Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдериинин кандидаты Бактыгүл Мамытовага көзү кычышкан бейтаптан тарта кареги агып, куюлуп калгандарга чейин келишет.
— Бир жолу келишимдүү, ырчы бала келди. Ок тийип кареги соолуп калыптыр. Жасалма көз салганга туура келди. Ич ачыша турган окуя. Себеби баланын карьерасына балта чабылды. Депрессияга түштү.
Медицина илимдеринин доктору, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабековго бейтаптар бир гана оорунун айынан эмес, сулуулук үчүн дагы кайрылышат. Тагыраагы кыска бойлуулар арасында сүйгөнү үчүн сөөк узарткандар бар экен…
— Көп жыл мурда бир кыз 1,5 метр бою менен келгенде,10 сантиметрге узартып бердим. Кийин келип "мени жөн эле узарткан окшойсуз, ушунчалык кыйналдым" дегенинен "келген өзүң, арадан эки жыл өттү, жакшынакай эле басып жүрбөйсүңбү, максатың эмне айтчы" дедик. Көрсө, "боюңду узартсаң алам" деген жигити, кыз ооруканадан келгиче башкага үйлөнүп алыптыр. Дагы бир окуя эсимде. Брянскиден келген врач-терапевттин бою 175 сантиметр, сүйлөшкөн кызыныкы 183 сантимерт экен. Баланын боюна беш сантиметр кошуп берсек, ал барганча сүйлөшкөн кызы турмушка чыгып кеткен.
Шаардык Тез жардам кызматынын орун басарын Болотбек Абдылдаевге билдирүү түшөөрү менен машинеге түшүп, зыпылдай шаар аралай жөнөйт.
— Бир жолу 19 жаштагы кыз ооруп жүрүп түндө каза болот. Эртең менен Тез жардам барып, каза болду деп кагаз жазып кетет. Анан эки үч-сааттан кийин айылдан кыздын ата-энеси келип, жылуу комнатада жаткан кызын көрүп денеси жылуу экен деп кайрадан бизди чакыртты. Ага деле бардык. Анан "кызыңар каза болуптур" дегендей ишарат кылсам, апасы буркурайт "бир дем алдырып көрчү" деп. Аларды деле түшүнсө болот. Үмүт деген үмүт да.
77 жаштагы залкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытов иш тажрыйбасында 10 миңден ашык операцияга кирген. Түркүн-түстүү мээлерди ачып, күнүнө эки-үчтөн операция жасаганга жетишет.
— Айрым адамдар мээ оорусуна кабылганда акылы айныбай эле, тескерисинче, акылдуураак болуп кетет. 1976-жылы бир бейтаптын каракушу ириңдеп кетип операция жасагам. Акыбалы оор эле, замбил менен алып келишкен. Азыр эми диссертацияларды жактап, окумуштуу болуп жүрөт. Таң калыштуу…
Жогорку даражадагы акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимованын кабинетине кыздар түрдүү көйгөйлөр менен келет. Арасында үй-бүлө курууга даярдыктан өткөндөр, балалуу боло албай жаткандар, намысынан ажырап, өпкөсү өпкөсүнө батпай ыйлагандар бар.
— Бир жолу студент кыздын боюнда болуп калып, сүйлөшкөн баласы жоопкерчиликтен баш тартыптыр. Кыздын апасы курсактагы баланын чоң мөөнөтүнө карабай алдырабыз деп дарыгер издей баштайт. Анан кыздын курбулары кеңеш алалы деп мага ээрчитип келишти. Баланы ата-энеси менен кошо чакыртып жалпы чечим чыгардык. Кыз дагы ошол маалда бейтапканага жатып калган. Ошондон ары кайындары алып кетти. Кыз төрөптүр. Жакында тою болот деп жатышкан. Мындай учурлар толтура. Бойдон алдырам деп келгендерге дароо аборт кылбайбыз. Мүмкүн болушунча баладан баш тарттырбаганга аракет кылабыз. Кийин анан ошол алдырам дегендер "эже, сиздин балаңыз" деп көтөрүп келишет (күлүп).
89 жаштагы Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев кылымга чукулдаган өмүрүндө 30 миң операцияны артта калтырган. Залкар хирургдун иш тажрыйбасында кызыктуу, жан кейитээрлик, таң калыштуу окуялар жүздөп саналат.
— Бир жолу дарыгер болуп иштеген аял-күйөөсү уруша кетишет. Күйөөсү жини келип хрусталь күл түшүргүч менен аялын башка чаап жиберет. Тез жардам өлдү го деп алып кетет. Күйөөсү ушунча кыйналганча асынып алайын дейт, кайра ойлонуп кетип арактан ичип, анан ашканага кирип өзүн бычак менен сайгылай бериптир. Ооруканага араң жан, купкуу болуп келди. Кийин алардын үйүнө барсам аялы психикалык жактан оорулуу болуп калыптыр. Анан баягы күйөөсү тигинин бутун жууп отуруптур. Мына, өлөт деген кишилер. Жашоо ушундай оомалуу-төкмөлүү, балдарым.
Невролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаевге кардарлардын бири укалоону денени магдыратып эс алдыруу үчүн жасаттырса, экинчиси оорудан айыгуу үчүн келет. Анан иш учурунда кыжырга тийгендер да жок эмес.
— Айрым учурда массаж жасап жатсаң денесинен кирлер чыккан учурлар болот. Албетте, мурдумду чүйрүбөйм, бирок бир аз жагымсыз туюлат. Анан да кардар сага кантип жасашты үйрөтүп жатса "өзү эле жасап албайбы" деп ичиңден ойлойсуң. Бир массаж жасагандан кийин кардар "өзүмдү мурдагыдай эле сезип жатам" дейт. Анан бардыгы эле бир күндө жакшы болуп кетпейт деп айтабыз. Массаж учурунда көбү магдырап уктап кетет. Кээде коңурук тарта башташат. Мындайда адамды дароо ойготуп жиберген болбойт. Бир аз күтө турам. Бул менин жумушум да.
Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн уролог-андрологу жана сексопатологу, медицина илимдеринин доктору Жаныбек Мамбетовго бейтаптар эркектик маселе менен келээри анык. Бирок, ал иш тажрыйбасында эркекти кызга айланткан бейтаптын окуясын унутпайт.
— Бир канча жыл мурун биздин госпиталда өзбек баланы кызга айлантканбыз. Ал кайрылганда дароо эле алмаштырган жокпуз. Алгач атайын түзүлгөн комиссия аркылуу юридикалык жактарын чечкенбиз. Мисалы, Камчыбек эртеси Жыпара болуп калса анын юридикалык түшүндүрмөлөрү болушу керек да. Ал жигит "макулмун, доом жок" деп тил кат берди, анан кызга айландырдык. Бирок коомчулуктун көз карашы бизге карата түз болгон жок. Түрдүү сындарды уктук. Диний ишеними күчтүүлөр бир топ "жылуу" сөздөрдү айтты. Андан кийин ошол өзбек бала Москвага жасалма төш салдырганы кеткен. Паспортторун да аялдын аты менен алган. Азыр жакшы жүрөм деп айтат экен. Андан бери эки кыргыз жигит кызга айланган…
Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, профессор, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов ачпаган жүрөк аз болсо керек. Коомчулукта ал иш учурунда жарык өчүп калып, уюлдук телефондун жардамы менен бейтаптын жүрөгүнө операциясы жасаган окуясы бир топ талкуу жараткан.
— Бул операция мындан үч жыл мурда 8-октябрь күнү болгон. 23 жаштагы оорулууга өтө татаал операция жасап атканбыз. Жүрөгүндөгү үч клапанды алмаштыруу керек эле. Операциянын ортосуна жетип, акыркы клапанды тигип жатканда жарык өчүп калды. Токтоп калбай чөнтөк телефондордун жардамы менен операцияны улантууга мажбур болдук. Операция учурунда жарык өчүп калган окуялар көп эле катталганы менен, жүрөккө жасалып жатканда болгон мындай окуялар өтө сейрек. Бизде ал инциденттен соң атайын карап чыксам, мындан 1985-жылдарда Киевде профессор Тадуров жаш балага операция жасап жатканда жыйырма мүнөт жарык өчүп калган окуя катталыптыр. Ал эми биздики 36 мүнөткө чейин созулуп кеткен…