Казакстанда педофилдер мыйзам чегинде бычыла турган болду

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүКуурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү химиялык бычуу — бул адамдын жыныстык катнашка баруу жөндөмүн убактылуу токтотуу экенин, ал жаза катары бир гана жолу жасаларын белгиледи.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Казакстандын парламенти "Балдар кызыкчылыгын коргоо жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду киргизип, өлкөдөгү педофилдерге химиялык бычуу жазасы колдонулмай болду. Бул тууралуу Новости-Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кабыл алынган мыйзам үй-бүлө, нике тууралуу кодекске өзгөртүү киргизип, кароосуз калган балдардын маалымат базасын түзүүгө шарт түзөт.

Муну менен бирге Жогорку палатанын сенатору Бырганым Айтимова балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук жасаган кылмышкерлерди бычуу тууралуу мыйзам кабыл алынганын белгиледи.

"Химиялык бычуу — бул адамдын жыныстык катнашка баруу жөндөмүн убактылуу токтотуу. Ал педофилдерге бир ирет сайылат. Инъекция соттук чечими менен ишке ашат", — дейт эл өкүлү. 

Учурда өлкөдө беш миллиондон ашуун бала жашап, тогуз миңи балдар үйүндө тарбияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0