Мамилеге сокку урулду! АКШнын виза берүүнү чектеши боюнча ТИМ билдирүү таратты

© Sputnik / Эркин АлымбековКыргызстандын жана АКШнын желектери. Архив
Кыргызстандын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киргизилген чектөө боюнча расмий түшүндүрмө берүү үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизиши кыргыз-америка мамилелерине сезилерлик сокку урду. Бул туурасында КРдин Тышкы иштер министрлиги тараткан расмий билдирүүдө айтылат.

Белгилей кетсек, бүгүн Америка лидери Дональд Трамп Кыргызстан жана беш өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган.

ТИМ Кыргызстандын кызыкчылыгын четке каккан АКШ администрациясынын чечимин өкүнүү менен кабыл алганын билдирди.

"Кыргызстан мурда эле биометрикалык документтерди пайдаланууга берүүгө киришкен, бирок айрым кырдаалдардан улам созулуп жатканы Америка тарапка айтылган. Ага карабай ТИМ мыйзам чегинде АКШга керектүү маалыматтарды берип турган. Кыргызстан коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык процесстерге активдүү катышып келет. Ошондой эле терроризмге каршы күрөшүүгө салым кошуп келген жана кошо бермекчи. Биометрикалык паспорттор киргизилбеген 80ден ашык өлкө бар, бирок анын арасынан бир нечесин эле тандап чектөө коюлду. Бул парламенттик демократиянын өнүгүүсүн ишке ашырып келе жаткан Кыргызстан үчүн өнөктөштүк колдоого жатпайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кыргыз өкмөтү санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатуу, коррупция жана бюрократияны жоюу боюнча талбай иштеп келген жана иштей бере турганы белгиленет.

Нью-Йорктогу Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баарына тиешелүү эмес! Элчилик АКШга кирүүгө коюлган чектөөгө түшүндүрмө берди
"Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Америка тараптын кабыл алган чечими эки тараптуу кызматташтыкты артка тартат деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасы кыргыз-америка мамилесин конструктивдүү жолго салууга жана эки тарапка тең пайдалуу шарттарды түзүүгө даяр", — деп билдирди ТИМ.

Кыргыз жарандарынын Америкага барышына коюлган чектөө боюнча расмий түшүндүрмө берүү үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу бүгүн, 1-февралда, Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0