Калиева Гүлбара Үтүровна — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель Верховного суда Кыргызской Республики Гульбара Калиева
Председатель Верховного суда Кыргызской Республики Гульбара Калиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлбара Калиева 1959-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун, Түп районунун Түп айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 1981 — Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинен укук таануу адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1981 – 1986 — КР Аламүдүн районунун прокуратурасында, стажер, прокурордун жардамчысы;
  • 1986 – 1994 — Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы, төраганын орун басары;
  • 1994 – 1999 — Бишкек шаардык сотунун судьясы;
  • 1999 – 2001 — Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун төрайымы;
  • 2001 – 2004 — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун төрайымы;
  • 2004 – 2005 — КР Жогорку сотто башкармалыктын жетекчиси;
  • 2005 – 2006 — КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын юристи, юридикалык бөлүмдүн башчысы, аппарат жетекчиси;
  • 2007-жылдын январь айынан мартка чейин — Жогорку Кеңеште вице-спикердин жардамчысы;
  • 2007-жылдын март айынан августка чейин — Өкмөттө укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
  • 2008 – 2012 — Жогорку сотто аппарат жетекчисинин орун басары;
  • 2012 – 2015 — Жогорку сотто судья, төрайымдын орун басары;
  • 2015 – 2018 — Жогорку сотто судья;
  • 2018-жылдын 22-сентябрынан баштап Жогорку соттун төрайымы.

Башка маалыматтар:

  • Квалификациялык судьялык классы – биринчи.
  • Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси класстык чени бар.
  • Кыргыз, орус тилдерин билет.
Жаңылыктар түрмөгү
0