Соцтармак кызыктары: сынакта "суктанткан" Сусанна, турмушка узаган ырчы Кундуз

© © Sputnik / Владислав ВодневКыргызстандык модель Сусанна Егорян. Архив
Кыргызстандык модель Сусанна Егорян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңында орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Узаган жуманын аяк ченинде Жер планетасынын жашоочулары бул кылымдагы айдын эң узак убакытка тутулганын көрдү. Мындан сырткары, шоу-бизнестин жылдыздары түгөйүн таап, соцтармактын шайырлары өнөрүн тартуулап жатышат. Алсак, ырчы Кундуз Канатбекова турмушка чыкса, унаадан түшө качып бийлеген флешмоб дале уланууда.

1. Артыңызда сулуу кыз турат. Бул жигиттер кыздарга өзгөчө комплимент айтуунун жолун табышыптыр. Көчөдө бараткан кыздын астынан чыгып "сиздин артыңызда өтө татынакай кыз турат, аны көрүп кандай экенин билип бересизби?" деп сурайт. Таң калган кыз артына кылчайса чоң күзгүдөн өзүн көрөт. Жигиттердин мындай аракети бийкечтерге жагымдуу маанай, жүзүнө жылмаюу тартуулады.

2. Сулуулар демекчи… Ишемби күнү "КМШ сулуусу — 2018" сулуулук өтүп, баш байгеге коюлган таажыны украиналык Татьяна Акуленко илип кетти. Ал эми Кыргызстандан барган Сусанна Егорян "Көрүүчүлөрдү суктанткан сулуу" титулуна ээ болду. Баса, бул бийкеч былтыр World Next Top Model 2017 сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан барып, бирок финалда Армениянын намысын коргоп элди чуу кылган болчу.

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүМеждународный конкурс красоты "Мисс СНГ" в Астане
Международный конкурс красоты Мисс СНГ в Астане - Sputnik Кыргызстан
Международный конкурс красоты "Мисс СНГ" в Астане

3. Түбөлүктүү түгөйүн тапкан ырчы. Бир кездери "90-60-90 менин фигурам" деп ырдап чыгып дүң болгон ырчы Кундуз Канатбекова турмуш жолуна аттанды. Анын кыз узатуу тою бейшемби күнү борбор калаада өттү. Сулуунун жүрөгүн багынткан мырза ким экени азырынча белгисиз. Бактылуу болушсун!

4. Ай тутулду. Бул кылымдагы айдын тутулушу жалпысынан 3 саат 56 мүнөткө созулду. SciNews бул көрүнүштүн процессин 20 эсе ылдамдатып жасаган видеосун YouTube каналына жайгаштырды. Бул жолу Күн, Жер жана Ай сейрек кездешкен абалга — бир сызыкка келди. Толгон ай акырындап жылып отуруп, көккө көтөрүлдү. Ал эми анын көлөкө бетин толук каптаганда өзгөчө бир көрүнүштү пайда кылды. Бул учурда Ай кочкул-кызыл түскө боелгондой элес калтырды.

Ал эми адамдар бул көрүнүшкө Жерден туруп байкоо салышты.

5. Социалдык тармакта укук коргоо органдарынын формасын кийген кишинин рэп айткан видеосу таркап, аны көпчүлүк колдонуучулар бөлүшүп жатат.

Видеонун каарманы Dr. Dre менен Snoop Dogg аттуу жылдыздардын The next episode деген ырынын музыкасына рэп окуп жатканын көрүүгө болот. Көпчүлүк интернет колдонуучулар "рэпер" кыргызстандык милиционер экенин айтышууда. Бирок роликтин аягында ал "өчүр, болбой калды" деп казакча сүйлөгөнүн угууга болот.

6. Жолдо бийлеген флешмоб. Социалдык тармакта жай жүрүп бараткан автоунаанын эшигин ачкан тейде түшө качып бийлеген жаштардын флешмобу уланууда. Муну чаламандын чак түшүндө жолдун ортосунда эле жасашууда. Өз кезегинде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгы мындай жорук адам өмүрүнө коркунуч жаратарын эскертип, флешмобдон баш тартууга чакырды.

7. Тойдо ушинтип бийлеп коюш керек. Жигиттер, эгер өзүңөргө анча ишенбесеңер бул кызды жандабай эле койгон туура болот. Мынтип бийлеп турса, жооп кайтара албай айлаңар кетип шерменде болосуңар.

Жаңылыктар түрмөгү
0