23:08 28 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531
Коом
Кыскача шилтеме алуу
737 0 0

Быйыл августта Кыргызстандын борбор шаары жаңы жетекчилүү болуп, анын башына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 46 жаштагы ишкер Азиз Суракматов келген.

Бишкектин мэри Азиз Суракматовго көпчүлүк үңүлө көз салып турган чагы, ананчы… Себеби, ага чейинки калаа башчыларынын көбү кызматынан кезектеги чырдан улам кол жууп келет. Калаанын жаңы башчысы булардын баарын эске алуу менен саясаттан оолак болууну чечкен көрүнөт.

Суракматов менен шаарды өнүктүрүү, борбор калаа мектептеринин аты чыккан директорлору, тартыш болгон унаа токтотуучу жайлар, аң-чөнөктөрдү жамоо ишиндеги мафия жана башка көп нерселер туурасында кеп козгодук. Чарбачыл Суракматов жеке жашоосу жана саясаттан кыйгап өтүүнү ылайык көрдү.

Жаңы мэр менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун шеф-редактору Эркин Алымбеков аңгемелешти.

— Бишкек — чакан шаар. Аны көркүнө чыгарып коюу татаалбы, кандай дейсиз?

— Алматынын бюджети 1,5 миллиард долларга чыгат. Бишкектин бюджети — 120 миллион доллар. Болжол менен 12 эсе аз. Бишкекти кулпуртуу үчүн акча керек. Кандай иш болбосун, башат каржылоону талап этет. Эгер биз резерв издөө жолу менен шаардын бюджетин көбөйтө алсак, анда, менимче, шаарды ыңгайлуураак, коопсуз, мурдагысындай жашыл кыла алабыз.

— Ал каражатты кайдан алуу боюнча пикирлер барбы?

— Шаардык бюджеттин көлөмүн жогорулатуу, кирешелүүлүк боюнча ойлор бар. Биринчи кезекте бул — бизнести өнүктүрүү. Бизнестин өнүгүшүнө болушунча жакшы шарт түзүп берүүгө тийишпиз. Алардын иши жүрүшүп, салык төлөп турса, анын эсебинен шаардык бюджет өсөт.

Бүгүнкү күндө жер салыгы боюнча эле 300 миллион сом жана жер ижаралоо үчүн миллиард сомдун тегерегинде аласабыз бар. Ага кошумча, муниципалдык мүлктү пайдалануу боюнча да карыз болгондор жок эмес. Резерв бар, эгер мамлекеттик-жеке өнөктөштүк так иштей баштаса, шаарда биз бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзсөк, Бишкектин салык базасы кеңейип, ага жараша шаардын бюджетинин көлөмү көбөйөт деп ойлойм. Менимче, ал каражат менен шаар тургундары самап келе жаткан көптөгөн жакшы долбоорлорду ишке ашырууга болот.

— 2019-жылдан тарта "Жоруктар жөнүндөгү" кодекс күчүнө кирет. Билишимче, анда көчөдө түкүрүнүү, белгиленбеген жерге таштанды ыргытуу сымал жаман адаттарга айып салуу каралган. Буга үмүт артасызбы? Бюджет резерви жаатында дегеним.

— Жаңы кодексти талдап көрөбүз, менимче, ал бюджеттин бир бөлүгүн толуктайт. Бирок андай айыптардан көп акча чогулта аларыбызга көзүм жетпейт. Көбүнесе шаардыктарды тартипке салса керек. Бул "Тазалыкка" көмөк болот.

Мэр Бишкека Азиз Суракматов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Азиз Суракматов 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган

Коомдук транспорт

— Коомдук транспорт көйгөйүн кантип чечүүгө бел байлап турасыз? Шаарды маршруткалардан арылтып, жер үстү менен жүрүүчү метро боюнча да кеп козголгону жадыбызда.

— Муниципалдык автобус жана троллейбустардын санын көбөйтүү маселеси турат. Маршруткалар өз милдетин аткарып, эл ташууда. Бишкектин учурдагы коомдук муниципалдык транспорт жетишсиздигин ошолор толтуруп жатат. Андыктан, аларга рахмат айтууга тийишпиз! Маршруткалардан таптакыр эле баш тартып салгыбыз келбейт. Алтургай, балким, биз акырындап чоң жүк ташыган автобустарды да жеке колго өткөрөрбүз. Бул дагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк.

Ошондой эле биз электрондук билетти киргизүүнү пландоодобуз, бул – шаар ичинде жол жүрүүнүн накталай төлөмсүз түрү. Ал банк аркылуу ишке ашып, картага 10, 20 жолку жол жүрүү үчүн каражат толукталып турат. Алматыда, Россияда жана дегеле бүт дүйнөдө накталай эмес эсеп эбактан бери колдонулат. Мындай жаңычылдык муниципалдык мекемелердин кирешесинин артышын өбөлгөлөйт. Автобус, троллейбустар жана алтургай, маршруткаларга да бул тутум киргизилмекчи. Транспорттук каражаттарга валидаторлорду* орнотобуз, алар накталай эмес эсепти жүргүзөт. Бул каражат жергиликтүү бюджетке түшүп турат.

— Автолордун техникалык абалына кандайдыр талаптар коюлабы? Азыр маршруткалардын басымдуу бөлүгү мышык ыйларлык абалда эмеспи.

— Тендердин талаптарынын бири — транспорттун жылы, мисалы, 5 же 7 жылдан өйдө болбоого тийиш.

Экинчиден, айдоо маданияты, салондун тазалыгы, алардын ишин көзөмөлдөп тура алгыдай борбордук серверге туташтырылган камеранын орнотулушу. Менимче, тендердин талабына катаал шарттардын тизмесин киргизебиз.

Мэр Бишкека Азиз Суракматов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Суракматов: Бишкекти кулпуртуу үчүн акча керек. Кандай иш болбосун, башат каржылоону талап этет. Эгер биз резерв издөө жолу менен шаардын бюджетин көбөйтө алсак, анда, менимче, шаарды ыңгайлуураак, коопсуз, мурдагысындай жашыл кыла алабыз.

— 2017-жылдын декабрында мэрия "Газпромдун" акчасынын эсебинен 350 жаңы автобус сатып алары жар салынган. Бирок ал убаданы азырынча эч ким аткара элек. Биз ал автобустардын келишин күтсөк болобу?

— Мэрия менен "Газпромдун" ортосунда андай келишим бар. Ал макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн "Газпром" түндүк-батыш бөлүгүндөгү базасында унааларга газ толтуруучу чоң станция курган. Белгилүү бир каражат жумшалгандан кийин кандайдыр себептерден улам ал долбоор тоңдурулган. Ишкананын өкүлдөрү менен жолуктум, сүйлөшүүлөрдү уланттык, менимче, мэрия бул милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Жакын арада газ менен жүрүүчү чоң автобустарды сатып ала баштайбыз.

Унаа токтотуучу жайлар

— Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын жоктугу чоң көйгөй. Борбордук көчөлөрдө көп байкалат. Бул маселе кандай чечилет?

— Шаардын борборунда көпчүлүк машиналарын жумушунун жанына эртең менен токтотуп, кечинде чыгып үйлөрүнө айдап кетишет. Унаа күн бою көчөдө, бир тилкени ээлейт. Ал автолордун кожоюндарынан саатына акы алуу жагын караган жобонун долбоору иштелип чыккан. Биз транспорттук коллапс жаралган көчөлөрдүн тизмесин аныктоого аракет кылуудабыз. 20 көчө, балким, андан да көп чыгышы мүмкүн. Шаар тургундары ал тилкелерде транспортторун калтырбагыдай кылуу үчүн муну аныктап алуубуз зарыл. Бул аракеткаражат табуу үчүн эмес, шаардын борбордук көчөлөрүн бир аз бошотуу ниетин көздөйт. Эгер адам унаасын көчөдө токтоткусу келсе, анда акы төлөсүн. Ал жактарга төлөм терминалдарын орнотуп же акы чогулта турган кишилерди коебуз. Балким, Чүй, Киев, Абдрахманов, Ахунбаев, Токтогул, Фрунзе, Эркиндик өңдүү борбордук көчөлөрдү ижарага беребиз. Башында бул бир аз көйгөйдү басаңдатат деп ойлойм.

— Таңдан кечке чейин машинасын көчөдө токтотуп туруу кожоюнунун капчыгына канча чыгым алып келерин болжолдуу түрдө биле алабызбы?

— ЦУМдун айланасында унаа токтотууга саатына 40 сом алынат. Менимче, тарифти бир аз төмөндөтүүгө болот. Ошентсе да муну Бишкек шаардык кеңеши чечет. Бирок, жеке оюмда, эгер айдоочу бир күндө эмне үчүн 200 сомдун тегерегинде акча төлөшү керектигин билсе, машинасын көчөгө коюудан мурун жети өлчөп, бир кесип калат деп эсептейм. Маңызында, мен жөө жүргүнчүлөр үчүн ылайык шаарды самайм.

Шеф-редактор информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков во время интервью с мэром Бишкека Азизом Суракматовым
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун шеф-редактору Эркин Алымбеков

Бүтпөгөн аң-чөнөктөрдү жамоо иши

— Бишкектеги Түштүк магистралы 2009-жылы курулган. Жолду жамоо иштери ал тилкеде жүргөнү эч эсимде жок. Айтайын дегеним, сапаттуу курууга күчүбүз жетет да. Жыл сайын Бишкектин жолдорундагы аң-чөнөктөрдү жамоо ишинин аркасында бул ишке бөлүнгөн каражат менен жан баккан чоң мафия турат деген пикирлер көптөн бери айтылып келет. Жолдордун сапатсыз оңдолушуна бөгөт коюуга кандайдыр чара көрөсүздөрбү?

— Азыр курулуп жаткан жолдордун сапаттуу болушуна умтулабыз. Эки апта мурун үлгүлөрүн алып, сапатын текшерүүгө көз карандысыз серепчилерди тарттык. Бүгүн курулуш сапатка ылайык. Мурда оңдолгон (алар мен кызматка киришкенге чейин жасалды) жолдор көпкө кызмат өтөп берет деп үмүттөнөм.

Жаңыдан оңдоло турган жолдордун сапатына биз тыкыр көз салып турмакчыбыз. Ага жетише алсак, жол жамоо иштери аз болот. Балким, сапаты мыкты болушу үчүн жамоо иштеринин жаңы ыкмасын киргизип каларбыз.

Борбор шаардагы мектеп ди⁠ректорлору

— Көпчүлүк баш калаанын мектептеринин директорлору өздөрүн президенттен кем сезишпейт деп эсептейт. Ар кыл ыктыярдуу-мажбур түрдө ата-энелер фонддору ачылууда…

— 90-жылдардын башында ушул ди⁠ректорлор биздин мектептерди сактап калган. Мектептерди колдоп, мугалимдерге кошумча акы булагын жаратуунун эбин табуу үчүн камкорчулук кеңештери түзүлгөн. Ошол убакта алар тарыхый вазыйпасын аткарып, мектептерди аман алып калышкан. Бүгүн биз жаңы баскычка өтүүдөбүз. Кандайдыр билдирүү түшсө да, ошондой фактылар орун алса да аларды далилдеш кыйын, анткени, балдар ачык айтуудан коркушат. Ооз ачса, чүнчүтө башташат. Түзүк окутушпайт, төмөн бааларды коюп, болушунча аларды басмырлашат. Андай фактылар бизге басма сөз жана социалдык медиа аркылуу түшөт.

Биз бул багытта иш алпарып, тартипти орнотууга тырышабыз.

— Ал фактылардан кабарыңыз бар экендиги да жакшы.

— Ооба, биз алар тууралуу билебиз.

Мэр Бишкека Азиз Суракматов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мэр: 90-жылдардын башында ушул ди⁠ректорлор биздин мектептерди сактап калган. Мектептерди колдоп, мугалимдерге кошумча акы булагын жаратуу үчүн камкорчулук кеңештери түзүлгөн.

Турак жай ээлеринин жолдоштугу (ТЭЖ)

— Муниципалдык тепкичтин төмөнкү бутактарына мындан ары да ыйгарым укук берүүнүн зарылдыгы барбы, тагыраак, ТЭЖге (Турак жай ээлеринин жолдоштугу)?..

— Бизде муниципалдык аймактык башкармалыктары — ЖАБ, ТЭЖ, үй комитеттери, кварталдык башкармалыктар иштейт. Аларга көбүнесе санитардык тазалоо, каражат топтоо, өз ээлигиндеги үй жана кварталдарды кармоо жагынан көп укук берүүнү пландоодобуз. "Тазалык" шаардын чордонун жана борбордук көчөлөрдү гана камтууга үлгүрүп жатат. Ал эми сиз сураган аймактарда таштанды айлап чыгарылбай калууда, ирригациялык тутуму жарактан чыгып, бак-дарак куурап, сугат жүрбөйт. Мында биздин үй комитеттери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын катышуусунда жарандарды да ишке тартууга тийишпиз.

Каражаттын кайсы бир бөлүгү аларга түшө тургандай жол карап жатабыз. "Тазалык" кызматына чогулган каражаттын, маселен, 10 пайызы дейли. Муниципалдык аймактык башкармалыктарыбызды шыктандыруубуз зарыл. Бул короо шыпыргычтардын мээнет акысына, жабдыктарды сатып алуу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу, ирригациялык тутумду оңдоп-түзөөгө жумшалат.

— Борбор шаарды жашылдандыруу демекчи, 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алуу окуясы эсибизде. Көчөт сатып алуу боюнча кандайдыр пландар барбы, ал муниципалитеттин бюджетин канчалык кемирет?

— 9 миң сомдон көчөт сатып алуу боюнча шаардыктардын жемесинен кийин биз бүгүн өз питомнигибизди куруу камындабыз. Менимче, биздин көчөттөрүбүз мурда сатып алынгандардан алда канча арзан түшөт. Бул маселе эколог менен шаар тургундарынын катышуусунда коомдук көзөмөлдө болот, биз көчөт жана кырчындар тууралуу маал-маалы менен элди маалымдап турмакчыбыз.

Бишкектин борборундагы курулуштар

— Баш калаанын чок ортосунда курулушка тыюу салуу керек деген пикирлерди колдойсузбу?

— Биз толук пландоо долбоорун бекитүүгө алып чыгабыз, анда эмнени курууга болору, кайсыга тыюу салынары боюнча ченемдер каралган. Муну шаар куруучулар, архитектор, экологдор жана башка эксперттердин аныктоосу кажет. Бул абдан чоң иш. Мэрия Мамкурулуш агенттигинин алдындагы шаар куруу институтуна 22 миллион сом төлөп берген. Бул каражатка алар толук техникалык-экономикалык негиздеме даярдап берүүгө тийиш болчу.

Бул долбоор келечегинде алтын чарчыда канча киши жашоого болорун тактайт. Канча инженердик түйүн, трансформатор зарыл, калктын, мектеп, бала бакча, бизнес түзүмдөрү, соода борборлору, транспорт, ж.б тегиз жете тургандай кандай коммуникациялар өтөрүн аныктап берет.

Долбоор шаардык кеңештин талкуусуна коюлганда коомдук угуулар башталат. Мэрия менен башкы архитекторду бардык тараптардын кызыкчылык жана пикирлерин эске ала турган калыс катары көрүп турам.

Мэр Бишкека Азиз Суракматов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Суракматов: быйыл 7 сквер куруп жатабыз, аягына чыгалы деп калдык. Келерки жылы дагы 10 сквер. Эскиздери иштелип чыгууда. Ошондой эле Бишкек баатырга эстелик тургузууну да планга киргизгенбиз, эскизине кайрадан сынак жарыяладык.

Шаарды кеңейтүү

— Шаарды Түштүк магистралдан ары кеңейтүү боюнча кандай пландар бар?

— Калаанын түштүк бөлүгү боюнча да эбак бекитилген толук план бар. Анда көп кабаттуу курулуштар белгиленген. Менимче, бул район абдан жакшы өнүгөт, себеби, бизнес тармагында ал абдан келечектүү. Эмнегедир, жаңы курулуп жаткан түштүк райондордон эл батирди көп алат. Эгер көп сатып алып жатышса, демек, районго суроо-талап күч. Ал жакта француз, англис жана башка кварталдар курулуп, ар кыл кызыктуу долбоорлор каралууда. Келечегинде район жаман болбойт.

— Совет убагында эле Түштүк магистралдан жогору көздөй тектоникалык жарака бар экендиги айтылып келген. Аны сиздер эске алып жатасыздарбы?

— Ооба. Жогоруда айтылган толук пландоодо сейсмотуруктуу курулуш, шаар куруу институттарынын бүтүмдөрү камтылган. Ал жаракада үйлөр курулбайт.

— Шаарда жаңы көрктүү жайлар, кызыктуу, өзгөчө эстеликтер, аянтча куруу жагын караштырдыңыздарбы?

— Быйыл 7 сквер куруп жатабыз, аягына чыгалы деп калдык. Келерки жылы дагы 10 сквер. Эскиздери иштелип чыгууда. Ошондой эле Бишкек баатырга эстелик тургузууну да планга киргизгенбиз, эскизине кайрадан сынак жарыяладык.

— Социалдык медиада сизге карата айтылган пикирлер боюнча эмне дейсиз? Дегеле, көз салып турасызбы?

— Ооба, пикирлер бар, сындар айтылат. Аларды эске алууга аракет кылабыз.

Тема боюнча

Түштүк магистралдагы тротуар менен веложолдун курулушу күчүндө. Видео
Мэр Азиз Суракматов оозу жырылгыча сабалган окуучудан кабар алды. Видео
Белгилер:
коомдук транспорт, курулуш, долбоорлор, Азиз Суракматов, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ