Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө

Жазылуу
Борбордук Азиядагы өлкө башчыларынын күйөө балдарынын көбү коомдук турмуштан четте турбайт, тескерисинче, таасирдүү кызматтарды ээлешет. Президентке бүлө болуу кызматтык секириктерине таасир этер-этпесин болжоп гана тим болобуз.

Борборазиялык аймакта президенттин үй-бүлөсүнө жакын болуу — маанилүү фактор. Анын ичинде күйөө бала да маанилүү орунда. Тунгуч президент Аскар Акаевдин тун кызы Берметтин жолдошу Адил Тойгонбаевди эле эстейличи.

Аны "кыргыздын эрке күйөө баласы" деп аташкан. 2005-жылкы революциядан соң Тойгонбаев бир нече мамлекеттик объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү, алдамчылык жана жемкорлук боюнча сырттан айыпталып 20 жылга соттолгон.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү азыркы президенттердин күйөө балдары эмне менен алектенерин бир сыйра эске салууну чечти. Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Казакстан

© REUTERS / Mukhtar KholdorbekovКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

Казакстандын ушул таптагы президенти Касым-Жомарт Токаевдин кыздары жок, уулу гана бар. Бирок отставкасына карабастан, эл башчылыгы жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы өңдүү бир топ ыйгарым укуктары сакталып калган мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин үч кызы бар. Улуусу Дарига 12 жыл мурун Рахат Алиев менен ажырашкан. 52 жаштагы Тимур Кулибаев — Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын жолдошу. Экөө бир уул, эки кызды тарбиялайт. Forbes журналынын маалыматтарына таянсак, бул жубайлардын ар биринин байлыгы 3,2 миллиард долларга бааланат. Бир топ жыл "Самрук-Казына" мамлекеттик фондусунун төрагасынын орун басарлыгын аркалап, андан соң аны жетектеп да келген. Аталган инвестхолдингдин активдери ондогон миллиард долларды түзөт.

Рабочая встреча глав государств центрально-азиатского региона и России - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
Ушул чакта KAZENERGY мунай газ жана энергетикалык комплекс ишканаларынын казакстандык ассоциациясына төрагалык кылат, андан тышкары, "Атамекен" ишкерлердин улуттук палатасынын башчысы. 2011-жылдан тарта "Газпромдун" директорлор кеңешинин мүчөсү — көз карандысыз директору. Ошондой эле Казакстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти, мындан тышкары, бокс жана спорттун суудагы түрлөрү федерациясын жетектейт.

Кенже кызы, 39 жашар Алия үч жолу турмуш курган, баса, анын биринчи жолдошу — Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар. Азыркы жолдошу — Димаш Досанов, бир кыз, бир уулу бар. Досанов 2016-жылдан бери "КазТрансОйл" АКынын башкы директору, ал ишкана магистралдык түтүктөргө ээлик кылат. 2017-жылы компаниянын айлантуусу жүздөгөн миллион долларды түзгөн. Ошондой эле ал спортко колдоо көрсөтөт, бирок бажасы Кулибаевчелик эмес. Досанов — Казакстандын Баскетбол федерациясынын президенти.

Кыргызстан

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстандын эки жыл мурун шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун эки баласы бар. Уулу мектепте окуйт. Кызы Бактыгүл 2016-жылы депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабекке турмушка чыккан. Ал президенттик аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүндө эксперт болуп иштейт.

Тажикстан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТаджикстандын президенти Эмомали Рахмон
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө - Sputnik Кыргызстан
Таджикстандын президенти Эмомали Рахмон

Эмомали Рахмон чейрек кылымдан бери Тажикстанды башкарат. Анын кызматы өтө бийик, ал президент гана тургай, тынчтык жана улуттук биримдиктин түптөөчүсү — улуттун лидери. Рахмон тогуз балалуу, алардын жетөө кыз.

Тун кызы Фирузе тажик темир жолунун мурдагы жетекчисине келин болгон. Болгону Хокумовдун уулу боюнча маалымат жокко эсе, ысымы, кесиби боюнча эч бир жерде айтылбайт.

Тажикстан Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары, 41 жашар Жамолиддин Нуралиев президенттин экинчи кызы Озодага үйлөнгөн. Озода өзү Тажикстандын президентинин, тагыраагы, өз атасынын аппаратын жетектейт. Жубайлар беш баланы тарбиялайт. Нуралиев мурдараак Улуттук банкта экономист болуп иштеген, кийин МВФ жана Дүйнөлүк банкта эмгектенип, андан соң каржы министринин биринчи орун басарлыгын аркалаган.

КМШ өлкө башчыларынын жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарынын миллиардды чапчыган бизнеси. Постсоветтик өлкө башчыларынын уул-кыздары
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча президенттин үчүнчү кызы Рухшона Рахмон Тажикстан ТИМинин бир башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду. Анын жолдошу — Шамсулло Сохибов. Ал Тажикстандын Кышкы спорт түрлөрү боюнча улуттук ассоциациянын президенти, ошондой эле ЖМКдагы маалыматтарга таянсак, "Фароз" көп профилдүү ири компанияга тиешеси бар.

Бешинчи кызы Парвина мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Шерали Гуловдун уулу Ашрафка турмушка чыккан. Ал Улуттук банк, кийин ИИМ тутумунда иштеп, андан соң Москвадагы тажик элчилигинин консулдук кызматынын башчылыгына дайындалган.

Алтынчы кызы Зарина Тажикстандын биринчи каналында диктор болгон, азыркы тапта "Ориенбанк" ААКнын башкаруу тобунун төрагасынын орун басары. Бир нече жыл илгери ал Байланыш кызматынын башчысы Бега Зухуров-Сиевуштун уулуна турмушка чыккан. Ал бокс менен машыгат, эл аралык мелдештерге катышкан, 2015-жылы Советтер Союзунун маршалы Георгий Жуковдун элесине арналган турнирде коло медаль тагынган.

Рахмондун калган эки кызы, алардын үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Түркмөнстан

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери жетектейт. Анын "Аркада" ("колдоочу") титулу бар. Президент үч кыз, бир уулдун атасы.

Сердар Бердымухамедов ТИМ тутумунда эмгектенет, аталган мекемеде орун басарлыкты аркалайт. Бир катар серепчилер Сердар Түркмөнстандын президентинин мураскерлигине даярдалууда деп болжошот.

Анын башка балдары боюнча маалымат өтө сейрек. Бир топ жыл оболу тун кызы Гүлжахон Түркмөнстандын көмүр кычкыл ресурстарын тескөө жана пайдалануу мамлекеттик агенттигинин Улуу Британиядагы өкүлү болгон жолдошу Иласгелди Аманов менен Лондондо турары боюнча маалымат чыккан. Ортончусу кызы Гүлшан Атабаева жодошу Давлет менен Парижде жашайт. Үчүнчү кызы туурасында маалымат жок.

Өзбекстан

© AP Photo / Anvar Ilyasov / PoolӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен

62 жашар Шавкат Мирзиёев менен Зироатхон Хошимова үч баланы тарбиялашат. Жалгыз уулу Алишер мектеп окуучусу. Эки кызы турмушка чыккан.

Эң улуу кызы Саида менен анын жолдошу Ойбек Турсунов жөнүндө маалымат аз. Бир жыл мурда жалпыга маалымдоо каражаттары тун күйөө бала президенттик аппараттын иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары экендигин жазып чыгышкан. Бирок ал маалымат бейрасмий эле.

Отабек Шаханов Мирзиёевдин экинчи кызы Шахнозаны алган. 2017-жылы ал өз кайнатасынын — президенттик күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Шахноза өзү Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин башкармалыктарынын биринин жетекчисинин орун басары.

Өзбекстан журт башчысынын беш небереси бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0