18:41 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021 (46)
360 0 0

Сунушталган мыйзам долбоору боюнча ЖКга  депутат болом деген адам өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн байлыгын ачыкташы керек. Ошондой эле алар эки тоонун чөбүн эңсей албай калат. Шайлоо учурунда үй башы жана квартал жетекчилери тушалат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо күтүлүүдө. Жаңы парламент өткөн жылдын октябрында түзүлүшү керек эле. Бирок элдик толкундоонун арты менен бийлик алмашып, шайлоонун жыйынтыгы да жокко чыгарылган. Үстүбүздөгү жылдын 5-майынан тарта жаңы Конституция иштей баштады. Ага ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскарып, талапкерлердин курагы 21ден 25 жашка чейин жогорулайт. Бул ЖК депутаттарын шайлоодогу өзгөртүүлөрдүн чакан гана бир бөлүгү, алдыда дагы кызыктуу жагдайлар менен тааныштырабыз.

Президенттик администрация шайлоо системасы боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып сайтына жарыялады. Документ май айынын аягында коомдук талкууга чыгарылган, жакынкы күндөрү парламентте каралары күтүлүүдө.

Sputnik Кыргызстан өзгөртүүлөргө баам салып, урунтуу учурларын окурмандарга жеткирүүнү чечти. Кээ бир нормалар коомдук талкуу учурунда өзгөрүп кетиши да ыктымал экенин эскертебиз.

90 депутат эки тараптан шайланат

Буга чейин кыргызстандыктар эки жолу ЖК депутаттарын партиялык система менен шайлаган. Мыйзам долбоорунда эки шайлоо системасын бириктирүү сунушталууда. 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система (бир мандаттуу), 55 эл өкүлү пропорционалдык система (партиялык тизме) менен тандалат. Шайлоо участкасына барганда эки бюллетень алып, бирине партияны, экинчисине өз округунан чыккан талапкерди шайлайт.

Бир мандаттуу округдан кантип депутат болот?

Мында жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Жогорку Кеңештин депутаты боло алат. Тагыраак айтканда, пропорционалдык системада талапкерлерди партия гана көрсөтсө, мажоритардыкта саясий партиялар тарабынан жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катталат.

Бир мандаттуу округдан өзүн көрсөткөн талапкер партиянын тизмесинде турбашы керек. Бир жаран бир эле жерде ат салышууга укуктуу.

Округдан талапкерди тандоо

Эгер партиянын тизмеси менен катышса

Кайсы округдан талапкерлигин коёру туурасында партиянын курултайында чечим кабыл алынат. Ал жыйынга БШК жана АШКнын өкүлдөрү катышууга укуктуу. Талапкерди көрсөтүү партиянын жашыруун добушу менен бекитилет.

Эгер өзүн-өзү көрсөтүп чыкса

Өзүн-өзү көрсөтүүнү каалаган талапкер шайлоо округунда жашаган 100дөн кем эмес шайлоочуну чогултуп жыйын өткөрөт. Ага АШКнын мүчөлөрү да барып байкоо салууга укуктуу. Жыйынга катышкандардын жарымынан көбү колдосо талапкерлигин көрсөтүүгө жол ачылат.

Кантип жеңишке жетет?

Бир мандаттуу округда эң көп добуш алган талапкер жеңүүчү катары таанылат.

Ал эми пропорционалдык системада шайлоого катышкан жалпы кыргызстандыктардын добушунун 3 пайызына, облустарда жана эки шаарда 0,3 пайызына ээ болгон партия мандатка жетет. Буга чейин аймактык босого 0,7 пайыз болуп келген.

Депутат мандатын тапшырса кайра шайлоо өтөт

Бир мандаттуу округдан шайланган депутаттын ыйгарым укуктары токтотулса кайра башынан шайлоо өтөт. Ваканттык орун пайда болгондон кийин эки айдын аралыгында президент жаңы шайлоону дайындайт. Эгер мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда кетип калса, жаңы депутат шайланбайт. Белгилей кетсек, депутат өзгөчө оор кылмыш жасаганда, башка кызматка өткөндө, мандаты артка чакыртылып алынганда жана өз ыктыяры менен арыз жазганда ыйгарым укуктары токтотулат.

Өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн мал-мүлкүн көрсөтүүгө милдеттүү

Жогорку Кеңештин депутаты болууну каалаган адам эми кантип байлык чогултканы тууралуу маалыматты ачыкташы керек. Талапкер өзүнүн жана жакын туугандарынын киреше-чыгашасы, мал-мүлкү тууралуу же декларациясынын көчүрмөсүн көрсөтүүгө тийиш. Бул процедура БШКга документ тапшырып жатканда жүргүзүлөт.

Эки тоонун чөбүн эңсей албайт

Мыйзам долбоорунда саясий кызматкерлер (ЖК жана жергиликтүү кеңештин депутатынан, президенттен сырткары) талапкер катары катталгандан кийин кызматтан толугу менен кетиши керек. Бул норма мамлекеттин же муниципалитеттин 30 пайыздык үлүшү бар ишканалардын жетекчилерине да тийиштүү. Азыркы мыйзамда шайлоо учурунда ыйгарым укуктарын токтото туруп, эгер өтпөй калса кайра кызматына кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Үй башы, квартал жетекчилери тушалат

Административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу нормасынын тизмесин кеңейтүү сунушталууда. Мисалы, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган кызматкерлер, муниципалдык аймактык башкармалыктын жумушчулары кол чогултуп, үгүт иши менен алектенсе админресурс катары саналат. Үй башы, квартал жетекчилерине үгүт өнөктүгүнө аралашууга тыюу салынат.

Тууганы добуш сатып алса жарыштан четтейт

Талапкер жарыштан бир нече жагдай боюнча четтеп калары белгилүү. Мисалы, эгер өзү, анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, байкоочусу, жакын тууганы шайлоочулардын добушун сатып алса же талапкердин катыштыгы болсо. Ошол эле адамдар добуш сатып алууга аралашса, шайлоо өнөктүгү маалында кайрымдуулук жасаса дагы талапкер жарыштан чыгарылат.

Шайлоонун жыйынтыгын кантип жокко чыгарат

Мыйзам долбоорунда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча да пунктулар кошулган:

Эгер шайлоого даярдык, добуш берүү, добуштарды эсептөө, шайлоонун жыйынтыгын аныктоо учурунда талапкер же партия тарабынан одоно мыйзам бузуулар тастыкталып, добуштардын жыйынтыгын аныктоого жана жарандардын эркин билдирүүгө таасир эсте, БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууга укуктуу.

Шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылганда талапкерге же партияга берилген добуштар да жалпы эсептен алып салынат. Ал талапкер/партия кайра шайлоого катыша албайт.

Азыркы мыйзамдар боюнча, БШК добуштардын үчтөн бир бөлүгү жараксыз деп табылганда жана соттун чечими менен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгара алат.

Шайлоо күрөөсү кандай?

Партиялардын шайлоо күрөөсү 1 миллион сом, бир мандаттуу округдан чыккандарга 100 миң сом.

Күрөө төмөнкү учурда кайтарылат:

  • шайлоого катышкандардын бир пайыздан кем эмес добушун алса жана тийиштүү документтердин баарын алып келсе.
  • эгер БШК партияны талапкер катары каттоодон баш тартса;
  • бюллетендин формасы жана тексти бекитилгенге чейин партия өзү жарышка катышуудан баш тартса.

Мыйзам долбоору төрт маанилүү учур менен толукталууда:

  • бир мандаттуу система менен катышкан талапкер округда шайлоого катышкандардын беш пайыздык добушун алса күрөөсү кайтарылат;
  • шайлоо өттү деп таанылбай калса, жыйынтыгы жокко чыгарылса талапкерге/партияга кайтарылат;
  • эгер мыйзам бузганы үчүн добуш берүү күнү башталганга чейин талапкер/партия жарыштан четтетилсе шайлоо күрөөсү кайтарылбайт, каражат бюджетке которулат;
  • ошондой эле мыйзам долбоорунда "партия каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө беш күн калганга чейин талапкерлердин тизмесин өзгөртө алууга укуктуу. Бул үчүн БШКга арыз жазып катар номерин алмаштырып же партиядан чыгара алат" деген норма алып салынган.
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021 (46)

Тема боюнча

Президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү
Белгилер:
БШК, шайлоо, мыйзам долбоору, саясый партия, мандат, округдар, добуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ