Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDГалстук тагынган адам. Архив
Галстук тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бири элчи, экинчиси депутат, үчүнчүсү айыл өкмөт башчысы... Булар бир кездеги аткаминерлер жана азыр бийлик бутагында отурган саясатчылардын уул-кыздары.

Албетте алар жөнүндө укканда айрымдарда "атасынын арты менен жүрөт да" деген ой пайда болушу мүмкүн. Бирок биз тизмектеген адамдардын кимиси өз эмгеги менен кызматка жеткенин же кимиси атасын "трамплин" кылганын так айта албайбыз.

Исхак Масалиев

© Sputnik / Табылды КадырбековИсхак Масалиев, "Өнүгүү—Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию - Sputnik Кыргызстан
Исхак Масалиев, "Өнүгүү—Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты

Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси, айтылуу Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев атасы негиздеген партияны жетектеп калган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты.

Айсулуу Мамашова

© Sputnik / Табылды КадырбековАйсулуу Мамашова, "Ата Мекен" фракциясынан ЖК депутаты
Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мамашова, "Ата Мекен" фракциясынан ЖК депутаты

Жоюлуп кеткен Туризм агенттигинин экс-директору Турусбек Мамашовдун кызы Айсулуу Мамашова жаштыгына карабай эл оозуна эң көп алынган депутаттардын бири. 2015-жылы парламенттин VI чакырылышына "Ата Мекен" фракциясы менен депутат болуп келген.

Элвира Сурабалдиева

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлвира Сурабалдиева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Элвира Сурабалдиева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты

Ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты, 2005-жылы киши колдуу болуп көз жумган Жыргалбек Сурабалдивдин кызы Элвира Сурабалдиева 26 жашында атасынан калган "Кудайберген" базарын башкара баштаган. Учурда Элвира айым парламенттин депутаты.

Аскарали жана Бакыт Төрөбаевдер

© Sputnik / Табылды КадырбековБакыт Төрөбаев, "Өнүгүү—Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү—Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, "Ошэлектр" ишканасынын мурунку башкы директору Эргеш Төрөбаевдин уулдары Аскарали менен Бакытты дагы мамлекеттик жогорку кызматтардан көрүүгө болот. Аскарали Төрөбаев Финансы полициясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Мындан ташкары, Мамкатоо кызматына 2010-жылдардан кийин жетекчи болууну көздөп, бирок депутаттардын добушун ала албай калган. Иниси Бакыт Төрөбаевдин кызматтык бактысы көбүрөөк экен. 2009-10 жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри болуп, Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болуп шайланган.

Руслан Бекназаров

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун улуу баласы Руслан Бекназаровдун аты коомчулукка таанымал. Ал учурда Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүн жетектейт. Буга чейин КР Акыйкатчы аппаратында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында иштеген. Ошондой эле Тышкы иштер министринин жардамчысы, Япониядагы кыргыз элчилигинде атташе кызматтарын аркалаган. Жогорку Кеңештин депутаттыгына БЭК жана "Республика — Ата-Журт " партияларынын катарында талапкер болгон.

Марлен Маматалиев

© Фото / пресс-служба ЖКМарлен Маматалиев, "Республика — Ата-Журт" фракциясынан ЖК депутаты
Депутат Жогорку Кенеша Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан
Марлен Маматалиев, "Республика — Ата-Журт" фракциясынан ЖК депутаты

"Республика – Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке ушул жылдын март айында депутат болуп келген Марлен Маматалиев мурдагы вице-премьер Абдрахман Маматалиевдин уулу. Депутаттыка чейин ал бир катар министрлердин кеңешчиси жана жардамчысы болуп иштеп, бир нече жеке ишкананы башкарган.

Жумабек Салымбеков

© Фото / Азамат РажаповЖумабек Салымбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
Генеральный директор рынка Дордой Жумабек Салымбеков - Sputnik Кыргызстан
Жумабек Салымбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек — КСПД фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Ошондой эле ал "Дордой Базарынын" генералдык директору.

Атабек Абжалиев

© Фото / Studio EKАтабек Абжалиев, КР өкмөтүнүн эл аралык мамилелер бөлүмүнүн кызматкери
Эксперт в отделе международного сотрудничества аппарата правительства КР Атабек Абжалиев  - Sputnik Кыргызстан
Атабек Абжалиев, КР өкмөтүнүн эл аралык мамилелер бөлүмүнүн кызматкери

Парламент депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек мурда Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген. Ушул тапта өкмөттүн эл аралык мамилелер бөлүмүндө иштейт. Баса, Атабек Абжалиев өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүлгө үйлөнгөн.

Кубат Жантөрө уулу

Учурда коррупция беренеси боюнча шектелүүчү катары абакта жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин уулу Кубат Жантөрө уулу өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат секторунун адиси.

Бакытбек Сыдыков

Бир кездеги кадырлуу саясатчылардын катарын Үсөн Сыдыков дагы толуктаган. Ал Бакиевдин президенттик аппаратын жетектеген. Азыр уулу Бакытбек Сыдыков Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты. Буга чейин "Манас" аба майданын башкарган.

Данияр Мукашев

© Фото / пресс-служба МИД КРДанияр Мукашев, КРдин Швейцариядагы элчиси жана БУУ менен Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү
Посол Кыргызстана в Швейцарии, постоянный представитель при ООН и других международных организациях в Женеве Данияр Мукашев - Sputnik Кыргызстан
Данияр Мукашев, КРдин Швейцариядагы элчиси жана БУУ менен Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү

Айтылуу банкир жана экс-депутат Муратбек Мукашевдин уулу Данияр Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси жана БУУ менен Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп эмгектенип келе жатат.

Элгиза Раева

Мурдагы маданият министри, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раевдин улуу кызы Элгиза Раева өкмөт аппаратынын адиси.

Аман Кармышев

Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Катын албай, кайын ал! Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын күйөө балдары
Өкмөттүн эл аралык кызматтыштык бөлүмүнүн протокол секторунун референти Аман Кармышевдин атасы президент менен өкмөттүн иш башармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев.

Канат Керимкулов

Өкмөт аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн мониторинг секторунун башчысы Канат Керимкулов ЖКнын мурдагы депутаты, Дене тарбия жана спорт агенттигинин экс-директору Айдарбек Керимкуловдун баласы.

Бакыт Каниметов

Мурдагы депутат, Билим бирүү министринин экс-орун басары Жангороз Каниметовдун уулу Бакыт өкмөт аппаратынын Өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн адиси.

Расул Төлөнов

Экс-парламентарий Арапбай Төлөновдун уулу Расул министрлер кабинетинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн протокол секторун жетектейт.

Улукбек жана Бакытбек Мариповдор

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлукбек Марипов, КР Эсеп палатасынын төрагасы
Улукбек Марипов, КР Эсеп палатасынын төрагасы - Sputnik Кыргызстан
1/2
Улукбек Марипов, КР Эсеп палатасынын төрагасы
© Фото / Зульфия ТургуноваБакытбек Марипов, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы
Бакытбек Марипов, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бакытбек Марипов, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы
1/2
Улукбек Марипов, КР Эсеп палатасынын төрагасы
2/2
Бакытбек Марипов, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы

Парламенттин эки жолку депутаты, азыр Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповдун эки уулу мамлекеттик кызматта. Биринчиси — Улукбек Марипов Эсеп палатасынын төрагасы. Алмазбек Атамбаев президент кезде ага жардамчы болгон. Кичүүсү — Бакытбек Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өтмөтүн башкарат.

Элеонора Исакова

Депутат ЖК Махабат Мавлянова - Sputnik Кыргызстан
Саясаттагы айымдардын күйөөлөрү кайда иштейт? Парапсихологдон банкирге чейин
Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Элеонора Исакова мурдагы коргоо министри, парламент депутаты Исмаил Исаковдун кызы.

Медер Өтөбаев

Атасы белгилүү композитор, КР Эл артисти жана бир кездеги президенттик аппараттын кызматкери Шамшыбек Өтөбаев. Уулу Медер учурда өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

Жаңылыктар түрмөгү
0