Кочкорду комузга алмаштырып беришти. "Жайлоо өнүгүү долбоорунун" окуяларынан

© Sputnik / Табылды КадырбековКультурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын
Культурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жайлоо өнүгүү борборлору" — жайы бою тоо башында жүргөн балдарга жеринен билим берип, дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган долбоор.

Долбоордун координатору Асылбек Жоодонбеков журналист Гүлдана Талантбековага маалымат берди.

— Асылбек мырза, "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун башкы максаты, багыты тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

— "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоору эл ичинде жайлоо бала бакчасы деген ат менен белгилүү. Бул долбоорду үч жыл мурда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду баштаган. Иш алып барууда бийлик органдары менен тыгыз иштешебиз. "Жайлоо өнүгүү борбору" климатка жараша үч ай иштейт. Быйыл суук болгондугуна байланыштуу кечирээк ачылды. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков: тоого эрте чыгып, кеч түшкөн үй-бүлөлөрдүн балдары мектептен артта калып жатышат. Буга байланыштуу окуучулардын өнүгүп өсүшүнө жардам кылышыбыз керек дегенде, колдогондор да, колдобогондор да болду
Координатор проекта Садики на джайлоо своими силами Асылбек Жоодонбеков - Sputnik Кыргызстан
"Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков: тоого эрте чыгып, кеч түшкөн үй-бүлөлөрдүн балдары мектептен артта калып жатышат. Буга байланыштуу окуучулардын өнүгүп өсүшүнө жардам кылышыбыз керек дегенде, колдогондор да, колдобогондор да болду

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан облустардагы айрым балдар жайкысын жайлоодо болушат. Чабандардын балдары көп учурда мал менен жүргөндүктөн алардын билимине, жалпы өнүгүүсүнө көңүл бурулбай келет. Биз ошол жайлоо балдарын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн заманбап жаңылыктар менен кабардар кылып, дараметибиздин жетишинче өнөрпоз, коомго таасирлүү адамдар менен жолугушууларды уюштуруп, ар кыл мастер-класстарды өткөрүп турабыз.

Көчмөн коомдук фондусун жетекчиси Улан Үсөйүн маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Коомдук активист Улан Үсөйүн: кайсы жерден экенимди көп киши билбейт
— Балдардын жаш курагы кандай каралган?

— Учурда республика боюнча "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" саны жүздөн ашты. Балдардын жаш курагы 3төн 12 жашка чейин. Биздин адистер бул курактагы балдар менен жакшы иштешет. Борборлордо чакан китепканаларыбыз дагы бар. Мындан тышкары, балдарга туура тарбия берүү боюнча ата-энелер менен тарбиячыларга атайын сабактар да өтүлүп турат.

— Бир борбордо канча бала окуй алат?

— Эң аз дегенде он бештей бала чогулат. Айрым жерлерде балдардын саны элүүгө жетет. Аларга жумасына алты жолу, үч сааттан сабак өтүлөт. Бул убакыт аралыгында балдар тамактанбайт, уктабайт. Себеби көңүлдөрү бир гана билимге бурулат.

Балдардын курактык өзгөчөлүгү дагы эске алынып окумуштуулар кеңеши менен биргеликте атайын программа иштелип чыккан. Анын негизинде окуучуларга элдик кол өнөрчүлүк, шахмат, каллиграфия, дене тарбия, тил чеберчилиги, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу сыяктуу сабактар интерактивдик оюндар аркылуу үйрөтүлөт. Китеп, кагаз, калем ж.б. керектүү буюмдар менен өзүбүз камсыздайбыз.

© Фото / пресс-служба общественного фонда "Инициатива Розы Отунбаевой"Балдардын курактык өзгөчөлүгү дагы эске алынып окумуштуулар кеңеши менен биргеликте атайын программа иштелип чыккан
Балдардын курактык өзгөчөлүгү дагы эске алынып окумуштуулар кеңеши менен биргеликте атайын программа иштелип чыккан - Sputnik Кыргызстан
1/8
Балдардын курактык өзгөчөлүгү дагы эске алынып окумуштуулар кеңеши менен биргеликте атайын программа иштелип чыккан
© Фото / пресс-служба общественного фонда "Инициатива Розы Отунбаевой"Жайлоодо бала-бакчага айланган боз-үй
Жайлоодо бала-бакчага айланган боз-үй - Sputnik Кыргызстан
2/8
Жайлоодо бала-бакчага айланган боз-үй
© Фото / пресс-служба общественного фонда "Инициатива Розы Отунбаевой"Билимге дилгир бөбөктөр
Билимге дилгир бөбөктөр - Sputnik Кыргызстан
3/8
Билимге дилгир бөбөктөр
© Фото / пресс-служба общественного фонда "Инициатива Розы Отунбаевой"Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
Балдар жумасына алты жолу, үч сааттан сабак алат - Sputnik Кыргызстан
4/8
Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
© Фото / пресс-служба общественного фонда "Инициатива Розы Отунбаевой"Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
3-12 жашка чейин балдар билим ала алат - Sputnik Кыргызстан
5/8
Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
© Фото / пресс-служба общественного фонда "Инициатива Розы Отунбаевой"Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
Тоодогу балдар шахмат ойноп жатышат - Sputnik Кыргызстан
6/8
Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
© Фото / пресс-служба общественного фонда "Инициатива Розы Отунбаевой"Юрта для проекта "Садики на джайлоо своими силами"
Жайлоо өнүгүү борборлору долбоору эл ичинде жайлоо бала бакчасы деген ат менен белгилүү - Sputnik Кыргызстан
7/8
Юрта для проекта "Садики на джайлоо своими силами"
© Фото / пресс-служба общественного фонда "Инициатива Розы Отунбаевой"Юрта для проекта "Садики на джайлоо своими силами"
Окуучуларга сабактар интерактивдик оюндар аркылуу үйрөтүлөт - Sputnik Кыргызстан
8/8
Юрта для проекта "Садики на джайлоо своими силами"
1/8
Балдардын курактык өзгөчөлүгү дагы эске алынып окумуштуулар кеңеши менен биргеликте атайын программа иштелип чыккан
2/8
Жайлоодо бала-бакчага айланган боз-үй
3/8
Билимге дилгир бөбөктөр
4/8
Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
5/8
Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
6/8
Дети участники проекта "Садики на джайлоо своими силами"
7/8
Юрта для проекта "Садики на джайлоо своими силами"
8/8
Юрта для проекта "Садики на джайлоо своими силами"

— Бир жайлоодо канча адис иш алып барат?

— Тренинг өтө турган адистердин саны үчтөн кем эмес. Мындан башка тарбиячы жана анын жардамчысы иш алып барат. Жайыт комитети дагы ар дайым коштоп жүрөт.

— Бул демилгени башында балдар, ата-энелер кандай кабыл алышты?

— Үч жыл мурда жаңыдан иш баштаганда Роза Исаковна (Отунбаева — ред.) менен Айыл чарба министрлигине кайрылып, жайыт комитеттерин чогулттук. Жергиликтүү бийлик эл көп отурукташкан жайлоолорду аныктап, боз үй тигип, тарбиячыларды чакан айлык менен камсыздады.

Балдарды каникулда кайда жиберүү керек? Жайкы лагерлердин баасы жана картасы - Sputnik Кыргызстан
Балдарды каникулда кайда жиберүү керек? Жайкы лагерлердин баасы жана картасы
Тоого эрте чыгып, кеч түшкөн үй-бүлөлөрдүн балдары мектептен артта калып жатышат. Буга байланыштуу окуучулардын өнүгүп өсүшүнө жардам кылышыбыз керек дегенде, колдогондор да, колдобогондор да болду. Айрымдар айылдарды бала бакча менен камсыздай албай жатып, тоону эмне кыласыңар дешти. Алардын сөзүндө деле чындык бар, бирок биз кыялданган бала бакчаларды күтүп отурганча муун алмашып кетип жатат.

Бир жагымдуу учурду айта кетейин. Баткендин Кадамжайында 2-классты бүткөн балага өнөрпоздор комуз үйрөтсө, абдан кызыгып калыптыр. "Ата-энеси биздин балабыз дагы бир нерсеге кызыгат турбайбы" деп абдан таң калышыптыр. Кийин ата-энеси бир кочкорун сатып уулуна комуз сатып беришти. Бул окуя биз үчүн дагы ачылыш болду. Мындай мисалдар абдан көп. Ата-энелер балдары менен көп баарлашса дейм. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков: Баткендин Кадамжайында 2-классты бүткөн балага өнөрпоздор комуз үйрөтсө, абдан кызыгып калыптыр. "Ата-энеси биздин балабыз дагы бир нерсеге кызыгат турбайбы" деп абдан таң калышыптыр. Кийин ата-энеси бир кочкорун сатып уулуна комуз сатып беришти
Координатор проекта Садики на джайлоо своими силами Асылбек Жоодонбеков - Sputnik Кыргызстан
"Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков: Баткендин Кадамжайында 2-классты бүткөн балага өнөрпоздор комуз үйрөтсө, абдан кызыгып калыптыр. "Ата-энеси биздин балабыз дагы бир нерсеге кызыгат турбайбы" деп абдан таң калышыптыр. Кийин ата-энеси бир кочкорун сатып уулуна комуз сатып беришти

— Өлкөдөгү жайлоолордун бардыгын өнүгүү борборлору менен камтый алдыңыздарбы?

— Былтыркы эсеп менен Ош облусунда 34, Баткенде 8, Жалал-Абадда 10, Нарында 46, Ысык-Көлдө 8, Талас облусунда 8, Чүйдө 3 жайлоо бала бакчасы ачылган.

Кымыз ичүү-2017: бээнин сүтү менен дарылануу жайлары жана баалары - Sputnik Кыргызстан
Бээнин сүтү менен дарылануу – 2017: Кыргызстандагы сүт ичкен жерлер жана баалары
— "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" алдыдагы пландары тууралуу айта кетсеңиз.

— Быйыл балдар менен биргеликте ата-эненин да педагогикалык сабаттуулугуна басым жасайлы деп жатабыз. Замандаштарга, эгерде тоого чыгып калып түстүү желектер сайылган жерде кичинекей балдарды көрсөңүздөр баш багып, билген өнөрүңүз, билимиңиз менен бөлүшүп коюңуздар. Кызматташууга эшигибиз ачык.

Жаңылыктар түрмөгү
0