Алтын колдуу ортопед Сабырбек Артисбекович тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова 10 факты даярдады.
Энесинин сүтүн 17 күн гана эмген. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын улуусу. Апасы эмчеги ооруп, уулун 17 гана күн гана эмизген. Таенеси уй фермада иштегендиктен небересин уйдун сүтү менен үч жашка чейин чоңойтуп берген. Кийин Сабырбек таенесине ынак болуп чоңоет. Анын "эмнегедир таенемдин үйүнө баргым келе берчү, мунун айынан бир күнү атаман таяк жегем" деп айтканы бар.
10 жашында акча кармап… Биринчи жолу 3-классында атасына кой кыркканга жардам берип айлык алган. Ошондон тарта жыл сайын тамекиде иштеп акча таап турган. Тапканын инилеринин кем-карчысына тыгын кылып берип турчу. Үйдүн улуусу болгондуктан нан жаап, уй саап, эшиктин да жумушун катырып, айтор жонунан түйшүк кетчү эмес. Өзүнүн эскерүүсүндө "Болгону 22:00-23:00 чейин бир гана саат сабак окуганга убактым болгон" деп айтканы бар.
Зууракан Кайназарова болгондо… 7-классты бүткөндө мектеп жетекчиси 13 баладан турган бригада түзүп Сабырбекти башчы кылып дайындаган. Ошондо он үч бала менен 10 гектардын ар биринен 800 центенерден кызылча алышкан. Бул эмгегинин арты менен облустан биринчи орунду алып, сый-урматка татып, 1000 сомдун тегерегинде акча алышкан.
Өспүрүмүндө өкчөлгөн тагдыр. "Сөөк дарыгери болом" деп келечек кесибин 10 жашында эле тандаган. Ошол учурда атасынын буту ооруп, түнү менен какшап кыйналчу. Анын ооруну басаңдатуучу дарыларды топ-тобу менен ичкенин көрүп, алдына дарыгер болуу максатын койгон. Кийин дарыгерлер атасын туура эмес диагноз менен дарылап жүргөнүн билет. Айылындагы эле хирург байке атасына операция жасап, сөөгүнө толуп калган ириңди алып чыккан.
Жашында жалындаган ишмердүүлүк. Мектепти аяктаганда борборго келип Медициналык институтка тапшырат. Тажрыйбадан өтүп келүү үчүн Украинанын Симферополь шаарындагы мединститутту тандаган. Ал жактан эки жылдык тажрыйбадан өтүп, алты жылдан кийин 26 жашында илимдин кандидаттыгын жактаган. Андан кийин 1995-жылы 30 жашында илимдин докторлугун Москвадан жактап Кыргызстанга кайтып келген. Бүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед.
Өлүктөр менен токоч жеген күндөр. Болочок ортопеддин студенттик кездери да кызык окуялар менен коштолгон. Анын "Группадагы 14 баланын жетиси эле окууну толук бүттүк. Баш көтөрбөй окуган күндөр көп болду. Анатомия сабагынан өлүктү алып келип алып окучубуз, анан курсак ачканда токоч жей калчубуз. Анда кол кап деле жок, ошо сөөктү кармаган кол менен деле шам-шум эте берчүбүз" деп эстегени бар.
Тамекинин арасынан тапкан сүйүү. Илгери студент кезинде атасы талаада иштегендердин бригадири, Сабырбек болсо чоң жүк ташуучу машине менен терилгендерди ташып айдоочусу болуп калат. Ошол күндөрдүн биринде улуттук университеттин абитуриенттери да тамеки тергени келишет. Ал "Россиядан жаңы келип бети-башым апапакай, жакшынакай кийинип алып кыздарга тийишип жүргөн убак эле. Бир күнү талаадагы тамекинин арасында иштебей отурган эки кызды көрүп, жалкоо кыздар окшойт деп ойлоп койгом. Кийин ошол кыздын бири жубайым Роза болду" деп айтканы бар. Жубайы менен бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Учурда төрт баланы тарбиялашат.
Оорулууларга шыпаа берген сандар. 450дөн ашык илимий иштин автору, 35тен ашык илимдин кандидатын, 6 илимдин докторун чыгарган. 100дөн ашык илимий ачылыштарды жасап, алар патенттелген. Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган. Мындан тышкары 1 миллиондон ашык бейтапка консультация берген.
Жумабеков Сабырбек Артисбекович Кыргызтсанда эле эмес, бир топ өлкөлөргө таанымал сөөк дарыгери.