Билими:
1986 — Новосибирcкидеги жогорку аскердик-саясий окуу жайын аяктаган;
2002 — КР Президентинин башкармалыгынын алдындагы академияны "Менеджмент" багыты боюнча магистратурасын аяктаган;
2008 — КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынан "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган;
2011 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин "Финансы жана кредит" адистиги боюнча "Экономист" квалификациясы ыйгарылган.
Эмгек жолу:
1986-1991 — СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда иштеген;
1991-2001 — "Торугарт-Транзит" кыргыз-кытай биргелешкен ЖЧКсынын башчысы;
2001-2002 — Мергенчилик ресурстарды көзөмөлдөө жана коргоо башкы башкармалыгынын жетекчиси;
2002–2004 — КР президент башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2004 — Республикалык жаратылышты коргоо фондусунун башчысы;
2005-2006 — КР президент башкармалыгынын башчысы;
2007-2012 — КР Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.