Азисбеков Атабек Азисбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбан Атабек Азисбеков. Архивдик сүрөт
Балбан Атабек Азисбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атабек Азисбеков 1995-жылы 15-июлда Талас облусундагы Талас районунун Арал айылында туулган. 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарында күч сынашат.

Үй-бүлөсү:

Атасы Азисбек Көчөрбаев 1969-жылы туулган, дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Апасы Жылдыз Курманалиева 1969-жылы туулган, башталгыч класстын мугалими. Төрт бир туугандын улуусу. Балбан бойдок.

Билими:

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономика факультетин аяктаган.

Спорттогу жетишкендиктери:

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери.

2011 — Таиландда өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;

2011 — Москвада өткөн эл аралык турнирде алтын медаль;

2012 — Бишкекте өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;

2014 — Азербайжанда өткөн жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медаль;

2014 — Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль;

2015 — Катар мамлекетинде өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль;

2016 — Астанада өткөн Азия чемпионатынын лицензиялык мелдешинде коло медаль;

2017 — Ашхабадда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль;

2018 — Бишкектеги чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль;

2019 — Казакстандагы дүйнө чемпионатында бешинчи орун.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0