БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектин жака-белиндеги Дача айылына кулаган жүк ташуучу учактын экипажы бийиктигин көзөмөлдөй албай, конуу тилкесинен өтүп кеткенден кийин экинчи айлампага чыгууга аракет кылып жатканда дарбазага урунуп, калктуу конушка сүрүлүп чыккан. Бул тууралуу авиакырсыктын иликтениши жарыяланган AirDisaster сайтында жазылган.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына бир метрди түзүп, алды жактан 100 метр, жогору карай 50 метр жер көрүнгөн, мындан тышкары учуп-конуу тилкеси 350-400 метрге чейин так көрүнүп, абанын температурасы — 9 градус суук болуп туман каптап турган.
Сайттагы маалымат боюнча кырсык болор алдындагы бир нече мүнөттөрдө абал төмөнкүдөй болгон:
- учак саатына 370 чакырым ылдамдык менен учуп келе жаткан. Конуу алдында бийиктик эске алынган эмес. Мындан улам кадимки траекториядан 200 метрге четтеп кеткен. Бул траектория авиацияда глиссада деп аталат;
- учуп-конуу тилкесине жакын калганда глиссадага түшүү режими автоматтык түрдө активдешип кеткен. Нормадан четтеп кеткендиктен бир калыпта абада туруп калган. Бирок 1,5 чакырым учуп өткөндөн кийин туура эмес глиссадага түшүп, автоматтык түрдө жерге жакындай баштаган;
- экипаж конуу аракети кооптуу болорун, мындан тышкары глиссададан четтеп кеткенин эске алган эмес. Учак жерге 30 метр калганда командир экинчи айлампага чыгуу чечимин кабыл алган. Бирок бул аракет 16 метр бийиктиктен жасалган;
- экинчи айлампага чыгуу процессинде жерге урунуп, кайра көтөрүлүп барып аэропорттун бетон тосмосун сүзгөн. Андан кийин айылдын аймагына сүрүлүп чыккан.
Учактын калдыктары болжол менен туурасы 400, узуну 80 метр келген аймакка чачырап кеткен. 35 жергиликтүү тургун менен экипаждын төрт мүчөсү каза болгон, 15 киши жабыркаган.
Сайт маалымат булагын атаган жок. AirDisaster — мурдагы СССР өлөкөлөрүндөгү авиакырсыктарды чагылдыруу боюнча адистешкен. Долбоордун авторлорунун айтымында, сайттын максаты кырсык тууралуу маалыматтарды бир базага киргизип маалыматтык вакуумду толтуруу болуп эсептелет.
Учурда МАК иликтөөсүн улантып жатат. Документтер текшерилип, "кара ящиктердеги" жазуу окулууда. Комитет түрк тарап өз түшүндүрмөсүн бергенден кийин отчетун жарыялайт.