Таттыгүл Дооталиева: элимди жакшы көрөм, бирок кызым үчүн коркуп жатам

© Фото / предоставлено Таттыгуль ДооталиевойПреподаватель Медакадемии КР Таттыгуль Дооталиева
Преподаватель Медакадемии КР Таттыгуль Дооталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда ызы-чуу жараткан Медициналык академиянын окутуучусу Таттыгүл Дооталиева Кыргызстандын түштүк аймагындагы тургундарга кандай ойдо экенин, алдыга койгон пландары жөнүндө айтып Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.

БИШКЕК, 26-янв. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Таттыгүл Дооталиева социалдык тармактагы баракчасына жазган посту үчүн Кыргыз медициналык академиясындагы ишинен айдалган. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына учурда өзүнүн жана кызынын өмүрү үчүн коркуп жаткандыгын билдирди.

Обломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Дача айылындагы авиакырсыктын иликтөөсү интернетке чыкты
Бишкектин жака-белине Boeing-747 учагы кулагандан кийин Таттыгүл Дооталиеванын Facebook тармагындагы баракчасына курман болгондорду табалаган пост жарыяланган. Анда түштүктүктөрдү жаратылыш өзү тандап жок кылып жаткандыгы боюнча жазылган болчу. Социалдык тармактын колдонуучулары баракчанын ээсин катуу сынга алышкан. Ал эми Дөөталиева телефонун жоготуп алганын айтып, Facebook баракчасы ачык калганын билдирген. Ал ошондой эле баракчасындагы билдирмелерине анын тиешеси жок экенин айтып чыккан. Улуттук коопсуздук комитети Дөөталиеваны суракка чакырып эскертүү берген болчу.

Медициналык академия кийинчерээк Башкаруу жана фармацевтика экономикасы кафедрасынын мугалими Таттыгүл Дооталиева ректордун буйругу менен иштен алынганын жарыялаган.

16-январда эртең менен саат 7.30дар чамасында Дача айылына Гонконгдон Стамбулга бараткан жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап 39 адам каза болгон. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

—  Таттыгүл ошондогу ызы-чуудан кийин жашооңузда өзгөрүүлөр болдубу?

— Андан бери көчөгө чыга элекмин. Корком. Анысы аз келгенсип ооруп да калдым. Кызым үчүн көп ойлонмой болдум. Ал 12 жашта, мектепте окуйт. Жалгыз тарбиялап келем.

Ата-энем пенсия курагындагы адамдар. Алар да ооруп жатат. Биринчи күндөрү эч кимибиз көчөгө чыккан жокпуз. Себеби социалдык тармактардан менин үй-бүлөмдү өлтүрөм дегендер чыкты. Бир журналист кыз дагы коркутуп жүрдү. Мени өрттөп салуу керек деп жазгандар да болду.

Жакында эле патентти узартыш үчүн салык кызматына барыш керек болуп калды. Ошондо өзүмдүн унаама отургандан коркуп такси чакырттым. Кокустан милиция кызматкерлери токтотуп калып, документимен таанып калышса эмне болот деген ой келди. 

 Салык кызматындагылар сизди тааныштыбы?

 Бир кызматкер таанып калды окшойт. Орой мамиле жасап жаткандай сезилди. Мүмкүн мен жаңылышып жаткандырмын.

 Ошол чуулгандуу постту чын эле сиз жаздыңыз беле?

Первый вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача айылындагы авиакырсыктын чыгымдары эсептелип бүттү
 Азыр моюндабай турган болсом кайрадан УКМКга алып кетишеби деп чочулап турам. 17-январда УКМКга саат 13.00дө алып кетишип ошону менен 19.00дө кое беришкен. Эгер моюнга албасам эки суткага камап коебуз дешти. Кызым үйдө жалгыз калган болчу. Кеч киргенде аны ойлоп акыры кагаздарга кол коюп бергем. Азыр кайра төгүндөсөм көйгөй жаралышы мүмкүн. Кечирим боюнча… Чынымды айтсам эмне үчүн кечирим сурашымды билбейм. Мен жаман нерсе жасаган эмесмин.

 Иштен бошотулуп жатканда ректоратта эмне тууралуу маек болду?

 Айрым ЖМКлар жазып чыккандай ректор мени келесоо деп урушкан эмес. Ал билимдүү айым. Менин ага карата нааразычылыгым жок. Ага болгону Жогорку Кеңештин депутаттары басым жасап койду.

Негизи менин башымды кесип кеткиси келгендерге абдан таң калдым. Адам өлүмүнө айыпталып жаткан эмчи-домчунун ишин токтото алышпайт дагы, окумуштууну Ала-Тоо аянтынан дарга аскылары келет. Депутаттар болсо социалдык тармактагы жалган аккаунттардын ээлеринин пикирлерине кошулуп жатышат.

Менин чыгарган китептерим боюнча студенттер билим алып жатышат. Жети жылдык өмүрүмдү илимге арнап, 10 жыл студенттерге сабак бердим. Окутуунун жаңы методдорун киргиздим. Студенттер менин сабагыма киргенде билимди оюн аркылуу алып жатышты. Мындай методдорду мен чет элдик окуу жайлардан үйрөнүп келгем. Мисалы Кытайдагы Хэбей медициналык университетин атай алам. Менин студенттеримдин арасында экиге окугандар жок болчу.

— Сизди "адепсиз жүрүм-турум" деген айып менен жумуштан кетирди. Сиз бул чечимге макулсузбу?

— Мен ар түрдүү орфографиялык сөздүктөрдү карап көрдүм. Эгер бир адам эл алдына чыгып алып, туура эмес бир нерсе жасаса же болбосо, мен ошол посту жазып жаткан учурда күбөлөр көрүп калса "адепсиз жүрүм-турум жасады" деп айтылат экен.

Мен бул чечимге каршы сотко берем. Анткени мени мыйзамсыз жумуштан кетиришти. Мен Медакадемиянын жетекчилигине эч кандай нааразычылыгым жок, бирок Эмгек Кодекси боюнча балдары 14 жашка чыга элек жалгыз бой энелерди жумуштан кетирүүгө болбойт.

Преподавательница КГМА Чолпон Джумагулова - Sputnik Кыргызстан
Медакадемия авиакырсыктан кийин моргдо иштеген кош бойлуу кызматкерин сыйлады
Менин мурдагы жолдошум Россияга кеткен жана баланы багууга жардам бербейт. Ата-энем мектепте катардагы мугалим болуп иштеген, өзүм болсо медициналык академияга өз күчүм менен бюджетке өткөм. Окуумду аяктап дары-дармек департаментинин лабораториясында иштедим. Кийин журналист катары иштеп жүргөндө, Медакадемиянын кафедра башчысынын орун басары аталган окуу жайга өзү чакырган.

Эжесинин жардамы менен ишке орношкон деген кептер чындыкка жатпайт. Баса, менин эжем дагы деканаттан кетүүгө аргасыз болду. Себеби аны ошого жеткиришти. Эми окутуучу болуп иштеп жатат.

— Бул окуядан кийин туугандар менен мамилеңер бузулган жокпу?

— Азырынча баары жакшы эле.

— Социалдык тармактарга кирип жатасызбы?

— Жок, ошондон бери өз аккаунтума кире албай калдым.

— Азыр эмне менен алектенип жатасыз? Башка ишке орноштуңузбу?

— Мен жумуштан тышкары котормочулук менен алектенчүмүн. Англис тилинен орус тилине котором. Буйрутма алып, ошону менен оокат кылып жатабыз.

Азыр ден-соолугумду калыбына келтирип алып, андан соң диссертация менен алектенейин деп жатам. Диссертациям "Мамлекеттик кепилдиктер жана медициналык камсыздандыруу программасынын алкагында дары-дармек менен камсыз кылууну оптималдаштыруу жолдору" деп аталат. Бул илимий эмгегимди эл үчүн жасап жатам, бардык кыргызстандыктарга керек болот деген ойдомун.

Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Дача айылындагы авиакырсыкка бир ай толду. Эмне жасалып, эмне өзгөрдү
Жалгыз бой эне болсом дагы аймактарга барган каражатымды өз чөнтөгүмөн чыгарчумун. Элим, өлкөм үчүн пайдалуу нерсе жасайын деп болгон аракетимди жасадым. Мекендештеримди жынысына же жерлигине карабай жакшы көрөм. Ошондуктан диссертациямды элим үчүн бүтүрөм.

Ал эми эч кандай териштирүү жок мени жумуштан кетирүү керек деп айткан Жогорку Кеңештин депутаттарына баары бир ишити иликтеш керек эле деп айткым келет.

Бирок алар менен соттошуп жүргөндүн ордуна медик- студенттерге китеп чыгарып, акчамды ошол жакка жумшайын деп ойлоп жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0