12:36 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Коом
Кыскача шилтеме алуу
927530

Эмне үчүн ар бир кыргызстандык кыз-келиндер эмчек шишигинен өлүп калышы мүмкүн экенин дарыгер Сергей Буюклянов айтып берди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы интернеттен аялдардын эмчек безинин шишик оорусу жөн эле капа болгондон, стресстен пайда болушу мүмкүндүгүн окуп алып өзү стресс болгон. Интернеттеги аты аталбаган билермандардын сөзүн текшериш үчүн ал Улуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун адиси Сергей Буюкляновго кайрылып маектешип келди. 

— Бардык онкологиялык оорулардын ичинен көкүрөктүн шишиги эң коркунучтуу деп уккам. Ушул чынбы? 

— Албетте. Онкологиялык оорулардын ичинен эң кеңири тараганы ушул эмчек безинин рагы. Кыргызстанда аялдар европалык же америкалык аялдарга караганда көкүрөктүн шишиги менен азыраак ооруганына карабай, бул дарттан өлгөндөрдүн саны бизде жогору. 

Врач Маммологического центра при Национальном центре онкологии Сергей Буюклянов
© Фото / Камила Калчакеева
Врач Маммологического центра при Национальном центре онкологии Сергей Буюклянов

Өнүккөн өлкөлөрдө сени оорудан арылтуу мүмкүнчүлүгү 90 пайызды түзөт! Ал жакта заманбап жабдыктар да бар, каржылоо жагы да жакшы. Алардын супермаркеттеринде эле медициналык кароодон өтсө боло турган атайын кабинкалар бар! Ошон үчүн аларда Кыргызстанга караганда ракты баштапкы мезгилинде эле аныкташат.

Бизде болсо аялдардын 60 пайызы шишиги 3-4 баскычка жеткенде келишет. Аларды дарылап айыктыруу мүмкүн эмес. 

— Эмне үчүн кыргызстандык кыз-келиндер дарыгерге кеч кайрылышат?

— Жөн эле ден соолугуна кайдыгер мамиле кылышат. Бул биринчиден. Экинчиден, азыр саламаттык сактоонун онкология тармагындагы бүтүндөй системасы бузулган. Мурда бардык облустарда диспансерлер болсо, азыр алар жабык. Бейтап шаарга жеткиче анын оорусу биринчи баскычтан төртүнчү баскычка өтүп кетет. 

Эң башкысы, жер-жерлерде жакшы жабдуулар жетишсиз. Маммология борборунда бүтүндөй республикага эсептелген төрт гана аппарат бар. Ошонун айынан кабинеттин оозунда күн сайын эл толтура. Биз аркылуу күн сайын жүздөгөн бейтаптар өтүп, алардын аягы эч үзүлбөйт. 

Кезеги жетпей калгандар, күн санап күтүп тура беришет. Ал арада оорудан сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү кыскара берет.

— Маммологдордун буга кантип алы жетип жатат? Баары бир дарылаш керек, кудайдан тилеп отура бергендин пайдасы жок да. 

— Маммология борборундагы жабдууну мамлекет берген эмес. Маммологдор эки жыл бою грант үчүн алышып жүрүп, Япония элчилигинен 150 миң доллар алганбыз. Ошол акчага жабдуу сатып алдык. 

Биз облустарды да демөөрчүлөрдүн акчасына кыдырабыз. Жөн гана аялдарды сактап калыш үчүн! Өткөн жылы 15-20 миң кыргызстандык кыз-келинди кароодон өткөрдүк. 

Эгер мамлекет каражат толук бөлүп бергенде, Кыргызстандын аялдарын жапырт кароодон өткөрүүнү биз тез-тез уюштуруп турмакпыз. Канча айымдын өмүрүн сактап калат элек, эсептеп көрүңүз. 

— Аймактардагы аялдар Бишкекке дарыланууну каалашабы?

— Албетте! Ден соолугунда мандеми табылган аялдардын 95 пайызы облустардан шаарга келишет. Биз командировкадан келгенче эле алар бизди борбордо күтүп турушат!

Алар келип дарыланып, айыгыш үчүн колундагы, үстүндөгү чапанын сатып жиберип келишет. Шаардык аялдар өзүлөрүнө андан начар карашат. Ден соолугуна маани бербей жүрө беришет да, өпкөсүнө, бооруна, сөөгүнө өтүп кеткен метастазалар менен, дарылоого такыр үмүт жок калганда, келишет. 

Ден соолукка көңүл бурса, рактан өлүп калуу коркунучу азаймак. 

— Дартты 1-баскычта "кармап калыш" үчүн канча убакытта бир жана кайсы куракта кароодон өтүш керек?

— Өзүн сыйлаган аял жок дегенде жылына бир жолу маммологго кайрылышы керек. 20 жаштан кийин ар бири УЗИден өткөнү туура. Ал эми 35 жаштан тарта аял маммографиялык кароодон өтүшү керек. 

— Эмчек безинин шишиги эмнеден башталат? 

— Ал эч качан жөндөн-жөн пайда болбойт. Эмчек бези өтө назик, жөнөкөй эле кокустатып алуу ракка айланып кетиши мүмкүн. Мисалы, мен 18 жашар бир кызды билем. Ал велосипедден жыгылып көкүрөгү менен тийген. Эми ал эмчек безинин 2-даражадагы рагы менен ооруп жатат. Дагы бир 20 жашар кызды өз ити көкүрөгүнөн тиштеп алып, ооруга чалдыккан. 

Ошондой эле мастопатиянын түрдүү формалары да эмчек безинин шишигине алып келүү коркунучу жогору. Кыргызстанда аялдардын 80 пайызы мастопатия менен ооруйт! Бул түрдүү себептерден пайда болчу дарт: калкан безинин, боордун, урук бездеринин оорусунан, кант диабетинен, ошондой эле тамеки чегүүдөн, туура эмес жашоодон, стресстерден пайда боло берет. 

— Мастопатияны кантип билсе болот? 

— Анын 40ка жакын түрү бар, андыктан анын биринчи белгилерин күтүп отуруунун кереги жок. Маммологго үзгүлтүксүз келип көрүнүп туруш керек. Көпчүлүк аялдар китепчени окуп коюп, көңүлдөрү тынып калат. Оорубаган күндө да, сиздин денеңиз сак дегенди билдирбейт!

— Аялдар оорусун өтүштүрүп жиберсе, сөзсүз хирургиялык жол менен дарылайбы?

— Албетте. Кыргызстанда аялдардын эмчегин күн сайын кесишет. Жылына 500гө жакын операция жасалат. 

— Көкүрөгүн алдырып салып жашаш коркунучтуубу? 

— Жок, эң коркунучтуусу бул эмес. Акча болсо, кескенден бир нече жылдан кийин пластикалык операция жасатып алса болот. Анан калса, асимметрияны жашыра турган бюстгальтерлер толуп жатат. 

Эң коркунучтуусу — үй-бүлөңдүн тетири карап кетиши. Мындай оорулуулардын көбүн күйөөлөрү таштап, үй-бүлөсү, туугандары карабай коёт. Ушул жумушта иштеп жүрүп аялы менен аягына чейин калар-калбасын күйөөсүнүн көзүнөн аныктаганды да үйрөнүп алдым. 

Мындай оор учурда күйөөсү таштап кеткен аялдын кайгы-муңун сүрөттөш кыйын. Бактысыз адамдын сакайып кетиши да оорураак болот… Албетте, андай аялдарга психологиялык, экономикалык жардам берчү коомдук фонддор бар. Бирок жакыныңдын сүйүүсүн эмне алмаштыра алат дейсиз?

Маектешкен Камила Калчакеева

Тема боюнча

Атамбаев ракка кабылган балдарга белек берип, алар менен сүрөткө түштү
Активист жалпы өлкө биригип ракты дарылоочу аппарат сатып алууну сунуштайт
Белгилер:
маммолог, рак, кыз-келиндер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ