Түндө киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өмүр баяны

© Sputnik / Болат ШайхиновПортфель на рабочем столе
Портфель на рабочем столе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы 2-январда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чак айылында туулган. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
© Фото / сайт Генпрокуратуры КРПрокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов
Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов - Sputnik Кыргызстан
Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов

Эмгек жолу 

1998 — Жалал-Абад облусунун Нокен райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү;

1999 — стажер-тергөөчү, Аксы, Ала-Бука райондорунда прокурордун жардамчысы;

2002 — Жалал-Абад облустук прокуратурасында экономикалык кылмыштуулук жана коррупция боюнча иликтөөлөргө көзөмөл жүргүзгөн прокурор;

2006 — Жалал-Абад облустук прокуратурасында кылмыштардын иликтөөсүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, коррупция жана улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан кылмыштардын иликтөөсүн көзөмөлдөө секторунун начальниги;

2007 — Ала-Бука районунун прокурору;

2010 — Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;

2013 — Талас облусунун прокурору;

2018-жылдын май айында Баткен облусунун прокурору болуп дайындалган. 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн. 

Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси болгон.


Жаңылыктар түрмөгү
0