Балдарынын миллиардды чапчыган бизнеси. Постсоветтик өлкө башчыларынын уул-кыздары

© Sputnik / Михаил Метцель/ТАСС/POOL / Медиабанкка өтүүКМШ өлкө башчыларынын жыйыны. Архив
КМШ өлкө башчыларынын жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы советтик өлкөлөрдүн көптөгөн президенттеринин балдары бизнес менен алектенет, бир тобу бул багытта чоң ийгиликтерге да жетишкен.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Президенттердин балдары көптөгөн постсоветтик өлкөлөрдө саясаттын көндүм факторуна айланып калды. Эл арасында алардын көпчүлүгү бай экендиги да айтылат.

Sputnik Кыргызстан редакциясы аталган өлкөлөрдүн президенттеринин бала-чакасынын бизнесин изилдеп көрдү. Маалыматтар ачык булактардан жыйналды.

Азербайжан

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАзербайжандын президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибан, уулу Гейдар жана кыздары Арзу, Лейла менен
I Европейские игры. Вольная борьба. Мужчины. Первый день - Sputnik Кыргызстан
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибан, уулу Гейдар жана кыздары Арзу, Лейла менен

Азербайжан башчысы Илхам Алиевдин үч баласы бар. Жалгыз уулу Гейдар былтыр күздөн бери аскердик милдетин өтөөдө. Расмий маалыматтар жана бир кызынын курган маегине ылайык, кыздары Лейла менен Арзу коомдук ишмердик менен алектенишет. Мында Лейла Гейдар Алиев фондусунун вице-президенти. Бирок бир катар ЖМКлар президенттин кыздарынын Азербайжандын ар кыл ишканаларында миллиондогон долларга бааланган үлүштөрү бар экендигин белгилешет.

Армения

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАрмениянын президенти Армен Саркисян
Интервью с президентом Армении Арменом Саркисяном - Sputnik Кыргызстан
Армениянын президенти Армен Саркисян

Армения президенти Армен Саркисяндын Айк жана Вартан аттуу эки уулу бар. Алар тууралуу маалымат өтө сейрек, ЖМКда Вартан IT-ишкер жана маалыматтык технологиялар боюнча адис экендиги, ошондой эле атасына таандык Knightsbridge Group холдингине караштуу компаниянын жетекчиси экендиги жазылат. Негизги багыты — "опурталдуу инфраструктурадагы" маалыматтык коопсуздук. Белгилей кетсек, Конституция боюнча Армения президентинин ыйгарым укуктары аз жана негизги бийлик өкмөт менен парламенттин колунда.

Казакстан

Казакстандын алмашкыс президенти, улуттун лидери макамынын ээси Нурсултан Назарбаевдин үч кызы бар.

© REUTERS / Shamil Zhumatov/File photoКазакстандын президентинин кызы Дарига Назарбаева
Дочь президента Казахстана Дарига Назарбаева - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президентинин кызы Дарига Назарбаева

Тун кызы — Дарига Назарбаева. 55 жашта, маркум олигарх жана саясатчы Рахат Алиевдин жубайы болгон. Экөө да үч баланы тарбиялаган. Кийинчерээк Алиев оппозицияга өтүп кеткен. Дарига Назарбаева ЖМКны жетектеп, ишкерлик менен алектенип, "Нурбанктын" акционери, "Асар" партиясынын жетекчиси болгон. Казакстан Республикасынын парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты болуп шайланган, вице-премьерликке да дайындалган, ушул тапта межлистин жогорку палатасынын депутаты.

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКазак президентинин кызы Динара Кулибаева жолдошу жана уулу менен
Внеочередные президентские выборы в Республике Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Казак президентинин кызы Динара Кулибаева жолдошу жана уулу менен

Экинчи кызы — 51 жашар Динара Кулибаева. Казакстандык ишкер жана саясатчы Тимур Кулибаевдин жубайы. Эки уул, эки кызы бар. Forbes журналынын маалыматы боюнча, анын байлыгы 3,2 миллиард долларга бааланат, жолдошунуку да ушундай эле өлчөмдө.

Кулибаева бизнестен тышкары кайрымдуулук, билим берүү долбоорлору менен алектенет, ошондой эле Казакстандын Илимдер академиясынын академиги.

© AFP / JAVIER SORIANOКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызы Алия менен
Президент Казахстана Нурсултан Назарбаев с дочерью Алией Назарбаевой - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызы Алия менен

Кенже кызы, 38 жаштагы Алия үч ирет турмуш курган. Биринчи жолдошу — Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар. Экинчи ирет футболист, бизнесмен Данияр Хасеновго турмушка чыгып, эки кыздуу болгон. Үчүнчү жолдошу — бизнесмен жана саясатчы Димаш Досанов, экөөнүн бир уул, бир кызы бар. Алия бизнес, ошондой эле экологиялык долбоорлор менен алектенет. Анын курулуш бизнеси бар, суу куюштуруу, телекоммуникация боюнча ишканаларын жетектейт.

Украина

© Sputnik / Александр Максименко / Медиабанкка өтүүУкраинанын президенти Петр Порошенко үй-бүлөсү менен
Президент Украины Петр Порошенко - Sputnik Кыргызстан
Украинанын президенти Петр Порошенко үй-бүлөсү менен

Петр Порошенконун төрт баласы бар, тун уулу 33 жашар Алексей 2009-жылы атасынын "Рошен" ишканасында иштечү. Калган үч баласы 2000-жылдары төрөлгөн. Алексей кийин мамлекеттик кызматта эмгектенген. Соңку бир нече жылдан бери ал Украина парламенти — Жогорку Раданын депутаты.

Эстония

© Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүЭстониянын президенти Керсти Кальюлайд
Президент Эстонии Керсти Кальюлайд - Sputnik Кыргызстан
Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд

Керсти Кальюлайддын эки никесинен төрт баласы бар. Кенжелери дагы кичине, ал эми эки улуу баласы тууралуу да маалымат сейрек. Бир нече жыл мурун анын улуу кызы Силья Мярдля (Тальвик) окутуучу болуп иштери, ал эми уулу Сийм Тальвик Sorry As A Service стартапты илгерилетүү менен алектенери туурасында маалымат чыккан. Сиймдин ишканасы ар кыл компанияларга өз кардарларынан кечирим суроого көмөктөшөт.

Белоруссия, Грузия, Кыргызстан, Латвия, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан президенттеринин уул-кыздары же бизнес менен таптакыр алектенишпейт же алар тууралуу ачык булактарда маалымат чыкпайт. Айрымдарынын балдары али кичине экендигин да белгилей кетели. Ал эми Литва президентинин баласы жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0