Авиакырсыктан мерт кеткендерди табалаган Медакадемиянын кызматкери иштен алынды

Жазылуу
Кырсыктаган жарандарды келекеге алган медакадемиянын кызматкери иштен ректордун буйругу менен алынды.

Бишкек, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик медициналык академиянын кызматкери социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Дача айылынын үстүнө кулаган учактан каза тапкандарды келекелегендиги үчүн иштен алынды. Бул тууралуу Медакадемиянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, кызматкер окуу жайдын ректорунун буйругу менен иштен алынган. 

"Башкаруу жана фармацевтика экономикасы кафедрасынын мугалими Таттыгүл Дооталиева авиакырсыктан каза болгондорду социалдык тармактагы баракчасы аркылуу шылдыңга алганы үчүн Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пункту боюнча иштен алынды", — деп айтылат маалыматта. 

Работа московских школ - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан каза болгондорду табалаган Дооталиеваны УКМК суракка алды
Билдирмеде беренеге ылайык тарбия бере турган адам тескери көрүнүш жаратканы үчүн ээлеген кызматына туура келбей калганы белгиленген. 

Эске салсак, 16-январда эртең мененки саат 7:18де Дача айылында жүк ташыган Boeing 747 лайнери кулап, 32 киши каза тапты. Аба кемеси Гонконгдон Стамбулга багыт алып, Кыргызстанга май куюу үчүн токтомок. Учурда крысыктын себеби илектенип жатат.

Учак кырсыгынын чоо-жайы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кенен таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0