Бычуу жана өлүм жазасы — педофилдер башка мамлекеттерде кандай жазаланат

© AFP / SAJJAD HUSSAINПедофилияга күнөөлөнүп кармалган жаран. Архив
Педофилияга күнөөлөнүп кармалган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык мамлекеттерде педофилдерге карата түрдүү жаза каралган. Алардын алды үч жыл абакка кесилсе, кээсси өлүм жазасына тартылат.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстанда өспүрүмдөргө сексуалдык кордук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу боюнча сунушту колдогон 11 миңден ашык кишинин топтолгон колу Жогорку Кеңештин депутаттарына тапшырылды

Атамбаев педофилдерди бычып салууну колдойт
Конституцияга ылайык мыйзам долбоорун иштеп чыгууну демилгелөө үчүн жарандардан 10 миң кол топтолушу керек. 

Буга чейин педофилдерди химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан, бирок 2013-жылы аны президент колдоого алган эмес. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бул мыйзамды аткаруу үчүн бюджетте каражат жок экендигин жүйө келтирген.

Бардык мамлекеттерде 14 жашка чыга элек өспүрүмдөргө сексуалдык кордук көрсөткөндөргө түрдүү жаза каралган. Sputnik Кыргызстан педофилдерге карата кандай жаза колдонула турганына абай салып көрдү.

Бычуу жана сот

Химиялык бычуу — бул эркектин тестостерон гормонун азайтуучу атайын каражатты колдонуу. Ал биринчи жолу 1944-жылы колдонулган.

АКШнын бир катар штаттарында педофилия үчүн кесилет, эгер жаран бул ишин кайталай турган болсо химиялык жол менен бычылат. Европанын айрым өлкөлөрүндө 10 жылга чейин эркинен ажыратылат, ал эми аракетин кайталаса өмүр бою кесилет. Францияда, Бельгияда, Данияда дагы соттун чечими аркылуу химиялык жол менен бычуу каралган. Польша мамлекетинде эң аз үч жыл эркинен ажыратуудан тарта химиялык бычууга чейин жаза каралган.

Коңшу Казакстанда өспүрүмдөргө сексуалдык кордук көрсөткөндөр 10 жылга чейин кесилет, эгер дагы кайталай турган болсо 15 жылдык мөөнөт каралган. Жакында эле педофилдерди химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам кабыл алынган

Нигерия менен Пакистанда өмүр бою абакка кесилет.

Өлүм

Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр
Айрым өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн ар-намысын булгагандар оор жазага тартылат.

Кытайда окуянын жагдайына карап, 10 жыл эркинен ажыратуу менен өлүм жазасына чейин жаза каралган.

Түштүк Кореяда, Иранда жана Кубада мыйзам боюнча өлүм жазасы киргизилген. Йеменде педефилдерди эл алдында өлүм жазасына тартат. 

Нигериянын жана Африканын Түштүк-Чыгыш аймагынын тургундары мындай "бузукуларды" өздөрү эле өлтүрүп коет. Айрым учурларды тирүүлөй өрттөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0