03:45 22 Баш оона 2017
Түз эфир
КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, миңдеген оорулууга шыпаа берген даңазалуу ортопед Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү

Сабырбек Жумабеков 53 жашта. Алтын колдуу дарыгер тууралуу 10 факты

© Sputnik / Нургуль Максутова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (87)
345810

Бүгүн КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, миңдеген оорулууга шыпаа берген даңазалуу ортопед Сабырбек Жумабековдун туулган күнү. Ал мындан 53 жыл мурун 11-августта Таластын Кара-Буура районунун Сатыке айылында туулган.

Алтын колдуу ортопед Сабырбек Артисбекович тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова 10 факты даярдады. 

Директор Бишкекского научно-исследовательского центра травматологиии и ортопедии Сабырбек Джумабеков награжден орденом Манас II степени
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сабырбек Жумабеков сыйлык алуу аземинде

Энесинин сүтүн 17 күн гана эмген. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын улуусу. Апасы эмчеги ооруп, уулун 17 гана күн гана эмизген. Таенеси уй фермада иштегендиктен небересин уйдун сүтү менен үч жашка чейин чоңойтуп берген. Кийин Сабырбек таенесине ынак болуп чоңоет. Анын "эмнегедир таенемдин үйүнө баргым келе берчү, мунун айынан бир күнү атаман таяк жегем" деп айтканы бар.

4 мектепте окуган. Өзүнүн айылынан үч жыл окуп, 8-класска чейин таенесинин үйүндө жүрүп окуган, 9-классты дагы башка жерден окуп, ал жактан балдар менен мушташа берип, онду мектеп-интернаттан бүткөн. Өзүнүн айтымында, тентектигине карабай төрт мектепте тең жакшы окуган. Өзү теңдүүлөрдү кичинекей көрүп, тоготпой, өзүнөн үч-төрт жаш улуу балдар менен көбүрөөк жүрчү.

10 жашында акча кармап… Биринчи жолу 3-классында атасына кой кыркканга жардам берип айлык алган. Ошондон тарта жыл сайын тамекиде иштеп акча таап турган. Тапканын инилеринин кем-карчысына тыгын кылып берип турчу. Үйдүн улуусу болгондуктан нан жаап, уй саап, эшиктин да жумушун катырып, айтор жонунан түйшүк кетчү эмес. Өзүнүн эскерүүсүндө "Болгону 22:00-23:00 чейин бир гана саат сабак окуганга убактым болгон" деп айтканы бар.

Зууракан Кайназарова болгондо… 7-классты бүткөндө мектеп жетекчиси 13 баладан турган бригада түзүп Сабырбекти башчы кылып дайындаган. Ошондо он үч бала менен 10 гектардын ар биринен 800 центенерден кызылча алышкан. Бул эмгегинин арты менен облустан биринчи орунду алып, сый-урматка татып, 1000 сомдун тегерегинде акча алышкан.

Өспүрүмүндө өкчөлгөн тагдыр. "Сөөк дарыгери болом" деп келечек кесибин 10 жашында эле тандаган. Ошол учурда атасынын буту ооруп, түнү менен какшап кыйналчу. Анын ооруну басаңдатуучу дарыларды топ-тобу менен ичкенин көрүп, алдына дарыгер болуу максатын койгон. Кийин дарыгерлер атасын туура эмес диагноз менен дарылап жүргөнүн билет. Айылындагы эле хирург байке атасына операция жасап, сөөгүнө толуп калган ириңди алып чыккан.

  • Пятый международный марафон Run The Silk Road в Чолпон-Ате
    Чолпон-Атадагы бешинчи эл аралык Run The Silk Road марафонунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Президент Алмазбек Атамбаев встретился с жителями Бишкека
    Бүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед болгон
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым
    Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган
    © Sputnik / Нургуль Максутова
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Чолпон-Атадагы бешинчи эл аралык Run The Silk Road марафонунда

Жашында жалындаган ишмердүүлүк. Мектепти аяктаганда борборго келип Медициналык институтка тапшырат. Тажрыйбадан өтүп келүү үчүн Украинанын Симферополь шаарындагы мединститутту тандаган. Ал жактан эки жылдык тажрыйбадан өтүп, алты жылдан кийин 26 жашында илимдин кандидаттыгын жактаган. Андан кийин 1995-жылы 30 жашында илимдин докторлугун Москвадан жактап Кыргызстанга кайтып келген. Бүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед.

Өлүктөр менен токоч жеген күндөр. Болочок ортопеддин студенттик кездери да кызык окуялар менен коштолгон. Анын "Группадагы 14 баланын жетиси эле окууну толук бүттүк. Баш көтөрбөй окуган күндөр көп болду. Анатомия сабагынан өлүктү алып келип алып окучубуз, анан курсак ачканда токоч жей калчубуз. Анда кол кап деле жок, ошо сөөктү кармаган кол менен деле шам-шум эте берчүбүз" деп эстегени бар. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Медицина жана ойлоп табуучулук. Сабыр Жумабековдун операциясы

Саясатчы медик. 2008-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, ант берер күнү фамилиясы аталганда чыгып, анттын ордуна арызын окуп туруп кетип калган. Ал бул тууралуу "ошол түнү элдерге жардам берүүдөн айрылып калаарымды элестетип, эртеси эч ким менен акылдашпай, айтпай туруп, депутаттыктан баш тарткам" деген жайы бар. 2010-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалганда деле күнүгө бейтапканада саат 3кө чейин болуп оорулууларды көрүп, операцияларды жасап жүргөн. Бир жылдан кийин кызматын өткөрүп берген.

Тамекинин арасынан тапкан сүйүү. Илгери студент кезинде атасы талаада иштегендердин бригадири, Сабырбек болсо чоң жүк ташуучу машине менен терилгендерди ташып айдоочусу болуп калат. Ошол күндөрдүн биринде улуттук университеттин абитуриенттери да тамеки тергени келишет. Ал "Россиядан жаңы келип бети-башым апапакай, жакшынакай кийинип алып кыздарга тийишип жүргөн убак эле. Бир күнү талаадагы тамекинин арасында иштебей отурган эки кызды көрүп, жалкоо кыздар окшойт деп ойлоп койгом. Кийин ошол кыздын бири жубайым Роза болду" деп айтканы бар. Жубайы менен бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Учурда төрт баланы тарбиялашат. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Жумабековдун буттун сөөгүн 31 сантиметрге чейин өстүргөн эмгеги Гиннес китебине сунушталып, ага бейтап Темирбек Бекбоев кирмей болду

Оорулууларга шыпаа берген сандар. 450дөн ашык илимий иштин автору, 35тен ашык илимдин кандидатын, 6 илимдин докторун чыгарган. 100дөн ашык илимий ачылыштарды жасап, алар патенттелген. Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган. Мындан тышкары 1 миллиондон ашык бейтапка консультация берген.

Жумабековдун буттун сөөгүн 31 сантиметрге чейин өстүргөн эмгеги Гиннес китебине сунушталып, жакында эле китептин комиссиясынан жооп келип, бирок китепке дарыгердин эмгеги эмес, эч нерседен коркпостон өз денесине алты жолу операция жасаткан 21 жаштагы Темирбек Бекбоев кирмей болгон.

Жумабеков Сабырбек Артисбекович Кыргызтсанда эле эмес, бир топ өлкөлөргө таанымал сөөк дарыгери.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (87)

Тема боюнча

Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер
"Темир айым" атка конгон Аида Салянова тууралуу 9 факты
Белгилер:
факты, дарыгер, Сабырбек Жумабеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ