштурулуп келет. 1996-2015-жылдары ага АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп ээлик кылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0