Долбоордун координатору Асылбек Жоодонбеков журналист Гүлдана Талантбековага маалымат берди.
— Асылбек мырза, "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун башкы максаты, багыты тууралуу маалымат бере кетсеңиз.
— "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоору эл ичинде жайлоо бала бакчасы деген ат менен белгилүү. Бул долбоорду үч жыл мурда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду баштаган. Иш алып барууда бийлик органдары менен тыгыз иштешебиз. "Жайлоо өнүгүү борбору" климатка жараша үч ай иштейт. Быйыл суук болгондугуна байланыштуу кечирээк ачылды.
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан облустардагы айрым балдар жайкысын жайлоодо болушат. Чабандардын балдары көп учурда мал менен жүргөндүктөн алардын билимине, жалпы өнүгүүсүнө көңүл бурулбай келет. Биз ошол жайлоо балдарын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн заманбап жаңылыктар менен кабардар кылып, дараметибиздин жетишинче өнөрпоз, коомго таасирлүү адамдар менен жолугушууларды уюштуруп, ар кыл мастер-класстарды өткөрүп турабыз.
— Учурда республика боюнча "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" саны жүздөн ашты. Балдардын жаш курагы 3төн 12 жашка чейин. Биздин адистер бул курактагы балдар менен жакшы иштешет. Борборлордо чакан китепканаларыбыз дагы бар. Мындан тышкары, балдарга туура тарбия берүү боюнча ата-энелер менен тарбиячыларга атайын сабактар да өтүлүп турат.
— Бир борбордо канча бала окуй алат?
— Эң аз дегенде он бештей бала чогулат. Айрым жерлерде балдардын саны элүүгө жетет. Аларга жумасына алты жолу, үч сааттан сабак өтүлөт. Бул убакыт аралыгында балдар тамактанбайт, уктабайт. Себеби көңүлдөрү бир гана билимге бурулат.
Балдардын курактык өзгөчөлүгү дагы эске алынып окумуштуулар кеңеши менен биргеликте атайын программа иштелип чыккан. Анын негизинде окуучуларга элдик кол өнөрчүлүк, шахмат, каллиграфия, дене тарбия, тил чеберчилиги, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу сыяктуу сабактар интерактивдик оюндар аркылуу үйрөтүлөт. Китеп, кагаз, калем ж.б. керектүү буюмдар менен өзүбүз камсыздайбыз.
— Бир жайлоодо канча адис иш алып барат?
— Тренинг өтө турган адистердин саны үчтөн кем эмес. Мындан башка тарбиячы жана анын жардамчысы иш алып барат. Жайыт комитети дагы ар дайым коштоп жүрөт.
— Бул демилгени башында балдар, ата-энелер кандай кабыл алышты?
— Үч жыл мурда жаңыдан иш баштаганда Роза Исаковна (Отунбаева — ред.) менен Айыл чарба министрлигине кайрылып, жайыт комитеттерин чогулттук. Жергиликтүү бийлик эл көп отурукташкан жайлоолорду аныктап, боз үй тигип, тарбиячыларды чакан айлык менен камсыздады.
Бир жагымдуу учурду айта кетейин. Баткендин Кадамжайында 2-классты бүткөн балага өнөрпоздор комуз үйрөтсө, абдан кызыгып калыптыр. "Ата-энеси биздин балабыз дагы бир нерсеге кызыгат турбайбы" деп абдан таң калышыптыр. Кийин ата-энеси бир кочкорун сатып уулуна комуз сатып беришти. Бул окуя биз үчүн дагы ачылыш болду. Мындай мисалдар абдан көп. Ата-энелер балдары менен көп баарлашса дейм.
— Өлкөдөгү жайлоолордун бардыгын өнүгүү борборлору менен камтый алдыңыздарбы?
— Былтыркы эсеп менен Ош облусунда 34, Баткенде 8, Жалал-Абадда 10, Нарында 46, Ысык-Көлдө 8, Талас облусунда 8, Чүйдө 3 жайлоо бала бакчасы ачылган.
— Быйыл балдар менен биргеликте ата-эненин да педагогикалык сабаттуулугуна басым жасайлы деп жатабыз. Замандаштарга, эгерде тоого чыгып калып түстүү желектер сайылган жерде кичинекей балдарды көрсөңүздөр баш багып, билген өнөрүңүз, билимиңиз менен бөлүшүп коюңуздар. Кызматташууга эшигибиз ачык.