БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте ысык сууну өчүрүү 22-майга жылдырылгандыгын шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ысык сууну 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүү боюнча токтомго бүгүн шаар жетекчиси Албек Ибраимов кол койду.
"Жарандардын жана социалдык мекемелердин өтүнүчү жана санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен ысык сууну убактылуу өчүрүү 22-майга жылдырылды", —деп айтылат билдирүүдө.
Ысык сууну өчүрүү жыл сайын кыш мезгилинде сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында түтүктөрдү оңдоо үчүн ишке ашырылат.
Адатта ысык суу Бишкекте 10-майдан 10-июнга чейин өчүрүлчү.