Окууну ийгиликтүү бүткөндөн кийин "Кыргызстан пионери" гезитинде бөлүм башчы болуп чыгармачылык чыйырын баштаган. Студент кезинде анын "Убада" деген алгачкы ыр жыйнагы 1958-жылы жарыкка чыккан. Кийинчерек "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты" гезиттеринде башкы редакторлук кызматын аткарган.
1981-жылдан 1985-жылдарга чейин Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча адабий кеңешчиси болуп турганда кыргыздын ондогон жазмакер таланттуу жаштарын тарбиялап чыгарган. Андан тышкары, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, "Жаш Ленинчи" журналынын жетекчиси болуп эмгектенген.
1980-жылдары Кыргыз ССР маданият министрлигинин репертуардык-редакция коллегиясынын башкы редактор кызматын аркалаган. 1988-1992-жылдары "Кыргыз маданияты" гезитинин башкы редактору болгон. 1958-жылдан 1991-жылдын соңуна чейин СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңештин токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган.
Жалил Садыков ата мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы поэтикалык жыйырмадан ашуун ыр китебин чыгарган. Ал "Жайкы таңда", "Сары өзөн", "Сырдашуу", "Жоогазын", "Топ жылдыздар" сыяктуу ондогон поэтикалык жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар акын катары окурмандардын урмат-сыйына арзыган. Анын элдик ырга айланып кеткен "Сүрөтүңө", "Жайлоодо" сыяктуу ондогон ырларына обон чыгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт.
"Манас" үчилтигинин драмалык вариантын жаратуу менен Садыков Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду. "Манастын уулу Семетей", "Сейтек", "Айкөл Манас" эпикалык драмаларында эпостун өзөк окуялары тандалып алынып, сахнанын табиятына ылайыктап, айрым бир сюжеттик алымча-кошумчаларды кийирүү менен окуяларды мезгилдик жана мейкиндик жактан сыйлыгыштырып, конфликттерин түзүүгө жетишти. "Эр Төштүк", "Ак Мөөр", "Жукеев-Пудовкин", "Терең кечүү" ж. б. драмалары театрларда коюлган.
Садыков 1997-жылы "Адам жана азезил" деген драмасында "Тоорат" жана "Куран" китептеринен алынган Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү айтылуу сюжетти кайрадан иштеп чыгып, тээ алмустактан бери келе жаткан касиеттердин жакшы-жаманын азезилдин образы аркылуу ачып берген.
Акыркы жылдары драматургдун Шабдан баатырдын өмүр жолуна арналган "Шабдан" аттуу драмасы театр сахнасында ийгиликтүү коюлуп келе жатат.
Жалил Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдин тилине которулуп, драмалык чыгармалары чет өлкөнүн сахналарында коюлган.
Садыков Омор Хаям, Р.Гамзатов, К.Кулиев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Т.Шевченко, балкар акыны М.Кудаев жана Я.Шивазанын чыгармаларын которгон.
Жалил Садыковдун жарык көргөн китептери
"Убада", "Жайкы таңда", "Кечээкинин күбөсү", "Бөжөктөрдүн өмүрү", "Акын чабан", "Сары өзөн", "Бөбөктөргө үйрөткүн", "Кылымдын барактары", "Менин ырым мекеним", "Сырдашуу", "Унутулгус обондор", "Жоогазын", "Toп жылдыздар", "Тууган жер", "Мөлтүр булак", "Тууган жер", "Аккан суу", "Жер керемети", "Тандалмалар", "Тандалган чыгармалар", "Кеч күздөгү мөмөлөр", "Лик земли", "Табышкандар", "Пудовкин-Жукеев", "Айкөл Манас", "Семетей. Сейтек".
Сыйлыктары менен наамдары
"Манастын уулу Семетей" эпикалык драмасы үчүн Жалил Садыковго Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери", "Кыргыз Эл акыны" наамдары ыйгарылган. Муну менен бирге Манас ордени, Ардак грамоталар, бир нече медалдар менен сыйланып, эл аралык "Руханият" сыйлыгына ээ болгон.
Жалил Садыков 2010-жылы 21-октябрда 78 жаш курагында дүйнө салып, өзүнүн туулган күнүндө жерге берилген.