Мамлекеттик кызматкерлер алты күн бою спартакиадада ат салышмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМировое первенство по бильярду в Бишкеке
Мировое первенство по бильярду в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште катышуучулар футбол, волейбол, бильярд жана жеңил атлетика өңдүү спорттун 12 түрү боюнча ат салышат.

БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Бишкекте мамлекеттик кызматта иштегендердин спартакиадасы башталып, алар спорттун 12 түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Ислам тилектештик оюнуна Кыргызстандан 70 спортчу аттанды. Ийгилик деп туралы
Маалыматка ылайык, иш-чара 12-майдан 17-майга чейин борбор калаадагы спорт ордосу менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Анда мамлекеттик кызматкерлер футбол, волейбол, бильярд жана жеңил атлетика өңдүү спорттун түрлөрү боюнча күч сынашат.

Мында күч түзүмдөрүндө иштегендер үчүн өзүнчө таймаш уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0