Мектепке бара албаган балдар үйдөн кантип билим алса болот? Жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековПригородная средняя общеобразовательная школа
Пригородная средняя общеобразовательная школа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Кыргызстанда мектепке барып билим алууга мүмкүнчүлүгү жок балдарды үйүндө окута турган токтом чыгып, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган документ ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же катуу ооруга кабылган мектеп жашындагы балдардын билим алуусун камсыздоо максатында кабыл алынган. Жобо качан ишке кирет жана билим алам деген балдардын ата-энелери эмнелерди билиши керек? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү министрлигинин адиси Салтанат Мамбетова айтып берди.

Жобо тууралуу

Мектеп окуучуларынын 2018 - 2019 - окуу жылындагы каникулу - Sputnik Кыргызстан
Мектеп окуучуларынын 2018-2019-окуу жылындагы каникулу. Календарь
2018-жылдын башында "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 33-беренесине мектеп жашындагы балдар башка формада да билим ала алат деген өзгөртүү киргизилген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда 474 бала үйдөн окутулуп жатат. Бул процессти мыйзамдын негизинде бекемдеп коюу максатында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же катуу ооруга кабылган мектеп жашындагы балдар үйдө окутула баштасын деген өкмөттүн токтому чыкты.

Кандай документтер керектелет?

Жободо жазылгандай, катуу ооруга кабылган (мисалы, операция болгон) баланын ата-энеси Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-көзөмөлдөө комиссиясына кайрылса, алар үйдө окуйт деген маалымкат жазып беришет. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү тармагындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын негизинде корутунду чыгышы керек.

Ата-эне ал маалымкатты алып райондук билим берүү бөлүмүнө барат. Аталган бөлүм бала жашаган аймактын мектебине жиберет дагы, ал жерден мектеп жетекчисинин буйругу менен окуучуга атайын мугалим жана окуу планы бекитилет.

Балдар акысыз окушабы?

Балдар акысыз билим алышат. Ал эми баланы үйдөн окуткан мугалимдин айлыгы өзү иштеген мектептин маяна фондусунан саатына жараша төлөнөт. Эгер мектептин мугалим жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда башка мугалимди келишимдик негизде саатына жараша төлөп берип жалдаса болот.

Жобо качан иштеп баштайт?

Мектептерди куруу боюнча долбоорлоого конкурс жарыялап, анда тандалган 5 долбоорду коомдук талкууга койду - Sputnik Кыргызстан
Заманбап мектептердин эскизи коомдук талкууга коюлду. Сүрөт
Экинчи чейректен баштап Билим берүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен дагы бир жолу балдарды үйдө окутуу боюнча жобо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Билим берүү министрлиги тарабынан атайын окуу планы иштелип чыгат. Экинчи чейрек башталганда ата-энелер маалым катты алып райондук билим берүү башкармалыгына бара берсе болот. Экинчи чейрек 12-ноябрда башталат.

Жобо Кыргызстандын аймактарына да тиешелүүбү?

Өлкөдөгү катуу ооруган же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бардык балдар жобонун негизинде үйдөн окуй алышат.

Жаш курагы чектелүүбү?

Кадимки балдардай эле 1-класстан 11-класска чейин, башкача айтканда, 7 жаштан 18 жашка чейинки мектеп курагындагы балдар окутулат.

Ооруга байланыштуу бала классынан калып калса кандай болот?

Бул боюнча ата-эне менен мектеп жетекчилиги сүйлөшүп, бир пикирге келет. Баланын жаш курагы менен буга чейин алган билимине жараша окуу программасы түзүлөт. Мисалы, эгер бала 3-класстан тарта ооруп, бир жыл билим ала албай калса, кайра ошол 3-класстын программасы менен окутула баштайт.

Маалымкатты бир эле жолу алабы же жыл сайын жаңыртып туруу керекпи?

Балдардын маалымкатына дарылоо бөлүмүнүн адистери убактысын жазып берет. Мисалы, ал маалымкат бир чейрекке, жарым же бир жылга чейин эле берилет. Эгер ал аралыкта баланын ден соолугу жакшырбаса, ал эми маалымкаттын же корутундунун убактысы бүтүп калса кайра тиешелүү жерлерге барып жаңылап келүү керек.

Балдар кандай окуу программанын негизинде билим алышат?

Үйдө окутула турган балдарга эки окуу программасы түзүлөт. Биринчиси — жалпы билим берүү программасы, экинчиси акыл-эс жагынан өнүкпөй калган балдарга ылайыкталат.

Бир балага бир эле мугалим бекитилеби?

Эгер башталгыч класстын окуучусу болсо бир эле мугалим, эгер чоңураак класс болсо, анда ар бир сабакка өзүнчө мугалим бекитилет. Болгону кээ бир сабактар бириктирилип өткөрүлүп калат. Мисалы, тарых сабагынан берген мугалим адам жана коомдон дагы сабак өтсө болот. Ошондой эле күн тартиби, план жазылып, ар бир балага кадимкидей журнал ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0