00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ботаникалык бакты кайрадан сагаалаган лаборатория. Кытай бөлгөн 18 млн. доллар

© Sputnik / Табылды КадырбековБотанический сад на улице Горького в Бишкеке
Ботанический сад на улице Горького в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмне үчүн Айыл чарба министрлиги ветеринардык лабораториянын Ботаникалык бакка гана курулушуна жабышып алганы жана бул элге кандай зыян алып келери туурасында Sputnik байкаштырып көрдү

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ботаникалык бактын аймагына ветериниардык жаңы лаборатория куруу пландалып жатат. Ага Кытай тарап 2016-жылы Кыргызстан менен кол коюлган макулдашуунун негизинде акча бөлүп берген. Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Амангелди Исаевдин айтымында, жаңы объектини курууга 18 миллион доллар каралган. Кытайдан келген адистер Бишкекте 20 күнгө чейин болуп, лаборатория түптөө үчүн Ботаникалык бактан башка ылайыктуу жер тапкан эмес.

"Кытай лабораторияда иштей турган биздин адистерди окуп-үйрөтүү боюнча чыгымдарды өз мойнуна алып, Ботаникалык бакты лаборатория курууга ыңгайлуу деп табышты. Кытайлык кесиптештердин пикирин уктук, азыр жер бөлүп берүү боюнча документтер даярдалып, ал Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Мындай жай Борбор Азияда жок. Кыргызстан үчүн бул багытта алдыга озуп кетүүгө мүмкүнчүлүк жаралып турат", — деди Исаев.

Эске салсак, мындан бир нече жыл мурда да Ботаникалык бактын аймагына биолаборатория куруу демилгеси көтөрүлгөн. Анда кооптуу вирустардын штаммдары сакталып жана аны изилдөө жүргүзүлөрү айтылган.

Начальник одного из отделов Министерства здравоохранения Талант Арстанкулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Арстанкулов: борборлошкон лабораториялар курулат
Ал долбоор боюнча изилдөө борборуна кооптуулуктун 3-классын ыйгарышмак (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун классификациясы боюнча вирустарды изилдөө боюнча кооптуулуктун акыркы деңээлине бир баскыч жетпеген учуру).

Жети жыл мурда коомчулук, шаардыктар чырылдап жатып Бишкектин жашы айдыңы болгон Ботаникалык бакты 60 миллион долларлык долбоордон сактап калган.

Айыл чарба министрлигинен аталган эки долбоордун байланышы жоктугун айтышты.

"Биздин долбоор таптакыр башка. Бул продукциянын сапатын текшерген кадимки эле лаборатория. Өзүңүздөр деле ойлоп көрсөңүздөр, Кытайга алардын өлкөсүнө Кыргызстандан сапаттуу, сертификацияланган товарлар келип турганы керек. А биздин борбор объективдүү баа бере алат, Кытай ошол үчүн Бишкекте 10 миллион долларлык объектини курууга каражат бөлдү", — деди Исаев.

Бишкектеги экологдор менен активисттер Айыл чарба министрлигинин минтип айткандарына карабастан, кооптуулук коңгуроосун кагып баштады. Улуттук Илимдер академиясынын директорунун жардамчысы Назгүл Кенжебаева мындай объектини куруу аракети — КРдин мыйзамдарын бузуу деген пикирде.

"Ботаникалык бак КР мыйзамдары менен сакталып турат, ал жерге өзгөчө маанидеги жана коргоого алынган аймак. Лабораториянын курулушу жаратылыш зонасынын статусун бузат. Айыл чарба министрлиги экологиялык мыйзамга каршы келген кадамды жасап жана элдин пикирин эске албай жатат. Кыргызстанда мындай жайды кура турган башка жерлер деле толтура", — деди Кенжебаева.

Эколог Дмитрий Ветошкин да лабораторияны башка жерге куруу пикирин кош колдоп колдорун айтты.

"Андай борбор биздин өлкөгө керек. Бирок ал санитария жана фитокоопсуздук боюнча ведомствого карашы туура болот. Ал эми Ботаникалык бак мыйзам боюнча коргоого алынган аймак. Андыктан, мындай аймактарга курулуш түшпөшү керек. Ал Бактын ичиндеги флора менен фаунаны бузат", — деди ал.

Адис жогорудагыдай объектилердин жашыл айдыңга пайдасынан зыяны көп экендигин айтат.

Бишкектин борборундагы ботаникалык бак - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы ажайып бак. Гүлдөгөн магнолия, кучак жетпеген теректер
"Ботаника" — шаардыктар жана бизге келген коноктор эс алып, сейилдей турган жай. Коомдук мындай жайда азык-түлүккө экспертиза жасоо бир топ эле кооптуу болуп эсептелет", — деди эколог.

Ал эми Исаев шаардыктардын кооптонуусу негизсиз экендигин айтты.

"Алгач Ботаникалык бакка бир ирет барып, анан аны коргоп жана сактап калуу тууралуу айталычы. Шаардын жашыл айдыңы деп атап жаткан жер эмнеге айланып калганын көргүлөчү. Өрт чыккан учурлар аз эмес. Ал жерден кургаган чөп менен куураган дарактарды кезиктирүүгө болот", — деди Исаев.

Айтмакчы, өрт туурасында. Акыркы күндөрү катары менен аталган аймакта өрт чыгып жатат. Активистка Зухра Жакупбаева Ботаникалык бактын кызматкеринин баласы канистра көтөргөн бейтааныш кишини көргөндүгүн айткан.

"Биз колунан кармап албагандан кийин эч нерсе деп айта албайбыз. Бирок лабораториянын курулушу түшөт деген жер үч күндөн бери өзүнөн өзү эле күйүп жаткандыгын эмне десе болот. Анан да төрт жерден чыккан өрттүн үчөө бак өскөн жердеги көлөкө жерден чыккан. Ошентип, 3-4 гектар жердеги куураган чөп өрттөнгөн. Бул ветеринардык лаборатория үчүн зарыл болгон аймак", — деди Жакупбаева.

ӨКМден өрттүн себебин сураганыбызда этиятсыздыктан улам чыкканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0